Эгемендүү Кыргызстандын биринчи президенти, таланттуу окумуштуу Аскар Акаев бийлигинин алгачкы жылдарында өлкө үчүн чын эле алгылыктуу иштерди жасаган. Бирок... Өлкөнү башкаруу иштерине аялы, кызы, уулу, күйөө баласы аралашып, кызы спикер, уулу депутат, күйөө баласы «серый кардинал» болгусу келди. Үй-бүлөлүк мындай аракет Акаевдер үчүн да, бүткүл кыргыз өлкөсү үчүн да кейиштүү болду. Анын ордуна ажолук кызматка келген Курманбек Бакиев да уулу менен инилеринин бийликке жутунганынан улам өз өлкөсүнөн куулду.
Жакынкы эле жылдарда болуп өткөн бул окуялар Кыргызстандагы саясатчы аттуунун баарына сабак болушу керек эле. Бирок «Ар-намыстын» лидерине жете элек көрүнөт. Феликс Куловго жана жаш аялына байланыштуу дагы бир окуя коомчулуктун көңүлүн бурду. «Темир генералдын» аялы Фатима Абдрасулова Жаштар иштери боюнча партиялык кеңештин төрайымы болгусу келип жатыптыр. «Сунушту мен эмес, партиялаштар киргизди. Түрмөдө отурганымда жубайым партиянын каржы жагын колдоп турчу»,- деп Кулов аялынын амбициясын актай баштады.
Буга чейин Куловдун аялы Фатима Абдрасулованы «Ар-намыстын» Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлер тизмесинде алдыңкы орундардын бирине койгондугу катуу талкууга алынган. Ансыз деле Мамлекеттик каттоо кызматына, Азиз Батукаевге байланыштуу күмөндүү имиш-имиштер ээрчип жүргөндө Феликс Куловдун бийликке аялын таптап баштаганын эл кандай кабылдаар экен? Өзүнүн кадрлары чуулгандуу иштерден улам кызматтан алынып калса эле «коалициядан чыгам» деп коркута баштачу саясатчыга мындай талкуулар аброй алып келбейт.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg