СИЗГЕ ДЫЙКАНБЫ ЖЕ МАЧОБУ?

Күйөөсүнүн көзүнө чөп салган аялдар, ала жипти аттаган эркектер акыркы мезгилде аябай көбөйүп кеткенинен баарыбыз эле кабардар болсок керек. Бул көрүнүш тээ мурдатан эле болуп келгенин эч ким тана албайт, бирок бүгүнкүдөй деңгээлде эмес чыгар. Деген менен мырзалар айымдардан ашпаса, алардан калбасы айдан ачык. Учурда ар бир үчүнчү аялдын күйөөсү ала жипти аттайт экен. Андыктан, кыздар, туруктуу үй-бүлөгө, күйөөгө ээ болом десеңиз, анда түгөйүңүздү туура тандаңыз.
Сексологдор эркектерди жалпы жонунан эки топко бөлүшөт: чарбачыл жана кыз жандуу деп. Алар бөлүп гана тим болбостон, ар бирине мүнөздөмө берүүгө жетишишкен.

ЧАРБАЧЫЛ КҮЙӨӨ
Мындай мырзаларды дос, таянар жөлөгүм, коргонор калканчым деп эсептесеңер болот. Чарбачыл эркектердин башкаларга салыштырмалуу сексуалдык даремети төмөн келет.
Бул топко киргендерди жаштайынан эле байкоого болот. Анткени чарбачыл мырзалар жыныстык жактан кеч жетилишет. Албетте, окуучулук күндөрүндө кыз жандашат деңизчи. Бирок төшөккө сүйрөгөнгө «духу» жетпейт. Жөн гана сүйүктүүсүнүн сумкасын көтөргөнүнө курсант болуп жүрө беришет.
Албетте, чоңойгондо жашоолорунан төшөк орун алып, 30га чыкканча бул жаатта жакшы өнөрлөрдү тартуулай алышат. Отуздан кийин мындай эркектердин организминде тестостерон гормонунун саны азайганына байланыштуу төшөктө чабал болуп, бат бүтүргөнгө ашыгып калышат.

Сырткы келбети: Бул типтеги мырзалардын бою узун, буту узун, ичке далылуу болушат. Дагы бир өзгөчөлүгү – түктүү болушпайт.

Артыкчылыктары: Ал үй-бүлөсү үчүн баарын жасайт. Анын балдары дайыма ток, кийимдери бүтүн, кыскасы, ток пейил болот. Чарбачыл күйөө «футбол көрөт элем» дебейт. Өзүнүн дем алыш күндөрүн короосунда өткөрөт: бак тигет, сугарат...

Кемчиликтери: Эгер сиз театрды, көргөзмөлөрдү, саякатты сүйсөңүз, анда мындай эркек сиз үчүн эмес. Аны күнүмдүк тиричиликтен башка темалар кызыктырбайт, ал үчүн театр, кино жана башкалар – убакыттын текке кетиши. Ал тургай супермаркеттерди кыдырып жүрүп алган кооз эротикалык ич кийимдериңиз да аны кызыктырбайт.

Кимдерге ылайыктуу? Албетте, мындай эркектерге темпераменти төмөн, чарбачыл айымдар туура келет. Эгер төшөктө бири-бирине тең тайлаша алышса, мындай түгөйлөр «жаныңа жаным зар» деп бактылуу өмүр сүрүшөт.
Бирөө жарымды таап алат деп коркпой эле койсоңуз болот. Анткени булардан кыйраткан ойнош чыкпайт. Эгер анын сезимдерин күчөтүүнү кааласаңыз, анда татынакай кийинип, аны кызгантууга аракеттенсеңиз болот.

МАЧО КҮЙӨӨ
Мындай эркектер катынпоздук жагынан эч кимди алдыга чыгарбайт. Кыз жандуулук буларда 5 жашынан эле калыптанат. Мектепте жакшы окуп, мугалим эжекелердин мактоосуна арзып, көңүл борборунда жүргөн балдар болот. Булар дайыма «4-5» деген баага окуп, сылыктыгы менен айырмаланып, өзүн дайыма тыкан, таза алып жүрөт. Адатта мындай балдарды класстагы кыздардын 50-60 пайызы жакшы көрөт. Демек, кичине кезинен баштап аял тандоого мүмкүнчүлүк алат. Анан да 12-13 жашында эле жеңеке, эжекелеринин «сынынан» өтүп коюшат. Чарбачыл күйөөлөрдөн айырмаланып, жыл өткөн сайын булардын темпераменти күчөп, жумасына 5 жолу төшөк оюнун ойногондон тажашпайт. Ар бир аялдын көзүнө жагымдуу көрүнгүсү келет. Бир эле аял көңүл бурбай койсо, ага асмандан таш жаагандай сезилет. Өтө ысык сүйүүнү каалайт, бирок сүйүүсү канчалык жалындуу болсо, ошончолук тез муздап, түп-орду менен жок болот.

Сырткы кебетеси: Түктүү келишет. Колунда, бутунда, төшүндө, ичинде, ал тургай айрымдарыныкы далысында да түк болот. Сырткы келбети спорттук түзүлүштө келип, далысы кең, жамбашы болсо кууш келет.

Артыкчылыктары: Кыз жандуу эркекти тандасаңыз, эч убакта зерикпейсиз. Ал төшөктө гана эмес, башка учурларда сизди өзүнө тарта алчу сыйкыр күчкө ээ болушат. Эгер ушул типтеги эркекти тандасаңыз, бардык нерсеге, ал тургай «илибой» жерде кумарга батууга даяр болушуңуз керек. Анткени алар эксперимент жасаганды жактырышат.
Төшөктө өзүн дайыма эркин сезет. Анткени ички кийимине чейин дайыма кадимки аялдардай көңүл буруп, мода кууйт.

Кемчиликтери: Мындай эркектер менен жай турмуш кечирүү оңойго турбайт. Анын көздөрү башкалардан өтүп турса, кантип сиз жөн турмак элеңиз?.. Кызганыч жаралат, анын кесепетинен идиш-аяк ыргыйт, сынат дегендей.

Кимдерге ылайыктуу? Дене кумары күчтүү, кылыктана билген айымдарга төп келет. Дал ушундай айымдар гана буларды жүгөндөп кете албаса, анча-мынчаларга баш бербейт. Эң биринчи душманы – өзүнө үйлөнткүсү келген аял. Эркиндигин чектеп, кайсы убакта ким менен жүргөнүнө чейин сураган аял буларга чочко тумоосундай эле коркунуч жаратат.
Ал эми «тамакты менден мыкты жасаган айым жок» деп ашканадан чыкпаган, өзүнө каранбаган айымдар мачолор тууралуу ойлонбой деле койсо болот.

Мына, айымдар, эркектердин айрым сырларын ачып койдук. Эми сиздин милдетиңиз – туура күйөө тандоо.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (84)
nazmar
2013-06-14 11:42:36
чарбачыл жигитерда мачо болуп кететго иногда
0
KyrgyzAiba89
2013-06-14 14:26:36
Кызыктуу тема го..
0
Almaz140985
2013-06-30 10:03:41
Мен мачо экенимди башта эле кыздар билчу экен да!
0
admin_superstan
2013-07-01 10:20:39
Kamirgul, баш тамгалар грамматикалык эрежеге ылайык колдонулушу керек.
Сизге эскертүү!
0
saltanat.
2013-07-10 12:14:39
Менин жигитим да мачо экен да анда. Дал озу экен.
+2
admin_media
2013-07-26 17:19:53
kyrgyzz,
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Beerland
2013-08-24 12:25:51
Чарбачыл эле жакшыго мачо эрте тартуулаганды чарбачыл деле тартуулайт экен 30. 35 жаштан кийин
0
nurmat.kg
2013-10-13 22:02:15
мачо болобу же чарбачыл болобу оз аялынды тошок кумарынан кандырып, башкага аракет кысада кылбасада арбир адамдын оз эрки, ошон учун баардык окурмандарга уйбулолук бакыт каалайм.
0
Erkinbay_buiga
2013-10-21 17:31:55
менде чарбачылдын коп нерсеси бар экен.Мачонун деле кээ бир жагы бар.Анда мен,ким болуп калам?
0
tariel01
2014-01-09 16:22:13
чарбачыл эле жакшы,калган кемчиликтерин ондосо болот
0
legenda23
2014-01-20 03:26:02
эки сапат тен болсо ал чарбачылмачо болоткен таза мачо эмес
0
adanov
2014-05-19 13:52:52
Колдо бутта кокурок ичимде тук коп анан кыз секс карангыы уй жумшак тошок дегенде багылган букадай эле ынтылып калам ошондо мег мачо болуп каламбы
+1
aiperi.92kg
2014-12-09 22:32:13
Омеей анда биздики Маачо турбайбы
0
zari_kosh
2015-04-10 10:58:41
Комментарийдин тексти кыздардан козу откондор,тажатат го турмуштан артта калып
0
aizirek...
2015-11-05 15:18:44
кыргыздын илибой эркегинде мачонун да чарбачылдын да жакшы ганан сапаттары бар. мен силерге ишенем кыргызымдын жигиттери
0
№ 550, 17-май-23-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан