Нарын шаары боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 7 ардагери жашайт. 9-Май – Жеңиш күнүнө карата согуштун ардагерлерине социалдык жардамдар көрсөтүлүүдө. Мэрия тараптан Нарында жашаган ардагерлерге Балтакун атанын үйүнүн короосуна суу түтүктөрү орнотулуп, таза суу чыгарып берүү иштери жүрүүдө. Облус жетекчилиги Нарын районундагы согуштун дагы бир ардагерине 2 бөлмөлүү батир бөлүп берип, учурда аны оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө. Майрам күнү согуштун башка ардагерлерине дагы жардамдар, баалуу сыйлыктар берилет. Нарын облусу боюнча бүгүнкү күндө согуштун 82 ардагери бар. Былтыр алардын саны 103 болчу.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg