ОПЕРАЦИЯ КАНДАЙЧА ЖАСАЛАТ?
Пластикалык операциялардын ичинен эң оору мурунга операция жасоо болуп эсептелет. Мисалы, 300 пластикалык хирургдун ичинен 30у гана ринопластика жасашат.
Мурундун учун кыскартып, таноону кичирейтип же мурун дөңүн алып түздөө болобу, кыскасы, ринопластика эки түрдүүчө жасалат.
Мурундун ичинен жасалуучу ыкма
Операция таноо аркылуу жасалат. Мында көбүнчө мурунга чоң өлчөм берип турган кемирчектер алынат. Мурун тери болсо операциядан кийин жаңы формага калыптагыдай отурушу керек. Ошондуктан, кардардын мурун терисинин абалы чоң роль ойнойт.
Эгер мурунду коррекциялоо татаалдык жаратпаса, анда операция жергиликтүү наркоз менен жасалып, болжолдуу түрдө бир саатка созулат.
Мурундун Сыртынан жасалуучу ыкма
Мында таноолор ортосундагы тосмонун тери алдынан тилик салынат. Анан мурун тери өйдөгө көтөрүлүп коюлат да, хирург операция жүргүзүүгө өтөт. Мисалы, хирург пациентинин мурдун анын каалоосундагыдай формага келтириши үчүн мурдундагы кемирчектин же сөөктүн бөлүгүн, май ткандарды же жумшак ткандардын катмарларын алып чыгат.
Операциянын мындай түрүндө наркоз колдонулат да, операциядан кийин мурун териде тырык калбайт. Операция 2 саатка жакын созулат.
ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИН
Мурунга гипс таңуу коюлат. Бул кемирчектер менен мурун сөөктөрүнүн жылышып кетпөөсү үчүн керек. Таңуу 8-10 күндөн кийин тигилген жиптер менен кошо алынат.
Пациент операция болгон жери айыгып, калыпка келгичекти клиникада болуусу керектелет.
КАНДАЙ УЧУРДА РИНОПЛАСТИКА ЖАСАТУУГА БОЛБОЙТ?
РИНОПЛАСТИКА КАНЧА ТУРАТ?
Операциянын баасы оор же жеңилине карап бааланат. Анын үстүнө ар жер клиникада жасалган операциялардын баалары да түрдүүчө болгондуктан, так баасын берүүгө мүмкүн эмес.
ОПЕРАЦИЯ ҮЧҮН КОЮЛГАН ТАЛАПТАР