АКШ Максим Бакиевге карата козголгон кылмыш ишин токтотту. Аталган өлкөнүн прокуратурасы аны экстрадициялоо боюнча Лондонго жиберилген сурагын да кайра чакыртып алганын билдирди. АКШ тараткан расмий маалыматтарга ылайык, Максим Бакиев баалуу кагаздарга байланыштуу көз боёмочулук, алдамчылык боюнча оор кылмыш ишине шектелип жаткан.
Лондон полициясы тарабынан 2012-жылдын октябрь айында кыргызстандык «ханзаада» кармалып, ири суммадагы акча кепилдиги менен үй камагына чыгарылган болчу. «Алар кыргызстандык соттордой эмес, АКШда Максимге Кыргызстандан алып кеткен миллиондору жардам бере албайт, эми даана абакка түшөт» деген пикирлер айтылып жаткан.
АКШнын күтүүсүз кадамын кыргыз бийлиги, коомчулугу кабатырлануу менен кабыл алды. Анткени «Манас» аба майданында жайгашкан Транзиттик жүк ташуучу борбор боюнча келишим мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. АКШ бул борборун Кыргызстандан чыгарбай, келишимдин мөөнөтүн узартууну көздөп турганы айтпаса да түшүнүктүү. Демек, Максим Бакиевди Транзиттик борборду Кыргызстандан чыгарбай сактап калууга пайдаланууну көздөгөн. Ал аракеттен майнап чыкпады. Максим Бакиев Лондондо кармалгандан бери жарым жылдай убакыт өтсө да, кыргыз бийлиги борбордун келишим мөөнөтүн узартуу боюнча ооз ачпады.
«АКШ Бакиевге карата кылмыш ишин токтотуп, аны Кыргызстандагы абалды туруксуздаштыруу максатында пайдаланууну көздөп турат». Серепчилердин көпчүлүгү учурда ушундай жоромол кылышууда.
Курманбек Бакиевдин тушунда Кремлдин кредити менен «мына-мына база чыгат экен» деп турушканда дал ушул Максим Бакиев АКШ менен тымызын тил табышып, базанын аталышын өзгөртүү махинациясы аркылуу Путинди алдап кетишкенин «Викиликстен» өйдө жазып чыгышкан болчу.
АКШ менен Орусиянын ортосунда постсоветтик өлкөлөрдөгү таасир талаш чакчелекейинде бир базаны бир адамдын кунуна баалоо таң каларлык деле эмес. Эгер АКШ үчүн Транзиттик жүк ташуучу борбордун Кыргызстанда калышы ушунчалык эле маанилүү болуп кетсе, анан да кыргыз бийлиги калсын деген чечимге келсе, бир эле Максим Бакиев эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунда жашынып жүргөн Бакиевдердин баарын Бишкекке бир учак менен алып келип беришин күтсө деле болот.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg