УУЛАНДЫРЫЛГАН АЙМАКТАН 133 КОЙ КЫРЫЛДЫ. КҮНӨӨ КИМДЕ?

11-майда Сузак районуна караштуу Благовещенка айылында 133 кой ууланды. Буга окшош окуя буга чейин да катталган менен, ууландырылган аймактын чети тосулган эмес. Кайрадан ушундай окуя кайталанууда.

«ӨЗҮМДҮН БОЛГОНУ 40 ЭЛЕ КОЮМ БАР, КАЛГАНЫ ЭЛДИКИ БОЛЧУ»
Сузак районуна караштуу аталган айылга барып койлорду кайтарып жүрүп ууландырып алган Токтораалы Хажиматовго жолуктум. Ал кайтарып жүргөн 750 койдун 133ү ууланып, эми элдин тыткынында калган. ТОКТОРААЛЫ чабан окуя тууралуу буларды айтып берди:
– Өзүмдүн 40 чакты коюм бар, анан 1-апрелден баштап элдин койлорун жыйнап баштачумун. 1 айча ушул жайда кармап, анан жайлоого чыгып кетем деген ойдо жүргөм. Ошол күнү Сузактын борборуна жайлоо үчүн салык төккөнү кеткен болчумун. Элдин койлору, меники болуп 750 кой карамагымда эле. Койлорду 2 уулум жана мен үчөөлөп кайтарчубуз. Таң эрте койлорду жайытты көздөй айдап, анан шам-шум этип алалы деп балдарым отуруп калган экен. Уулуу заттар көмүлгөн жайга койлор жетип калыптыр...
Мен келгенден кийин 2 сааттан соң койдун алды жыгыла баштады. 1 сааттын ичинде 30 кой оозунан суу агып эле жыгылып жатышты. Ушул аймакка жайып жүргөнүбүз менен, ал ууланган жайдан алыс кармачубуз. Балдар койлорду аралатып жиберип, минтип эми кырсыктап калдык. Ал жерге Союз маалындагы курт-кумурскаларды ууландыруучу дарылардын калдыгы көмүлгөнүн билчүмүн. Дарылар атайын темир идиштерде эле, эл аны да жөн койбой, идишин казып алышыптыр. Идиштерди казып алып, сатуу максатында жерди чукулап ачып салышкан экен. Анан койлор аралап кетип, ууланып калышты. Мен айылдагы ветеринарга чалдым «койлор ууланып калды, эмне кылайын?» деп. Ал «койлордун кулагын кесип алып, жыйнап тура бер эми» деди. Кулагын кескенибиздин себеби, алар ээсине далил катары көрсөтүлөт. 1 күндүн ичинде эле 123 кой кырылып калды. Эртеси дагы 10 кой өлдү.
Кызыл-Байрак айылында да ушундай жер бар болчу. Ал жайда дагы бир жолу бодо малдар ууланып калып, айылдын бир тургуну долбоор жазып жүрүп, анан ал жайды жаптырып, чекесин тосуп салган. Буга чейин дагы ушул жерден бир адамдын койлору ууланып калган. Ал ууланган койлорду койчусу билбестен элге сатып жиберип, бир кыйласы ооруканага жатып чыгышкан. Андан кийин дагы бир адамдын 17 чакты кою кырылып калган эле. Эч болбосо тоспосо деле атайын чуңкурларды казып койсо, ал жерге барган кой дарыга жетпей эле ошол чуңкурчаларга түшүп калмак да. Ээси барып чыгарып келе бермек, койлор ууланбай калмак.
Токой чарбанын жетекчилиги жана айыл башчылар келип жер каздырышып, өлгөн койлорду көмдүрүп салышты. Эл «коюмду төлөп бересиң!» деп келип жатышат. Кечээ барып Сузактагыларга айтып келдим. «Кандай болот?» десем, азырынча эч кимиси жарытылуу жооп айта элек. Аны кантип ордуна келтирип, карыздан кандай кутулам, билбейм. 7 балам бар, жубайым 2-топтогу майып.

«ЖАКЫНДА УУЛАНДЫРЫЛГАН АЙМАК ТОСУЛАТ»
Бул окуя боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын кызматкери ШАРИПМАМАТ АБДУЛЛАЕВге кезиктик:
– Ушундай окуя болуп өттү. Эми айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 13-май күнү өлгөн койлор ветеринардык эрежеде көмүлдү. Тереңдиги 4 метр, узундугу 4 метр, туурасынын кеңдиги 3 метр казылып жашырылды. 2 баш кой учурда лабораторияда текшерилүүдө. Азыркы учурда райондук комиссия текшерип иштеп жатат. Акт түзүлүп, ошол боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коомчулукка да ыкчам кабарлар жеткирилет. Ал аймакка Союз маалында химиялык заттар көмүлгөн. Химиялык уулуу заттарды колдонууда керектелген темир калдыктары көмүлгөн ал жай белгисиз адамдар тарабынан казылып алынып, натыйжада ачык калган. Учурда бардык чаралар каралып, айылдык аймактык башкармалыктарга милдеттендирилди. Жакында ал жай кароого алынып, айланасы тосулат.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Саби
2013-05-22 13:46:34
Эми койлорду кантип толойт жаман иш болуптур.
0
nazi.kg
2013-05-22 17:16:18
эл тушунуп толотпой эле койушсун окмот тушундурмо иштерин жургузсо болмок
0
TolonturCN
2013-05-25 12:19:43
Мал кымбат болуп турган убакта бул да чоң зыян болуптур.
0
Titi
2013-05-25 15:55:38
Биздин окмоттор "жашаганы анык" деп аныктама кагазын бергенден башкага жарашпайт. Аны да арандан зорго жазып беришет анда да 100-150сом карматып жатып аласын. Койго келсек олгондон кийин тосуп башташат. Азыркы заманда кой эмес адамдар олуп жатат, мисалы жакында эле мектеп окуучу не болду токко урунду, а ошону мурун тоссо болот беле? Албетте болот эле. Эми туштон кийин тосо башташыптыр. Айласыз кулосун.
0
tynara81
2013-05-25 17:44:09
Койчуманга боорум ооруду, байкушка. Озунун 40 коюнан айрылганы жетээр, эл туура тушунсо болмок, ал кайдан толоп бере алсын.
0
№ 550, 17-май-23-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан