Биз сөз кыла турган каарман «People» журналынын тандоосу боюнча 2004-жылы «Суктандырган супер бойдок» наамына татып, Голливуддун секс-символу аталган. Ал учурдун эң эле көп суроо-талапка ээ актёру, сүйүктүү жолдош, мээримдүү ата – Орландо Блум.
Толук аты-жөнү – Орландо Жонатан Бланчард Блум
Туулган күнү, жылы – 13-январь, 1977-жыл
Туулган жери – Кент графтыгынын Кентербери шаары, Улуу Британия
Бою – 179 сантиметр
Салмагы – 71 килограмм
Тартылган тасмалары – «Шакектер шаасы», «Кариб деңизинин каракчылары», «Троя», «Элизабеттаун», «Шаарлар», «Нью-Йорк, мен сени сүйөм!» жана башкалар
КИТЕПТИ КӨРГӨНДӨ КЫЖЫРЫ КАЙНАЧУ
Журналист менен мугалимдин уулу, болочок киножылдыз Орландо кичинекей кезинен дислексия (сөздөгү тамгаларды чаташтырып окуу) илдети менен жабыркагандыктан, китеп окуй албай, окуучуларга көп күлкү болчу. Бул тууралуу актёр «китепти көргөндө кадимкидей коркуп, кыжырым кайнай берчү» деп эскергени бар.
Бир жолку майрамдык кечеге арналып коюлган спектаклде роль жаратып, театр чөйрөсүнө кызыгуусу артат. Баласынын каалоосун ишке ашыруу үчүн апасы Лондондогу Улуттук жаштар театрында сабак алууга шарт түзүп берет. Убакыт өтүп, театрдын жетекчилиги Блумдун табияттан берилген актёрлук талантын баалап, Британ-америкалык драмалык искусство академиясында билим алууга грант бөлүп беришет.
Орландонун атасы ал төрт жашка чыкканда каза болуп калат. Андан бир топ жыл өткөн соң апасынын жашоосунда Колин Стоун аттуу мырза пайда болуп, үй-бүлөгө каралаша баштайт. Баарынан таң калычтуусу, кийинчерээк дал ошол Колин Стоун Орландонун чыныгы атасы болуп чыкканында.
БУМ ЖАРАТКАН БЛУМ
Блум тасма талаасындагы алгачкы ролун «Кырсык» сериалында жараткан. Ал эми 2002-жылы режиссёр Питер Жексондун «Шакектер шаасы» үчилтигинде Леголастын ролун ойноо үчүн кастингге катышып, өтүп кетет. Ошентип, актёр Кентербериден бир жарым жылга Жаңы Зеландияга көчүп келет. Анткени дал ушул аймактын чытырман токойлорунда аталган тасманы тартуу иштери жүргөн.
Фильм сатыкка чыккандан тартып Блум чыныгы жылдызга айланат. Мындан улам батыш журналисттери актёрду Блум-бум деп атап алышкан. Эльф Леголастын ролу үчүн «Империя» сыйлыгынын «Кино тармагындагы эң мыкты дебют» наамына ээ болгон. Талыкпаган эмгеги жемишин берип, атактуу режиссёрлордон дагы да сунуштар жаап баштаган. Андан соң «Кариб деңизинин каракчылары» фильминде Уилл Тёрнердин, «Троя» тарыхый драмасында Паристин образдарын келиштире ойноп, кинематографиянын сырларын акырындан ача баштаган.
«БАЛАМ МЕНИН СЕКСУАЛДУУЛУГУМДУ АРТТЫРДЫ»
Голливуддун секс-символу Орландо башка жылдыздардан айырмаланып жеке жашоосун сандыкка катпайт. «Келбеттүү мырзалар сүйүүгө туруксуз келишет» деп коюшат эмеспи. Тасма талаасындагы айым-өнөктөштөрү болгон Пенелопа Круз, Ума Турман, Кира Найтли, Кейт Босуорт менен сүйүшүп-күйүшүп жүргөнүн маалымат айдыңына учурунда өзү кабарлап турган. Анан да «кино тармагына келүүмдүн башкы себеби аялдар болгон» деп айтканы да бар. Бирок чыныгы сүйүү актёрго 2007-жылы келген. Австралиялык модель Миранда Керр менен бир кечеде кезигип, алгач дос, анан түгөйлөргө айланышкан. «Миранда акыркы сүйүүм. Аны эч убакта таштабайм» деп элге жар салып келет. Ошентип, 2010-жылы экөө баш кошуп, жыл айланбай Флинн аттуу уулдуу болушат. Буга чейинки түгөйлөрү менен расмий никеге турбаганына караганда, муну чыныгы махабат десек болчудай, бирок «аялдар үчүн киного аралаштым» деп жатса, күмөн жаралбай койбойт...
«Кээ бирлер мени «балалуу болгондон кийин Орландо жүдөп калды» деп айтышат экен. Жок, тескерисинче, Флинн менин сексуалдуулугумду дагы да арттырууда»,- дейт Блум. Учурда актёр «Кариб деңизинин каракчылары» тасмасынын 5-бөлүгүнө тартылууга кызуу даярданууда.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Асел Асанова
star@super.kg