«АЙБАНДАРЧА КОЛ САЛУУ, КОРКУТУУ – БУЛ ЭМНЕ ДЕГЕН ШУМДУК?»
Бул сөздү мындан 3 жыл мурда КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева айтып катуу капа болгон эле. Тактап айтканда, 2010-жылдын 2-январында ырчы айым жолдошу Таалай экөө белгисиз бирөөлөр тарабынан ур-токмокко алынган. Үйдөн чыгып баратканда экөөнү күтүп турган бейтааныш 3 жигит кол салып сабап, «бирөөнү капа кылып жүрөсүң, жөн жүр» деген эскертүү сөзүн айтып коркутуп кетишкен. Ырчыга карата жасалган бул чабуул биринчиси эмес. Ал окуядан бир нече күн мурун бир концертке барганда Айчүрөк айымдын машинасын талкалап кетишкен. «Сен бирөөнү таарынткансың, жөн жүр, балдарың жетим калат» деген өңдүү телефон чалып коркутуулар да болуп турган.
Ырчы айым укук коргоо органдарына арыз жазган менен, тилекке каршы, ошол убакта бул кылмыштын бети ачылбай калган. Анткени ал Бакиевдин бийлигинин тушунда эле. Ал окуядан соң Айчүрөк айым ооруп да, коркуп да катуу жапа чегип жүрдү. Бул иштерди мурда кол алдында жүргөн, көз алдында чоңоюп тарбияланган бирөө кылдырып жатканын көпчүлүк боолгологон. Айчүрөк айым өзү билип турса да, «ооба, ошол» деп айткан эмес, «Кудайга койдум» деп тим болгон. «Менин турмушумда ушундай жаман окуя болуп кетти. Мындай нерсени душманыма да каалабайм. Айбандарча кол салуу, коркутуу – бул эмне деген шумдук?!» деп көзү жашылданып маек берген эле. Андан бери далай суулар акты, айлар өттү. Качан сураба ырчы айым «ооруканада жатам» деп айтчу. Өмүрүнө коркунуч, ден соолугуна зыян алып келген ошол чуулгандуу окуяны эч унута албастыгын айтып эле келет.
«АТКАРУУЧУЛАР КАРМАЛДЫ, БИРОК АЙЧҮРӨК АЙЫМ ТОСМО АРЫЗ ЖАЗДЫ»
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери кыргыз эстрада жылдызы Айчүрөк Иманалиеванын өмүрүнө кол салды деп шектелгендерди 3 жылдан кийин таап, кармады. Бирок ырчы айым кылмышка шектелип кармалгандарга карата «доом жок» деген арыз жазып бериптир. Анысын ырчы өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугунан корккондугу деп түшүндүк.
Окуя тууралуу УКККББнын бир кызматкери төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул кылмыш ишине шектүү адамдар кармалды, бирок Айчүрөк Иманалиева тосмо арыз жазып, токтотконго туура келип, буюртма берген адамдарды тактоого жетишпей калдык. Өзү аягына чейин турса жакшы болмок. Жабырлануучулар мындай тосмо арыз жазып коюп, иш сотто «сынып» калган учурлар көп. Айчүрөк айымды да түшүнсө болот, үй-бүлөсүн ойлоп, аялдык кылып чочулап койду окшойт. Ага кимдир бирөөлөр телефон чалып коркутушкан, ошондо нерви чыдабай кетти окшойт. Биз да бир сутка бою Айчүрөк Иманалиеваны кайтардык. Кимдер коркутуп чалгандыгын биз болжолдуу билебиз, тосмо арыз жазбаганда аягына чыкмакпыз. Эми учурда камакта жаткандардын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот аныктайт. Сот тосмо арыз жазылгандыгын эске алып аларды бошотуп жибериши мүмкүн. Азыр деле кеч эмес, эгер Айчүрөк Иманалиева кайра арыз жазса, бул кылмыштын түбүнө жетебиз.
«КАРМАЛГАНДАР КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨЛӨРҮ»
Андан соң ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси РАФИК МАМБЕТАЛИЕВге кайрылсак, ал бул иш боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:
– 2010-жылдын баш чендеринде белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиеваны жана анын жолдошу Таалай Жумабековду концерттен чыгып Бишкек шаарынын Жумабек көчөсүндөгү үйүнө кирерде 3-4 белгисиз адам эч себепсиз эле ур-токмокко алып, сабап кетишкен. Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 234-беренеси (ээнбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол убакта короодо жүрүп кылмышка күбө болгон адамдар суралган. Бирок кылмышкерлер аныкталбай, иш токтоп турган.
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында биздин башкармалыктын кызматкерлерине «бул кылмышка Бауржан Карышкырбаев, Таалайбек Ысманов жана Самар Жолдошов дегендердин тийиштиги бар» деген оперативдүү маалымат түшкөн. Анан бул ишти биз өз карообузга алганбыз. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында бул кылмышка шектелип 1988-жылы туулган Бауржан Карышкырбаев жана 1985-жылы туулган Таалайбек Ысманов колго түшүрүлдү. Экөө тең Камчы Көлбаевге тиешелүү кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү. Аларды жабырлануучу жана күбөлөр таанып, ушул деп көрсөтүп беришти. Таалайбек Ысманов деген бизде мурун кылган башка кылмышы (орган кызматкерин сабагандыгы) үчүн издөөдө жүргөн. Экөө тең Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынды. Бул кылмышка тиешелүү дагы 2-3 жаран бар, алардын үстүнөн да иштеп жатабыз. Учурда тергөө аяктап, сотко жөнөттүк.
КАРТ ЖАРАСЫ КАЙРА ТЫРМАЛДЫ
3 жыл мурунку окуя бүгүнкү күнгө чейин уланып, телефон чалып коркуткандар болуп келе жатканын Айчүрөк айымдын сөздөрүнөн улам билдик. Эл алдына жаркырап-жайнап чыгып жүрсө «буларда кайгы жок» деп ойлошот. Сыртынан кайраттуу көрүнгөнү менен, көөдөнү ооруп, көкүрөгү жашка муунуп турганын ырчы айым менен сүйлөшүп отуруп байкадым. Аны дүпөйүл кылган нерселер дале бар өңдүү. Ушул окуя тууралуу бар чындыкты мына төгүп салам деп баратып, эмнегедир кетенчиктеп, «балким, бир күн акыйкат жеңип чыгар» деп үмүттөнө үн катпай тилин тишине катып калат. Анткени эне жүрөгү чочулайт, балдарынын, жакындарынын өмүрү үчүн да кооптонот. «Арызын алды, демек, коркту» деп жыйынтык чыгарган да туура эмес. Анткени жашоодо кылмыштар жазасыз калбайт. Сот аркылуубу, Жараткан аркылуубу, айырмасы жок. Ошон үчүн да жашоо – бумеранг дешет.
«Супердин» сурак бурчу
ШОУ-БИЗНЕСТЕГИ ИЧ АРА КОРКУТУП-ҮРКҮТҮҮЛӨРДҮ ЧОГУУ-ЧАРАН ЖӨНГӨ САЛА АЛАСЫЗДАРБЫ?
Турусбек Жумалиев, алпаруучу:
– Эгерде бизде мыйзам жакшы иштесе мындай адамдарды жок кылуу оңой эле. Мындай кылмышка баргандарды мен маңкурттар демекмин. Жашоодо өз ордун таба албаган коркок адамдар гана бирөөгө заказ бердиртип коркутуп-үркүтүшөт.
Кенже Дүйшеева, ырчы:
– Шоу-бизнесте ички согуш, тышкы согуш деген түшүнүк бар. Ич ара тартыштын негизги себеби акча болушу да мүмкүн. Мындайда өздөрү эле ич ара чечип койсо болот. Бирок жамандык кылган адам бүгүнкү күнү жыргашы мүмкүн, эртең эки эсе жамандык тартып каларын унутпаш керек.
Мирбек Иманбеков, ырчы:
– Шоу-бизнестин арасындагы адамдар эле коркутуп-үркүтүп жатса, аны ич ара чечишип алганга болот. Эгер сырттан адамдар аралаша турган болсо, анда ар бир ырчы өзү чечиши керек. Мен бул өңдүү көйгөйлөрдү эч кимди аралаштырбай дайыма өзүм бүтүрүп келем.
Асел Турдалиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти:
– Кайсы гана өлкөнүн жараны болбосун, өз өлкөсүнүн мыйзамдарына баш ийип жашашы керек. Эгер маданият чөйрөсүндө ушундай көрүнүш кайталана берсе, баарыбыз чогулуп сүйлөшүп, маселени мамлекетке, сотко жеткирбей өзүбүз чечишибиз керек.
Бакыт Букаев, шоумен:
– Азыр элдин баары, чоңдор баш болуп маселеси болсо крим дүйнөнү аралаштырып чечип жатышпайбы. Эгер мамлекетте тартип, мыйзам иштебесе, мыйзам жазган депутаттар өздөрү жаман иштерге аралашып жүрсө, биз кайдан чечебиз ал маселени? Биз алардын алдында алсызбыз.
Бегимай Туратбекова, актриса:
– Ич ара чечкенге каршымын. Себеби досуң деле бир күнү касың болуп калып жатпайбы. Ич ара чечсе деле болот, бирок мыйзам деген мыйзам. Колу менен жасаганды моюну менен тартыш керек.Ич ара чечишүү болбогон нерсе.