ЭКИ ДОС 50 ЖЫЛДАН СОҢ ТАБЫШТЫ

Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кайрылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыяланган соң минтип табышып, катышып кеткендер көп.

Гезитибиздин өткөн сандарындагы «Издейм сени» рубрикабызга «памирлик Азис Сейитбеков аттуу теңтушумду издейм» деп Жумакадыр Ордобаев аттуу 82 жаштагы аксакал кат жазган эле. Аксакалдын тилеги ишке ашып, гезитибиз аркылуу 50 жылдан бери жолуга элек теңтушун таап, экөө жолугушуптур. Анан биздин эмгек жамаатка ыраазычылыктарын билдирип коёлу деп экөө ээрчишип редакциябызга келишиптир. Алгач ЖУМАКАДЫР аксакал сөзүн мындайча баштады:

– 1960-жылы Тажик Республикасына караштуу Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусундагы кыргыздар жашаган Мургаб районунун Токтомуш айылындагы Киров атындагы орто мектепте мугалим болуп эмгектенип калдым. Ошол убакта мына бул Азис 10-классты бүтүп, жаңыдан мугалим болуп иштеп келген жигит эле. Жакшы күндөрдү баштан өткөрүп, ынтымактуу достордон болуп калганбыз. Кийин мен ден соолугума байланыштуу Нарынга которулуп кетип, экөөбүз ошол бойдон жолукпай калдык. Бир күнү силердин гезитти окуп отуруп ушул теңтушум эсиме түшүп, таап каламбы деген үмүт менен кат жаздым. Көп өтпөй эле шаардагы уулумдун үйүндө «Супер-Инфо» окуп отурсам, менин катым гезит бетине чыгып калыптыр. Ошол эле күнү кечинде Азис телефон чалды. Биз телефондон сүйлөшүп, эртеси «Ош базарынын» жанынан жолукмакчы болдук. Азис Сокулукка көчүп келип, ошол жакта турат экен. Экөөбүз жолугуп, кучакташып учурашып жатсак, элдин баары «бул эмне болгон абышкалар?» дешти окшойт, таңыркап бизди карашат.
Анан үйгө барып тамак жеп, шашпай ал-жай сурашып отурдук. Андан соң мен Нарындан байбичемди ээрчитип келип, бул досум менен тааныштырдым. Кийин Азистин байбичеси менен таанышып, үйүнө барып конок болдук. Ошол жерден сүйлөшүп отуруп, бизди табыштырган «Супер-Инфо» гезитине рахмат айтып коёлу деп кеңешип, минтип чогуу келип калдык.

Андан соң жанында отурган АЗИС СЕЙИТБЕКОВ аксакал да кепке аралашты:

– Мен Нарын десе кичинекей элестетип, Нарындан киши келсе эле «Жумакадыр Ордобаев деген мугалимди тааныйсыңбы?» деп сурай берер элем. Ошентип жүрүп бири-бирибизди унуткарып калдык. Бир күнү эле кудам телефон чалып «ой, сизди издеген бир киши бар экен, мен «Супер-Инфодон» окуп калдым» деди. Ал кишиден телефон номерин алып, чалып сүйлөштүк. Ал түнү таң атканча кубанганымдан уктабай чыктым. Анан минтип жолуктук. Гезитке кабар чыккан соң бир айга жакын тааныштарым «сени издеп жатыптыр» деп телефон чалып жүрүштү. Ушинтип табышып, көңүлүбүз көтөрүлүп калды. Силерге чоң рахмат! Көптөн бери жолуга элек досуң менен жолугуп, ал-жай сурап, чай ичишкенге не жетсин?!

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 47-43-43

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эки дос "Супер-Инфо" аркылуу табышты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Anjella89
2013-05-20 14:31:51
Сооооонун достор экен
0
tynara81
2013-05-20 14:52:10
Окуп отуруп козумо жаш тегеренди, алардын ордунда мен тургансып:). Ошондо Азис аксакал дагы эле Тажикстандын Мургаб районунда жашайт бекен, ушуга тушунбодум да.
0
Kg.lady
2013-05-20 23:45:19
Ошону так жазбаптырда,тажикстандан келдиби жолугуушуга
0
Titi
2013-05-21 06:44:50
Эх мен да бир адамды издеп журом,азыр Якутиядамын бирок супер инфого элект.кат кантип жиберишти билбей отурган кербезим.
0
admin_media
2013-05-21 10:01:19
Titi,
Саламатсызбы! Жогоруда жазылып турган дарекке жиберип же байланыш телефондоруна чалсаныз болот)))
0
Sezy
2013-05-22 06:36:21
Menin kommentim kaida ?
0
BEKA-KAGAN
2013-05-22 14:11:23
эх кандай соонун менинда бир досум куду ушундай экообуз тен бири бирибизге ушинтип жардам беребиз,!!!!
0
Aisuluusha
2013-05-22 18:11:34
Кандай соонун э,мен дагы омуру корбогон атамды коргум келет,кандай адам,эмне болгон адам отуз жылдан бери менден албаган дейм да,бирок кантип?...
0
Aisuluusha
2013-05-24 16:59:41
кечиресиздер,менден кабар албаган деген элем.
0
uran
2013-06-28 10:28:48
Эки эрдин достугу бир белди ашырат, Эки элдин достугу (Супер-Инфо+Эл журт)мин белди ашырат! Оркундой бер Супер-Инфо!
0
№ 550, 17-май-23-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан