Эрмек Кадыров:«БИЙЛЕГЕНДЕ ЭМЕС,БИР ЖЕРГЕ ЖЕТҮҮДӨ КЫЙНАЛАБЫЗ»

Жакындан бери бий дүйнөсүндө бир чети аянычтуу, бир чети кубанта турган таланттар пайда болду. Алар – «Тумар» бийчилер тобу. Бул жаштар буттары иштебесе да, колу менен ар түрдүү трюктарды жасап көпчүлүктү таң калтырышат.

МҮЧҮЛҮШТӨН МҮҢКҮРӨБӨГӨН БАЛДАРГА ЖАРДАМ
Топтун түптөөчүсү Эрмек Кадыров 2008-2009-жылдары Германияда жүрүп теледен мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын талантын ачуу, өнүктүрүү жөнүндөгү долбоорго көзү түшөт. Ал Кыргызстанга кайтып келгенде «Үмүт-Надежда» реабилитациялык балдар борборунун жетекчиси «20 жылдык мааракебиз болот, жардам бер» деген сунуш киргизет. Чет өлкөдөн келчү коноктор да катышуучу кечеге Эрмек катуу даярдык көрө баштайт. Балдар үйүндөгү жети баланын катышуусунда укмуштуудай бий даярдашат. Бий соңунда отургандар көпкө чейин кол чабышат. Мына ошол жерден, тактап айтканда, элдин жакшы кабыл алуусунан улам Эрмекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын талантын элге таанытуу туурасында ой жаралат. Эрмекти да майып деп ойлоп калбаңыз, анын алты саны аман.
Балдарга бий үйрөтүүдө чоң деле кыйынчылык жаралган эмес. Анткени дилгир балдар өздөрү эле илип кетишкен. Башында 7 баладан түзүлгөн топ учурда үч бийчиден турат. Үчөөнүн тең ата-энеси бар. Каникул сайын айылдарына кетишет.

– Эрмек, өзүң жөнүндө кенен айтып кетсең...
– Бийлөөнү абдан кеч, тактап айтканда, 19 жашыман баштадым. Бир жолу досторум менен отуруп, кассетадан бийлегендерди көрүп кызыгып калдык. Мен ага чейин жадакалса дискотекага барчу эмесмин. Ошентип, алгач достор менен музыкасы жок эле көчөдө бийлеп жүрдүк. Андан кийин Атай Өмүрзаковдун байкеси Бакыт менен чогуу 8 жигит «Центрум» бий тобун түздүк. Ал кезде Атай кичинекей бала болчу. Ошентип, Каракол шаарында биздин топ атактуу болду. Акырындап борборго чакыруулар башталды. Азыркы ырчылардын көбүнүн артында бийлеп, тойлорго да барчубуз. Ошондо эле «Үмүт-Надежда» сыяктуу балдар үйлөрүнө көп каттачубуз.

– Алган билимиң боюнча кайсы кесиптин ээсисиң?
– Бий – мен үчүн хобби. Кесибим боюнча физикмин. Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Мамлекеттик университеттин физика-техника факультетин аяктагам. Борбордогу №2-мектепте физикадан 2 жыл сабак бердим.

– Топтун аты эмне үчүн «Тумар»?
– Алгач жарым жылдай аты жок эле бийлеп жүрдүк. Бийлейм, ырдайм деген таланттуу, бирок мүмкүнчүлүгү чектелген жаш таланттарыбыз абдан көп. Мына ошол балдарга тумар бололу деп топтун атын «Тумар» койгонбуз. Башында топто 7 бала, арасында психикалык жактан жабыр тарткандар да бар болчу. Алар концертке чыгарда «мен бийлебейм» деп бурулуп кетип калышы мүмкүн. Аларга «коё тур, бийлеш керек, сен кетип калсаң номер болбой калат» деп түшүндүрө албайсың. Ошентип отуруп азыр топто үчөө калды: Эрдик, Талгат, Адина. Азыр курам эл алдына чыгып бийлеп жатпайбы, мурун көчөгө чыгып коляска менен жүрүүдөн уялышчу.

– Үчөө тең коляска менен жүрүшөт, чакырылган жерге кантип барасыңар, атайын машинаңар барбы?
– Машинабыз жок. Чынында, биз бийлегенде эмес, бир жерге жетүүдө кыйналабыз. Балдарды барчу жерге жеткириш, аларды машинага көтөрүп отургузуп, кайра түшүрүш, баары менин моюнумда. Минивэн такси заказ кылабыз. Аларды көтөрүп машинага отургузам да, коляскаларын бүктөп коём. Кээде көп кабаттуу үйлөргө чыкканда эч ким жокто мен колясканы көтөрөм, алар колдору менен өздөрү чыгып кетишет. Эгер эл болсо, коляскасы менен көтөрөм, анткени уялышат. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн биздин өлкөдө көчөдө жүрүү өтө оор. Чет өлкөдө алар үчүн атайын жол, унаалар бар. Коляска менен эле коомдук унааларга өздөрү түшө алышат. Анткени унаалардын тепкичи өтө жапыз. Курамды мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кандай жашаарын көрсүн деп Австриянын борбору Венага фестивалга алып барып келгем. Башка адамдардай эле жашоого умтулуп, басынуу деген жок экенин өз көздөрү менен көрүп келишти. Биздин өлкөдө мындай адамдар көп, бирок алар сыртка чыккандан уялышат. Билесизби, кошунамдын майып баласы бар экенин жакында эле билдим. Анткени ал сыртка чыкпайт.

– Үй-бүлөлүүсүңбү?
– Үйлөнгөнүмө жарым жылдан ашты. Келинчегимдин аты – Салтанат. Ата болорума аз калды, буюрса.

– Алдыга койгон максатың?
– Чоң атам Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры. Аты Каракол шаарындагы бир көчөгө ыйгарылган. Мен да ошол атамдай элге таанылсам деген максат менен жашайм.
25-майда Германиянын борбору Берлин шаарында өтө турган дүйнөлүк «Суперталант» сынагына аттансакпы деп турабыз. Алгачкы тандоо турунан өткөнбүз. Видеобузду салып жиберсек, «өттүңөр» деген чакыруу кагазы келген. Тилекке каршы, акча жагы тартыш болуп, демөөрчү издеп жаткан учурубуз. Акчалуу ага-эжелерибизге биздин таланттарыбызды колдосо деген чакырык таштагым келет.

ЧАЧТАРАЧ БОЛГУСУ КЕЛГЕН АДИНА
Cамыйбек кызы Адина 15 жашта. Эки буту төрөлгөндөн эле өспөй калган. Балдар үйүндө 8 жашынан бери тарбияланат. Табиятынан эле чыгармачыл адам. Сүрөттү жакшы тартат. Андан сырткары модельер, стилист болгусу келет. Чачтарачтык кесипке да абдан кызыккандыктан, жакында эле чач кыркуучу аппарат сатып алган. Учурда өзү жашаган борбордогу балдардын чачын кыркып берүүгө далалаттанып жатат. 2012-жылы Лондондо өткөн Паралимпиадага Gym (оордукту түртүү жана көтөрүү) боюнча бармак, бирок жашы жетпей калган. Колдору абдан күчтүү.

ТАЛГАТ ЖЫЛЫНА БИР ЖОЛУ ОПЕРАЦИЯНЫ БАШЫНАН ӨТКӨРӨТ
Талгат Карабек уулу 18 жашта. Тубаса майып болуп төрөлгөн. Ал жыл сайын бутуна операция жасатат. Эки буту тең бүгүлчү эмес, учурда бир буту бир аз кыймылга келип калды. Талгат Эрмек менен 2010-жылы ооруканада жатканда таанышып, балдар борборуна кабыл алынган. Майыптыгынан уялган Талгатта мектепке баруу шарты да болгон эмес. Мына ушундан улам Эрмектин «биздин өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо шарты каралган эмес, алар көчөдө ээн-эркин жүрө алышпайт, өздөрүн кем сезишет» деп кейигенинин жөнү бар.

ЭРДИК БИЙ БОЮНЧА УСТАТ БОЛУУНУ ЭҢСЕЙТ
Эрдик Таалайбек уулу 16 жашта. 2-классынан бери «Үмүт-Надежда» балдар үйүндө тарбияланат. Кичинекейинде жол кырсыгына кабылган. Буттары кыймылдабагандыктан, колдору менен иштөөгө туура келет. Дайыма колу менен көнүгүүлөрдү жасап машыгат. Топ жумасына 4-5 жолу 1 сааттан машыкса, Эрдик андан кийин да өз алдынча машыгууну адатка айланткан. Эрдиктин кичи мекени – Бостери айылы. Мына ошол жерде бий үйрөнүүнү каалагандар үчүн атайын зал ачууну максат кылып келет. Сабак видео вариантында болот деп кыялданат. Бийден сырткары техникага абдан кызыгат.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
jaina
2013-05-20 11:41:34
Тагдырына мүңкүрөп калбай аракет кылган "Тумар" тобуна баракелде!
0
asil-08
2013-05-20 14:11:30
ийгилик силерге акчам болгондо силерге спонсор болуп колдомокмун акчасы барлардан суранаар элем ушул балдарга спонсорлук кылып койгулачы
0
sgk_85
2013-05-21 11:55:48
Буту, колу аман-соо адамдарга караганда чон ийгилик жаратып жатасынар, силерге ден соолук, талантынар оркундоп, алдыга койгон максаттарынардын баардыгы орундалышына тилектешмин, бар болгула.
0
Aizat.kg
2013-05-21 13:30:26
Жашоо бар,жашаш керек.Кудайым бир жактан чектесе башка жактан эки эселеп берет.Ар дайым аман болгула!
0
mahabat.
2013-05-23 18:28:55
алтындарым,,,тилеген максатынарга жеткиле.Кудайым жардамчы болсун
0
almasha
2013-05-24 02:08:57
Kydaum den'soolyk berip iirybai jyrgylo...koop- koop uigilik jaratkandan ech kaitpagila..
0
tynara81
2013-05-25 10:57:10
Эрмек азамат, мумкунчулугу чектелгендерге колдоо корсотконуно. Эрдик, Адина, Талгат онорунор оркундой берсин, оорубагыла, кудай колдосун силерди.
0
№ 550, 17-май-23-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан