«Жер-Үй» кенине жакын Таластын Чат-Базар айылында нааразылык акциясы 15-майда башталды. Акцияга облустун баш-аягынан 100 чамалуу киши чогулган. Алар «Кумтөр» маселеси чечилмейин «Жер-Үй» кенин иштетүүгө каршы турарын айтышууда.
Аталган алтын кени боюнча тендер 5-апрелде жарыяланган. 10-майга чейин кызыккан инвесторлор өздөрүнүн сунуштары менен документтерин тапшыруулары керек эле. Сынакка бир гана британиялык «Континент финанс» аттуу компания документтерин тапшырды. Шарт боюнча, кеминде эки инвестор болуш керек. Ошондуктан тендер болбой калды деп жарыяланды.
«Жер-Үй» алтын кенин иштетүү аракети мурунку президенттер учурунда эле башталган болчу. Апрель ыңкылабына чейин аны казакстандык «Визор групп» аттуу компания иштете баштаган. Ал инвестордук милдеттерин аткара албаганы үчүн өкмөт сот аркылуу лицензиясын жокко чыгарган. Бирок бул компания кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берип, 400 миллион доллар доо койгон. Андыктан «Жер-Үй» боюнча сынактын ишке ашпай калышына соттошуулар да таасирин тийгизүүдө. Конкурстун шарты боюнча, инвестор соттошууда пайда боло турган чыгашаны да көтөрүшү керек.
Кен адегенде 1002 миллион долларга бааланып, андан кийин 300 миллион долларга көтөрүлгөн. «Жер-Үйдө» 90 миң тонна алтын, 13 тоннадай күмүш запасы бар.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg