«РЕСПУБЛИКА» МЕНЕН «АТА ЖУРТ» ТОПТОРГО ЫДЫРАДЫ

Парламенттин 15-майдагы жыйынында 3 депутаттык топ өздөрүн расмий түрдө жарыя кылышты. Алар: «Реформа үчүн», «Өнүгүү», ошондой эле «Биримдик жана ынтымак» депутаттык топтору. Биринчи топко «ата журтчулар» Хажимурат Коркмазов, Роман Шин жана Нарынбек Молдобаев кирип, «Реформа үчүн» аттуу топ түзүштү. Ал эми «Республика» фракциясынын депутаттары Тынчтыкбек Шайназаров, Абдуллатип Режевалиев, Мирлан Бакиров, Бакыт Төрөбаев жетекчилик кылган «Өнүгүү» тобун түзүштү.
Мындан сырткары «Республика» фракциясынан чыккан Канатбек Исаев «Бирдиктүү ынтымак» аттуу топ түзүлгөндүгүн билдирди. Аны Канатбек Исаев жетектеп, топко «Республика» фракциясынын депутаттары Шаршенбек Абдыкеримов, Эльмира Жумалиева жана «Ата Журт» фракциясынын депутаты Алмазбек Баатырбеков кирди.
«Республика» партиясы өз кезегинде «Өнүгүү» тобун түзгөн 4 депутатын партиянын катарынан чыгарды.
Вице-спикер Б.Төрөбаевдин партиядан чыгарылышы менен анын парламенттеги кызматынан бошотуу маселеси фракцияда каралып, анын ордуна депутат Чолпон Султанбекованын талапкерлигин сунушташууда. Мындай кабарды депутат Максат Сабиров айтып чыкты. Ал эми Б.Төрөбаев: «Мени парламент шайлаган, кызматтан кетирүүнү же калтырууну Жогорку Кеңеш чечет»,- деген билдирүү жасады.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
TolonturCN
2013-05-25 12:53:23
Беш партия беш жакка тартса, ар бир партияда 20% укук болсо, бирикпей жарака кетип турган кыргызга да партиялардын ыдыраганы кыйраткан деле жаңылык эмес го. кыргызды өнүктүрүү үчн саясатчысыбы, бийлигиби, партиясыбы айтор баары 24 саат тынбай иштесе да арзыйтурган жердебиз.
0
sadykbek
2013-05-26 17:26:04
саны бар сапаты жок ушулар бизге керек. Биросу бетиме келип биз мындай салым киргиздик деп айтса. Мурдуму кесип берем. Ошол араба тарткан елим. Дагы еле ошол арабаны тартып журобуз.
0
№ 550, 17-май-23-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан