– Он жылдык жолугушуу кечесине барганбыз. Үй-бүлөлүүлөр аялын, күйөөсүн ээрчите барып мектепте жолугуп, мугалимдерди бир сыйра куттуктадык. Ой-бой, баягы эки бети кызыл, чачын эптеп тарай албаган классташ кыздарыбыз суйкайган сулуу келиндерге айланышыптыр. Мектептеги иш-чаралар бүтүп, Сапар классташтыкына чогулдук. Бир кездеги уялчаак кыздарыбыз ачылып, тартынбай сүйлөп, ичип, айтор, түн бир оокумуна чейин аябай көңүлдүү отурдук.
Кыздардын арасында менин балалык сүйүүм болгон Фатима классташым да отурду. Үчтү төрөсө да сынынан кетпептир. Тескерисинче, мага мурдагыдан да сулуу көрүндү. Анын күйөөсү аракты жакшы көргөн неме окшойт, ар кимибиз менен кагышып отуруп эрте мас болуп, эбак уктап калган. Фатимага «басып келбейлиби» десем, макул болуп колтуктап жөнөп калды. Экөөбүз өзөн бойлой басып жүрдүк. Өткөн-кеткенди эстедик, атүгүл экөөбүздүн эң алгачкы өбүшкөнүбүз эске түштү. Сөзүбүз бүтүп, ортодо бир топко жымжырттык өкүм сүрдү. Тоо түбүндө бизден бөлөк кыбыр эткен жан жок. Акырындап анын айдын жарыгына чагылышкан жүзүнөн, саамайынан сылап, алкымынан жыттадым. Ал көзүн жумуп, унчукпай, мага жооп иретинде колун мойнума артты. Экөөбүз бир топко чейин өбүшүп турдук. Эмнени каалап жатканыбызды сезимибиз менен туюп жаттык. Анын үстүндөгү үлбүрөгөн назик кофтасын чечсем, каршылык көрсөтпөстөн, тескерисинче, менин көйнөгүмдүн бүчүлүгүн чечип, шымымдын сыдырмасына асылды…
Мен карап турмак белем, үстүмдөгү курткамды көк шибердин үстүнө төшөй салдым да, аны аярлай чалкасынан жаткырып, махабат көлүнө чумкуп кирдим. Экөөбүздүн ай талааны жаңырткан махабаттуу сөздөрүбүзгө, дене кумарыбыздын жыргалдуу мүнөттөрүнө асмандагы ай, жылдыздар гана күбө болуп жатышты. Буга чейин далай кыз-келиндердин даамын татсам да, Фатимадан алган кумарды эч бир аялзатынан албагандай сезимде элем. Анан шашпай кийинип, кебетебизди оңдоп, Сапардыкына кайтып келдик.
Бул убакта классташтарымдын баары мас болуп, кээси аялы менен кучакташып жатса, бойдоктору өздөрүнчө жатып калышыптыр. Күйөө бала эч нерседен бейкапар коңурукту кош тартып уктап жатыптыр. Эч кимге билгизбейли деген кыязда мен оозгу бөлмөгө, Фатима эринин жанына барып жатып калды. Эртеси күнү эч ким бизден шек санаган жок.
Андан бери он жыл өттү. Буюрса, быйыл 20 жылдык кечеге барабыз. Кайрадан Фатимага жолугарымды эстеп, аны сагынып, ошондогудай көз ирмемдерди күтүп жүрөм. Үмүтүмө суу чачпай жолугушууга Фатимам келсе экен. Аялымдын болсо эбин табармын.
Турат
Астра Айдарова
erotika@super.kg