Таланттуу ырчы айым Гүлмира Рысбаева кыштын ызгаарына карабай турмуш жолуна аттанган эле. Элибизге ак никесин чилдеде жарыялабай, жадыраган жазды күтүп жүргөнүн айтып, бизге кызыктуу маек куруп берип кетти.
– Кандайсың, Гүлмира? Тууруң туруктуу болсун!
– Жакшы жүрөм, рахмат. Биз күтүүсүз эле, тамашадан улам үйлөнүп калдык. Мен Орусиядан келгенде туугандарым «болду, убактың келди, турмуш курушуң керек» деп башташты. «Макулмун, бирок жигитти өзүм табам» дегем. Анан минтип таап алдым (күлүп).
– Кантип таанышып калдыңар?
– Бактымды алыстан издеп, жер кезип келсем, тагдырым кошунама байланган экен. Кызыгы, ушунча убакыт кошуна болуп, эч жолукпаган экенбиз. Бир жолу кокустан сүйлөшүп калдык. Өзү Ысык-Көлдүн кулуну, 1986-жылы туулган, аты – Камил. Бишкектеги фирмалардын биринде иштейт. Токтоолугу, ар дайым жүзү жарык, кабак бүркөбөй жүргөнү менен арбап алды. Тамашаны таап сүйлөгөн адам. Үйлөнүү жөнүндө сунушту да тамашага салып киргизди. Алгач ишенген эмесмин, көрсө, чын дилинен айтыптыр. 2 ай сүйлөшүп, кыргыздын салты менен баш коштук. Чоң тойду күзгө болжоп жатабыз.
– «Бир жаш – тең жаш» депсиң да?
– Ха-ха. Ооба, жолдошумдан бир жаш улуумун. Бирок бул нерсе экөөбүздүн бактылуу түтүн булатышыбызга тоскоол болбойт. Бирок сурагандарга жашыбыз тең деп эле коём. Кантсе да кээде уялып кетет окшойм.
Ии-и, турмушка чыккан сонун турбайбы. Жыргап эле калдым. «Кыз кишинин бактысы үй-бүлөдө» десе кулак салчу эмес элем. Чыныгы жашоонун даамын никеде татат экенсиң да.
– Келиндик кызматтан кыйналбай элесиңби?
– Жакшы эле өтөп жатат окшойм. Бир кызык айтайынбы, Көлдүн сонун салты бар экен. Күндө эртең менен келиндер өзүнөн улууларга жүгүнөт. Мисалы, мен жүгүнсөм, мага менден кичүүлөр келип жүгүнөт, аларга андан кичүүлөрү. Кыскасы, бири-бирибизге эле жүгүнүп жүрөбүз. Анан бир жакка конокко барсак, чай куюп отурган келин сага ордун дароо бошотуп берет, анан мен куюп баштайм. Башка келин келсе, мен ага өткөрүп берем. Кыскасы, эстафета сыяктуу. Келин болуу өзүнчө бир кесипти аркалоо сыяктуу окшойт.
Келин болуп жаңы барганда айылдын баары көчүп келген, «Чын эле кичинекей Гүлмирабы?» деп. Бирден көшөгөгө баш багып, текшерип кетишкен. Анан элге аралашып калгандан кийин идиш-аяк жууп жатсам сүрөткө тартып ыңгайсыз абалда калтыргандар да болду. Силерге мурун «жигитим бар» деп интервью бербедим беле, ошону кайындарым окуган экен. Барганымда айтып жатышпайбы, «ошондо биздин Камилди айткан экенсиң да» деп.
– Динара эжени күйөө баласы менен тааныштырдыңбы?
– Жо-ок, убакыт болбой жатат. Бирок тоюма сыйлуу конок катары чакырам. Ата-эне баласынын тоюнда сөзсүз отурушу керек да. Динара апам (ред. Акулова) мени чыгармачылыкка алып келген, канча жылдар бою тарбиялаган адам. Төрөгөн апама да айтпай турмушка кетип калайын дегем. Бирок айтууга туура келди (күлүп).
– Бактылуу бол!
– Рахмат!
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg