Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгында 14-майда Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул ирет келерки шайлоо, ага карата даярдык, чечиле элек маселелер тууралуу сөз козголду. Мамлекет башчы: «Акаевдин балдарынын депутаттыкка ат салышканы массалык нааразычылыкты пайда кылган. Ал көрүнүш 2009-жылдагы Бакиевдин шайлоосунда кайталанып, анын бийликтен кетер күнү ошол окуядан кийин белгилүү болуп калган. Парламентке болгон шайлоону максималдуу таза жана ачык өткөрүп алуу зарыл. Ага каражатты да, убакытты да аябашыбыз керек»,- деди.
Жыйында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү келерки парламенттик шайлоого бир жыл калганга чейин, тактап айтканда, 2014-жылы аякташы керек экендиги белгиленип, добуш берүү системин жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.
Шайлоо маселелери дайыма талаш-тартышты жаратып келет. Жогорку Кеңеште депутаттар тобу электрондук шайлоону киргизүү боюнча иш алып барууда. Ал үчүн калкты биометрикалык паспорт менен камсыз кылуу жана ар бир жарандын уникалдуу каттоо номерин түзүп чыгуу сунушталууда.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg