АТКАРЫЛБАГАН КЕРЭЭЗ

(Башы 548-санда)

Ай артынан ай өтүп, жыл артынан жыл өтүп, баягы чоң ата-чоң энесинин керээзин аткарбаган небере өзү улгайып, 80 жашка келип калат. Неберелеринин баарын чогултуп алып:
– Балдарым, менин бир гана өтүнүчүм бар. Мен чогулткан байлыктын баарын өзүм менен кошо көмүп койгула. Анткени бул байлыктар арам жол менен келген. Адал эмгек менен тапкан аш таттуу болот, өз эмгегиңер менен иштеп жан баккыла,- дейт.
Атасынын сөзүнө ынанымыш болгон балдары абышканы жерге узатып, бирок баягы атасы айткан байлыктарды өздөрүнө алып калышат. Абышканын эң кичүү небереси куран окуганы барса, көрдөн боздоп ыйлаган чалдын үнү чыгат: «Мен жаш кезимде чоң ата-чоң энемдин керээзин аткарбай койгон элем. Эми ал өз башыма келип, өкүнүп отурам».
Кезинде чоң ата-чоң энесинин керээзин аткарбай, кийин анын кесепетин өз балдарынан көргөн чалдын ыйын ушул күнгө чейин бейиттин аркы жээгинде жашаган жашоочулар угуп калышат экен.
Балдар, ата-энеңердин айтканын дайыма аткарып жүргүлө. Анткени алар силердин жакшы болушуңарды каалайт. Эч качан жаман нерсеге үйрөтпөйт!

(Аягы)

Нуркыз Курманбек кызы
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Nusha
2013-05-22 14:52:49
бул жомокту деги ким жазган. ушундай да бболобу.
0
sadykbek
2013-05-23 12:54:08
ей айланайндар ушул кантип жомок болсун Супер-инфо. Кичине ойлонуп жазгылачы. Балама окуп берем деп озум коркуп корпого тыгылдымгой. Алып таштагылачы айланайндар. Болбосо менин иним КВН ге бир теме кылып алып чыгам дейт. Буткул зал жыгылат дейт.
0
Amanbolotbekov_97
2013-06-29 00:30:17
M emnege
0
wwwww
2013-11-25 12:54:52
ичим эзилип калды куло берип жомок эмес эле анекдот
0
№ 550, 17-май-23-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан