ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАРАНЫ КӨРҮП ЖҮРӨК ООРУЙТ,БАЛАГА ЖАРДАМ БЕРЕЛИ!

Бирине оору берип, дагы башкасын кырсык менен, айтор, Жараткан пендесин ар түрдүү жол менен сынайт тура. Бүгүнкү биздин каарманыбыздын оор тагдырын карап турган адамдын боору ооруйт. Анын оюнга, күлкүгө тойбой турган балалыгы оору менен алпурушуп өтүп жатканына зээниң кейийт.

«БАЛАНЫ МАШИНА СҮЗҮП, АЙДООЧУ КАЧЫП КЕТКЕН»
Көзүнөн жаш куюлуп, бетине тактар пайда боло баштаган 7 жаштагы Бахтияр Тынчтыкбек уулуна дарыгерлер «пигменттик ксеродерма» деген диагноз коюшкан (пигменттик ксеродерма – тукум кууй турган, чанда кезикчү тери оорусу. Адам 2-3 жашка чыкканда денеде кара так пайда болот жана дайыма өрчүй берет). Биздин өлкөдө бул оору менен жалгыз Бахтияр ооруйт. Баланын тагдыры менен жакындан таанышуу үчүн барып, апасы ЗИНА ТИЛЕКМАТОВАдан төмөнкүлөрдү билдик:
– Үй-бүлөбүз менен Токтогул шаарында жашайбыз. Өзүм мугалиммин. Жолдошум куруучу болуп иштейт. Бахтиярдан башка да 2 балабыз бар. Кудайга шүгүр, алардын дени сак. Бахтияр 2005-жылы 18-ноябрда төрөлгөн. Төрөлгөндө балам татынакай, таза болчу. Денесинин бир да жеринде эч кандай так жок эле. 5 жашынан денесинде пигментациянын алгачкы белгилери пайда боло баштады. Ошол замат эле биз баланы ооруканага алып келип көрсөттүк. Дарыгерлер «бул пигментация, айыгат» деп коюшкан. Кийинки жылы Бахтиярды машина сүзүп кетти. Машина уулумду сол көзү тарапка сүзгөн экен, учуп барып цементке башы менен тийиптир. Кырсыктын күнөөкөрү болгон айдоочу окуя болгон жерден качып кетиптир. Ошондо балам Токтогулда ооруканада 4 күн жатып, кайра башы шиший баштаганынан Бишкекке алып келдик. Ооруканада жатып, дарыландык. Ошондо биз тери ооруканасына да кайрылсак, Мирали Балтабаев аттуу профессор бизге «балаңардын оорусу күчөп кетиши мүмкүн» деген. Баланы машина сүзгөндө көзүнүн алдындагы бет териси айрылып кеткен эле. Ошол жери бүтөлгөндө, 2013-жылдын январь айында бетине дөмпөйгөн бир нерсе чыкты. Андан кийин эле бетинде жаралар көбөйүп кетти. Негедир көзүнөн жаш тынбай куюла берет, көбүнчө көлөкө жерден жарыкка чыкканда көзүн ача албай, жаш агат. «Эмнеге жаш куюла берет?» деп дарыгерлерден сурасам, алар «бетиндеги шишиктер терини жыйрылтып, тартып жатат. Ошондо көздүн ылдый жагы ачык калып, жаш агат. Эгер терини дарылатып операция жасатсаңар, көзгө да кошо операция жасай кетишет» деп билдиришкен.
Бахтиярды сүзүп кеткен айдоочу 1 жарым жыл качып жүрүп кармалып, сот иши дале аягына чыга элек. Айдоочу бизге «балага керектүү дары-дармегине жардам берем» деп жатат. Баланын бетиндеги жаралар жугуштуу эмес экен. Балдарга кошулуп ойной берет. 2012-жылы 1-класска жибергенбиз. Кийинки жылдын январь айына чейин окуду, анан бети шиший бергенинен аба ырайы суук болгондугуна байланыштуу мектепке жибербей койдум.

«БАХТИЯРДЫ ЧЕТ ӨЛКӨДӨН ГАНА ДАРЫЛООГО БОЛОТ»
– Баланын бетине жаралар чыгып баштаганда биз тери ооруларын дарылоочу ооруканага кайрылганбыз. Алар «бул онкологиялык оору» деп, онкология бөлүмүнө жиберишти. Онкологдорго барсак, алар «мындай ооруну биринчи жолу көрүп жатабыз. Бул Кыргызстанда биринчи жолу катталып жатат, чанда кездешчү оору. Муну айыктырса болот, бирок бизде эмес, чет өлкөдө гана дарылай алат» дешти. Угушубузча, мындай ооруну Италия менен Германияда гана айыктыра алышат экен. Жакында бардык врачтар топтолуп сүйлөшүп, Бахтиярды чет өлкөгө жибермекчи болуп жатышат. Буга чейин интернет аркылуу Москвадагы бир оорукана менен сүйлөшкөнбүз. Алар «биз мындай ооруларды дарылап жүрөбүз. Бирок силердикиндей жарасы жок, жөн эле кара тактарды айыктыра алабыз. Келгиле, дарылап көрөлү, эгер дарылаганда бетиндеги шишиктер менен кара тактар кетип баштаса, анда операция жасоонун кереги жок. Эгер биздин колубуздан келбей калса, Германиядан врач чакыртып операция жасатып, терини алмаштырып беребиз» дешти.
Көп жерлерге кайрылгам. Ага 50 миң доллардай акча керек экен, учурда көп жактарга жардам сурап кайрылып жатабыз. Арасында «балага жардам көрсөтөбүз» деген боорукер мекендештерибиз чыгып жатат. Сыналгы, гезиттерден көрүп, үйгө чейин издеп келип жардам берип, жакшы сөздөрүн айткандар да бар. Аларга чоң ыраазычылыгымды айткым келет. «Көп түкүрсө көл болот» дейт. Баланын дарысына акча чогулуп калат деген үмүтүбүз бар.

«МЕКТЕПТИ САГЫНДЫМ»
Андан соң жанатан бери апасынын этегин кармап отурган БАХТИЯРдын өзү менен сүйлөштүк:

– Бетиңдеги шишиген жерлер оорутабы?
– Ооба. Бирок башым аябай оорутат. Көзүм оорутпайт деле. Өзүмө билинбей жаш ага берет.

– Мектептеги классташ балдарыңды сагындыңбы?
– Сагындым. Классташ балдарым мени бөлбөйт. Урушпайбыз, баарыбыз доспуз. Бирок кээде эле мени менен урушуп кетишет, кайра достошуп алабыз. Азыр мектепке барып, алар менен чогуу окуп, ойногум келет. Буюрса, айыкканда барам мектепке.

– Азыр үйдөн эмне менен алексиң? Кантип эс аласың?
– Мультфильм көрөм. Анан жатып эс алам. Турсам эле башым ооруп баштайт.

– Чоңойгондо ким болгуң келет?
– Чоңойсом Тайсон болом.

– Тилегиңе жет, Бахтияр!

МЫНА, ОКУРМАН!
Учурда Бахтияр жардамга муктаж. Кеч болуп кала элегинде уулун айыктырып алуу – ата-эненин эң негизги тилеги. Эгерде баланын тагдырына кайдигер карабай, жардам берүүгө даяр мекендештерибиз болсо, апасынын байланыш телефондору: 0778 92-66-12, 0553 11-73-09.

Банктык маалымат: Алуучу: «РСК БАНК» ААКсы; БИК 129001;
Эсептик төлөм:
1299002130020288;
Алуучунун банкы:
«РСК БАНК» ААКсы;
Төлөмдүн багыты: эсептик карта №297439;
Аты-жөнү – Тилекматова Зина Каралиевна

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
Azaika.t.b
2013-05-21 22:29:01
АЛЛАХЫМ жардам бере кор
0
fiura
2013-05-21 23:39:30
аллах шыва берсин
0
patriyotka_kg
2013-05-22 11:36:38
Кудайым озу колдоп баланыз айыгып кетсин. Алла шыпаасын берсин!
0
simpotichnaya-tina
2013-05-22 14:34:40
Еххх аллахым шыпааасын берсин!!!
0
nazi.kg
2013-05-22 17:27:49
шыпаа берсин кудайым
0
ruslanwww
2013-05-22 18:55:12
келечегин али алдыда кудайым шыпасын берип айыгып кет эне журогу езилдиго езилди
0
sagynuu
2013-05-24 20:19:59
Мээнетти берген Жараткан дабаасын да кошо берет. Буйруса Бахтияр тилегине жетип, эл уулу болот. Жараткан ден-соолук берсин.
0
TolonturCN
2013-05-25 13:03:54
Адамдын ичи ооругудай эле экен, алла шыпалык берсин. мааниси жок чачылган акчалар ушундай иштерге кайрымдуулук катары каржыланганда Аллахтын сүйүктүү кишиси болот эле.
0
erica_7072
2013-05-26 22:24:48
менин билишимче бул бала кичине кезинен эле бул оору менен ооруп келет .оорусу аябай кучоп кетиптир.токтогулдук туугандар колдон келген жардамды аябайлы.алла таала озу жардам берсин
0
Queen_KD
2013-05-27 03:14:40
Эх Жараткан Аллах озун жардар бере кор!Журогум ооруп кетти окуп буткучо :'(
+1
aleshka
2013-05-31 10:13:12
Биздин олкодо бир ушул бала жалгыз ооруса бул оору менен,биздин чондор эмнени карап отурушат болду экен?жардам беришсе болмок бул балакайга...
0
Beka_89_kg
2013-05-31 14:44:55
Башым ооруйт дегенин журогум эзилип кетти жакшы болуп кет Аллах жардам бере кор
0
tilek.kg
2013-06-01 04:04:35
жакшы болуп кет ойлогон ой максатына жет биздин чиновниктер элдин акчасын жебестен кичинеден чыгарып койсо болмок экен ушул балага коруп аткандыр угуп аткандыр
0
Bodibilding
2014-01-20 01:24:05
Жараткан озу шыпаасын берсин коруп алып ыйлагым келип кетти колубуздан келишинче жардамыбызды аябайлы туугандар.
0
aliya2013
2014-04-16 13:06:47
Allahym wypasyn beersin. omuru uzun bolup deni sak bolsun
0
№ 550, 17-май-23-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан