Жаш болсо да чоң иштерди жасап, дайыма аракет үстүндө жүргөн бийчи Атайды кимдер гана билбейт. Дүйнөгө өзүн гана эмес, бүтүндөй Кыргызстанды таанытып келген Атайчик менен жылуу маектештик.
– Салам, Атай, Нооруз майрамында Москва шаарында жеке концертиңди бердиң, кепти ошол тууралуу баштасак...
-Жакшы болот. Москвадагы «Лужники» олимпиада комплексинин «Россия» концерттик залында өзүмдүн жана «Тумар КР» бий тобунун алгачкы жеке концертин бердик. Концертке ал жактагы мекендештерибизден сырткары Украинадан жана башка өлкөлөрдөн көрүүчүлөр келишти. Жети элчиликтин өкүлдөрү атайын концерттин аягына чейин күтүп, ар бирибизге ыраазычылык сөздөрүн айтып кетишти. Алардын айткан мактоолору биздин демибизге дем кошуп, өткөргөн иш-чарабыздын жыйынтыгына сүйүнүп калдык. Жалпысынан концерт биз күткөндөй өттү, залга 3,5 миңдей көрүүчү келди. Буга чейин жеке концертимди берсемби, бербесемби, балдарым даярбы-жокпу деп өзүмө ишенбей жаткам. Концерт өткөргөндөн кийин өзүмдүн күчүмө дагы көбүрөөк ишене баштадым, ыраазычылык сөздөрдөн кубат алдым. Эми 2014-жылы дүйнөлүк турга чыгалы деп жатабыз, учурда 18 өлкө менен сүйлөшүп койдук.
– Неге тушоо кесүү концертиңди Кыргызстанда эмес, Москвада өткөрдүң?
-Көбү «Атай биринчи Орусиянын артынан таанылды, ошондон улам» деп айтышат экен. Бирок чынында андай деле эмес. Жөн эле Москвада өткөрүп көрүүнү чечтим, каалоом ошол шаар болду.
– Бий студияңды ачып, окуучуларыңды кароо-сынактарга жөнөтүп, фестивалдарды өткөрүп жүрөсүң, мындай иш-чараларды кандай максатта уюштурасың?
-Биринчиден, таланттуу балдарга өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Анткени бизде таланттуулар абдан көп, аларга шарт түзүп берсең, бат эле жыйынтык беришет. Экинчиден, кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө аз да болсо салым кошуу. Жакында эле окуучуларым Астанада өткөн эл аралык бий фестивалынан 2-орунду алышты, ал эми «Тумар КР» тобу «Украина – менин таланттарым» долбоорунан 3-орунду алып кайтышкан. Быйыл аларды Чехияга, андан кийин
АКШга сынакка жиберейин деп жатам. Өзүм бий менен 3 жыл машыгып, анан жыйынтык бере баштагам, окуучуларым бир жылга жетпей эле жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө, мындай жүрүш менен мени оңой эле ашып өтүшөт.
– «Мен эми бийлебейм» деп айттың эле, азыр өкүнбөйсүңбү ошол сөзүңө?
-Жок, эч качан. Бийлеп жүрө берсем, мындай иштерди жасай албайт болчумун. «Бий менен жашайм» деген бийчилерден эмесмин, бий мен үчүн жөн гана хобби. Алдыма «бийдин артынан чоң сахнага жетем» деп максат койгом, ошого жеттим. Мага ушул жетиштүү. Калган күчүмдү окуучуларыма жумшайм.
– Былтыр чет өлкөлүк жылдыздардын катышуусунда бий фестивалын өткөрүп, кыргызстандыктарга майрам тартууладың эле, быйыл да ошондой иш-чара уюштурасыңбы?
-Ооба, сентябрь айына пландап жатабыз. Буюрса, быйыл фестивалга андан да атактуу ырчы-бийчилерди чакырабыз. Кимдер келери азырынча сыр болуп турсун.
– «Мүмкүнчүлүк болгондо апамды шаарга көчүрүп келмекмин» деген элең.
-Азыр мүмкүнчүлүгүм бар, бирок апам өзү Бишкекке келгиси келбей жатат. Караколдо жашап, ошол жакка көнүп калыптыр.
– Бир үйдүн эрке баласы эмессиңби, апаңды качан ысык чайын сунчу келиндүү кыласың?
-Азыр мага үйлөнүү тууралуу ойлонгонго эрте. Жок эле дегенде отузга чыкканда үйлөнөм. Алдыда ишке аша элек ой-максаттар көп.
– Бирок социалдык тармактарда бир сулууну кучагыңа кысып түшкөн сүрөттөрүң жүрөт го?..
-Ха-ха, ал эжем болчу. Бир тууган эжем эмес, мындай тууганым.
– Болочоктогу келинчегиңди кандай критерийлер менен тандап аласың?
-Эң негизгиси апама жакса болду. Апама окшош болсо, андан жакшы. Негизи, мындай болуш керек, тигиндей болуш керек деп божомолдой бергим келбейт. Бир көргөндө көңүлүмө жакса жакты, жакпаса, анда жакпайт да.
– Кыска кийинген кыздарды көргөндөгү сенин реакцияң?
-Билбейм эмнеге экенин, бирок жиним келе берет.
– Сыртыңдан адамга катуу сүйлөбөгөн, жумшак мүнөз, «ангел» көрүнөсүң, терс сапаттарың деле болсо керек?
-Ха-ха, чындап эле көбү мени ошентип ойлошот экен. Бирок мен периштеге жакындабай калам го. Терс сапаттарым көп эле, аны айтпай эле коёюн.
– Белгилүү Атай менен жөнөкөй Атайдын айырмасы?
-Ошо, кичине бузулуп кеттим окшойт, ха-ха. Атактуулук менин терс сапаттарымдын пайда болушуна шарт түзүп жатканын байкадым. Мурун чынында, сен айткандай, өзүмдү периште көрчүмүн. Уялчаак, бирөөгө сөз сүйлөөгө даап бара албаган бала элем. Эгер ошол Атай бойдон калсам, мындай ийгиликтерге жетпейт болчумун. Уялчаактыгымды жойбосом демөөрчү таппайт элем, сахнага чыкпайт болчумун. Өзгөрүүмдүн пайдасы көп тийди, учурдагы абалыма ыраазымын.
– Көз карашың, ой жүгүртүүң көп жашаган адамдардыкындай, эрте чоңоюп алган жоксуңбу?
-Алтын балалыгымдан арманым жок, мунун баары апамдын эмгеги. Кичинемде жыл өткөн сайын капалана берчүмүн, «эмнеге чоңоюп жатам?» деп. Анткени эч чоңойгум келчү эмес. Анан мектепти бүтүп жатканда ушунчалык ыйлагым келди, кетким келбей, чоңойбой эле койсом эмне деп. Ошондой таттуу балалыкта калтыргысы келген жашоону апам мага бере алды. Бирок убакыт бир жерде тура бербейт экен да.
– Материалдык жардам сурап кайрылгандар болобу?
-Болот. Колдон келген жардамымды аябайм. Жаш таланттар демөөрчү издеп келишет, аларга демөөрчү издешем. Себеби мен да учурунда демөөрчү издеп аябай кыйналгам. Бир жолу бир апа Москвада жүргөн уулун издөөгө акча керек деп сураганынан чөнтөгүмдө болгон акчаны колуна карматкам. Мындай учурлар көп кезигет.
– Дин жолуна түшкүң келеби?
-Ооба, намаз окугум келет. Ошол намаз окуган күндөргө келем деп ойлойм. Бирөөнүн таңуулоосу менен эмес, ар бир адам ал нерсеге өзү келиш керек. Өзүм философияны жакшы көргөндүктөн, ар бир суроого жооп издеп жүрө берем.
– Бош убактыңда эмне кыласың?
-Уктайм (күлүп). Жатып алып ойлоном, кылган иштериме баа берем. Бул ишти туура кылдымбы же жокпу деп. Бий студиясын ачарда да көп ойлондум, «муну ачып алсам, окуучулардын баары эле чоң сахнага чыга бербейт да, 1-2 окуучу ийгиликке жетишип, калгандары не болот? Алардын баары өзүн бийге арнап койгондор болсо...» деп кабатырлана берчүмүн. Азыр бий студиясы гана эмес, жаштар борборун ачтык. Анда шарт да, мүмкүнчүлүк да көп болот. Буюрса, бул жаштар борборунан Кыргызстандын алдыңкы таланттуу жаштары чыгат деген ишеничим чоң.
Лунара Бекиева
star@super.kg