Мектептер менен ЖОЖдордун программасына куран, хадис сабактарын киргизүү сунушу менен Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын жашоочулары Жогорку Кеңешке кат жөнөтүштү.
Каттын мазмуну төмөнкүдөй: «Кыргыз эли батыштын баткагына батып калбашы үчүн балдарыбызга жашынан куран жана хадис сабактарын үйрөтүшүбүз керек. Азыркы мектептерде өтүлүп жаткан адеп сабагынын тарбиялык мааниси жок. Ошондуктан мектепке жана жогорку окуу жайларына куран менен хадис сабактарын киргизүүнү жалпы аталган айылдын эли суранат».