Биринчи Май райондук соту Бишкек шаардык кеңешиндеги былтыркы шайлоодо «Республика» фракциясынын депутаты ҮМҮТХАН ТЫНАЛИЕВАНЫ шайлоочуларга акча тараткандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, 150 миң сом айып салды.
«Мыйзам бузгандыгы үчүн 2012-жылы 6 ТОКОЙ чарба директору иштен бошотулган»,- деди Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча агенттиктин башчысы Сабир Атажанов.
11-майда Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Ат-Чабар айылында уулуу заттар көмүлгөн аймакта оттогон 133 КОЙ ууланып өлдү.
Бишкектин Ленин райондук соту 2012-жылы жергиликтүү кеңештин шайлоосунда «карусель» ыкмасын колдонгону үчүн айыпталып жаткан «Республика» партиясынын жаштар канатынын лидери НАРГИЗА АЖИБАЕВАГА карата козголгон кылмыш ишин токтотту.
Кыргызстанда бир мээрман айымга 20 ООРУЛУУ туш келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ысык-Көл менен Соң-Көлгө 6 МИЛЛИОН 122 миң майда балык коё берилди.
Быйыл ОРОЗО АЙЫ 9-июлдан 8-августка чейин деп белгиленди. Орозо айт майрамы 8-августта, Курман айт майрамы 15-октябрда, ал эми Кадыр түн 4-августтан 5-августка караган түнү болот. Айдын жаңырышына карата аталган даталар бир күнгө жылышы мүмкүн.
ТИМ Ооганстанда ТЕРРОРЧУЛАР ТУТКУНДАП алган кыргыз жараны бошотула электигин маалымдады.
Саламаттыкты сактоо министрлигинде атайын адистерден турган топ түзүлүп, жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында АЗИЗ БАТУКАЕВДИН ак кан илдети менен ооруганы анык деген чечим чыгарды.
Кыргыз парламенти Орусиянын депутаты ВЛАДИМИР ЖИРИНОВСКИЙГЕ Кыргызстанга кирүүгө тыюу салды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
best-life
2013-05-23 08:59:07
Оо "ак халатчан азезилдер" деп койчу "мээрмандарга" 20 оорулуу туш келсе анда алардын куну тууптур да.Элдерди тейлегенди билишпейт,соз айтсан иттен бетер арылдап беттен алышыат биздин мээрмандар.Маданият дегенди билишпейт,башка мамлекеттердеги мээрмандарды карап коргуло и биздикин салыштыргыла.Акча берсен жундору жатышып, а акчан жок болсо кызылыраак жерин болсо жулуп жешчудой болушат.Эми арасында бар анча-мынча адамдайы,бирок, бизде пациенттерди тейлоо ото анчар онуккон...
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.