ШААРГА ЖАҢЫ КЕЛГЕНДЕ...

Айыл менен шаардын айырмасы бир топ эле. Андыктан элеттен шаарга жаңы келген ар бир адам кызыктуу окуяга туш келери чын. Шоу-бизнес чөйрөсүндөгү белгилүү адамдар шаарга жаңы келгенде башынан өткөргөн кызыктуу окуяларын айтып беришмекчи.


Сапар Эркебаев: «Мен үчүн маршрутка менен троллейбус бирдей болгон»

– Көпчүлүк эле шаарга келгенде туугандарынын үйүнө келишет. Менде болсо андай туугандар жок эле. Шаарга биринчи жолу келерде алдын-ала сүйлөшүлгөндөй тааныш байкелер мени тосуп алышы керек болчу. Келген күнү алар калп айтышып тоспой коюшту. Келип алып барар жерим жок. Эки түн КамАЗдын үстүндө уктадым. Эптеп жашаганга жер тапкандан кийин ал жакка маршрутка менен барыш керек болду. Элдин маршрутканы тосуп түшүп кетип бара жатканын көрүп, мен да ошондой ойдо жарым жолдон эле троллейбусту кол көтөрүп тосуп жатпаймынбы. Жолдо тургандар мени таң калып карашат. Троллейбустун аялдамадан гана токтой турганын кийин билдим.


Акбар Сүйүнбаев: «Аяган батинкемден айрылгам»

– Шаарга келип, жатаканага жа­ңыдан жайгашып балдар менен тааныша баштадым. Биринчи эле күнү Султан Садыралиев “шым алышым керек. Базарга барып келбейлиби?” деп калды. Базарга барып Султанга шым алдык. Айылдан шаарга жөнөөрдө апам жаңы бут кийим сатып берген. Мен кычырап базарга ошол батинкемди кийип алгам. Андан кийин Горький менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жашаган агамдыкына барышым керек болчу. Анын үйү жакын деп ойлоп жөө жөнөгөм, бирок адашып үйүн таппай калдым. Түштөн кийин чыгып алып, түндө үйүн араң таап бардым. Баарынан кызыгы, түн кирип калганда бирөө сабап кетет деп коркпой, жаңы батинкемди бирөө-жарым чечип албаса экен деп коркуп жеттим. Үйгө кирип бут кийимимди чечсем, аяган бут кийимим айрылып калыптыр. Көрүп капа болгонумду айтпа.


Бактыяр Токторов: «Талонумду чайнап салгам»

– Шаарга жаңы келип, дос балдарым менен биринчи жолу троллейбуска түшкөнүмдө кызык окуяга туш болгом. Жаныбызга кондуктор келип, жол кире сурады. Жол кире берсек, талон таштап кетти. Мен ал талонду сакташ керегин билбей оозума салып чайнап салдым. Бир маалда кондуктор “талонуңузду көрсөтүп коюңуз” деп жаныма кайра келди. Мен чайнап салган талонумду оозумдан чыгара албай туруп калдым. Кондуктор унчукпаганымдан “жол кире төлө” деп кыйкырып кирди. Дагы акча төлөмөк белем деп уялбай туруп оозумдагы чайналган талонду алып чыгып көрсөтүүгө аргасыз болгом.


Назми: «Эшиктин алдында таң атыргам»

– Шаарга жаңы келген күнү эжемдин үйүн эптеп таап келсем, үйү бек экен. Мени тосуп алчу эжем конокко кетиптир. Караңгы кирип калды. Эшиктин алдынан бирөөлөр өтсө, коркконумду билгизбей калп эле коңгуроону басып туруп калам. Ошентип отуруп чарчаган жаным уктап кетип, кызыктуу түштөрдү көрүүгө да жетиштим. Таң атканда эжемдер келишкенде, таарынып атып үйгө кирип эс алгам. Ошол шаарга алгач келгенимди эстеп азыр күлүп калам.


Замир Арыкбаев: «Маршрутканы «стоп» деп кыйкырып токтотком»

– Шаарга келгенде орус тилин жакшы билчү эмес элем. Маршруткага түшкөндө “токтотуп коюңуз” деген сөздү орусча айта албай көп кыйналчумун. Орус айдоочу болсо эле “токтоп коюңуз” деп айта албайм. Мен түшө турган жерден башка бирөө түшсө сүйүнүп түшүп кетем. Жок болсо токтомоюнча кете берем. Бир жолу таякем экөөбүз базардан келе жатабыз. Маршрутка толо киши. Үйгө жеткенде таякем түшүп калды, мен болсо кысылыштан чыга албай калдым. Маршрутка жүрүп кетти. Кайсы сөздү айтып токтотом деп ойлонгуча бир аялдама өтүп кетиптирмин. Калып калбайын деп коркуп “сто-о-оп” деп кыйкыргам.


Нурзада Жолдошева: «Жер алдындагы өткөөлдөн башым айланган»

– Айылдан шаарга жаңы келгенимде “Айчүрөк” соода борбордун жанындагы жер алдындагы өткөөлдөн башым айланган. Сейилдеп жүрүп өткөөлдүн бир жагынан кирип, экинчи жагынан чыксам эле баягы мен билген тааныш көчө эмес. Кайра артка кайтып башка жагынан чыксам кайра эле башка көчө. Бирөө-жарымдан суроо да ойго келбептир. Анан 2 сааттай өткөөлдүн ар жагынан бир чыгып, бул жагынан бир чыгып отуруп башым айланып калды. Ыйлап баштасам, бир милиция кызматкери келип үйүмдүн дарегин сурап, ошол жакка кетчү маршруткага салып жиберди. Азыр ойлосом, аябай эле кичинекей болсом керек. Болбосо кантип ошо кичинекей өткөөлдө эки саат башым айланып жүрмөк элем?!


Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 349, 10-16-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан