6-май күнү Кадамжай районунун Бирлик айыл округунун тургундары облус жетекчиси менен жолугушту. Баткен облусунун ичиндеги Өзбекстандын Сох анклавы менен Баткен жана Кадамжай районунун 15 айылы чектеш турат. Азыркы учурда аталган чек ара аймактарында элдик кошуун түзүлүп, элдин тынчтыгын камсыз кылууда жакындан жардам берүүдө.
«Биз буга чейин ар кандай маселелер менен келип даттанып да жүрдүк. Азыр эми даттанып эмес, тескерисинче, рахматыбызды айтып коёлу деп келдик. Айылдардын чек ара тилкесин бекемдөө иштери акырындап болсо да жүрүүдө, фельдшердик-акушердик пункт курулуп жатат, чек арачылар пункту салынууда. Облустук жетекчилерге рахмат» деп билдиришти митингдин катышуучулары.