Нурланбек Шакиев, "Ата Журт" партия лидеринин кеңешчиси: «ПАРЛАМЕНТТИК СИСТЕМДИН УҢГУСУН САКТАП КАЛУУ КЕРЕК»

– Өкмөттүн 2012-жыл боюнча отчёту парламенттик комитеттерде каралып баштады. Оппозициядагы «Ата Журт» партия лидеринин кеңешчиси катары Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүн кандай баалайсыз?
– Биринчи түзүлгөн коалициялык өкмөттө иштеген министр иретинде айтарым, андагы ысык-суукту жон терим менен сезип калганым үчүн мындай курама команданын иши натыйжасыз болоруна көзүм жеткен. Кандай өкмөт келбесин, ишинин жыйынтыгы көңүл жылытарлык болбой жатканына баары күбө. Анткени ар кайсы партиялардын өкүлдөрүнөн куралган өкмөттө бирдиктүү көз караш болбойт. Анын үстүнө Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген Министрлер кабинети «пенсионерлердин өкмөтү» атыга баштады. Буга кадрдык саясаттын, айрыкча жаш кадрлардын өгөйлөнүп, аларга иштөө мүмкүнчүлүгү берилбей жаткандыгы себеп.
Ага караганда Өмүрбек Бабановдун өкмөтүндө жаш өкүлдөр көп болчу. Айрым жагдайларда, мисалы, ишкердик жаатындагы жеке кызыкчылыктарын мамлекеттик кызыкчылыктан жогору коюп жибергени болбосо, бир топ реформаларды баштаган эле.

– Жаш же жаңы муундун кадрлары жалпы агымдан дагы кандай себептерден улам сүрүлүп калууда?
– Биздин саясатта улуу муун басымдуулук кылат, алар жалпысынан консерваторлор, эскичилдер. Жаштардын чечкиндүү чечимдерин кабыл алышпай, заманбап аракеттерин колдошпойт. Мисалга, Социалдык өнүктүрүүнүн экс-министри Кылычбек Султановду алып көрөлү. Ал кыргыз коомчулугуна жаңы көз караштагы менеджер-жетекчи катары таанылган, өз тармагындагы атаандаштарынан алдыга озуп чыккан. Анын отставкасына келсек, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө кайсы бир аткаминерге карата орундуу же орунсуз сын-пикир айтылса, ал автоматтык түрдө кызматынан кетет. Бизде, тескерисинче, «кет» демей сайын «креслодо» отурган көрүнүшкө көнүп калганбыз. Кылычбек Султанов жаңы муундагы өкүл экенин далилдеп, өз ыктыяры менен кызматтан кетип калды.

– Өкмөттүн ишмердүүлүгү купулуңузга толбой жатыптыр, сиздин оюңузча, кандай шарт менен ал эффективдүү иш алып барышы мүмкүн?
– Азыркы Баш мыйзам менен жашап жатканыбызга жакында үч жыл болот, бул аз убакыт. Эки жылдан кийин өтүүчү парламенттик шайлоодо азыркы партиялар иргелип, ирилешип, жыйынтыгында эки же үч партия гана жеңишке жетип, бирок көпчүлүк бир партиядан гана турса, бир партия бүт жоопкерчиликти моюндаса, жыйынтык да көзгө көрүнөрлүк болуп чыга келет.

– Парламенттик систем президенттик башкаруудан артыкчылыгын көрсөтө алдыбы?
– Мен супер президенттик башкарууга караганда азыркы системди колдой баштадым. Учурдагы Конституциянын эң башкы жемиши ачык-айкындуулук болду. Коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөрдү талкууга алууга жакшы шарт түзүлдү. Парламенттик, президенттик, өкмөттүк аппарат бири-бирин көзөмөлгө алып турганы да чоң жылыштарды камсыз кылууда. Айрым кемчиликтер бар, бирок өз убактысы менен аларды жоюу аркылуу азыркы Баш мыйзамдын уңгусун сактап калышыбыз керек.
Конституцияны иштеп чыгууда Өмүрбек Текебаевдин ролу чоң экендиги талашсыз. Ал чыныгы тажрыйбалуу парламентарий жана саясатчы. Ал тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып келет. Анткен менен Текебаевсиз кыргыз саясаты кызыгын жоготот.

– «Ата Журт» – президенттик башкарууну колдогон партия. Позицияңызды өзгөртүүгө эмне түрткү болду?
– Менин позициям олуттуу өзгөргөн жок. Адам болгондон кийин турмуштун агымына жараша көз караштын да өзгөрүүгө дуушар болуусу табигый көрүнүш. Ийкемдүү болбосоң, роботтон айырмаланбай калышың мүмкүн. Ооба, башында президенттик-парламенттик башкарууну жактачумун, убакыттын өтүшү менен парламенттик-президенттик башкаруунун айрым кемчиликтерин жоюу аркылуу туура жолго түшсөк болоруна көзүм жетти.

– Мындай өзгөрүү сизди башка партиянын катарына жетелеп барбайбы?
– Өзүм бир да партиянын мүчөсү эмесмин. «Ата Журтка» келсек, анын активдүү тарапкери, лидери Камчыбек Ташиевдин эң жакын соратнигимин. Эгерде кийинки шайлоого катышып калсам деле «Ата Журттун» катары менен эле барам.

– Учурда айрыкча оппозициядагы фракциялар ичинде бөлүнүү күч алууда. «Ата Журттун» ичиндеги маанай кандай?
– Бир эле оппозициядагы эмес, ошол эле бийликтеги КСДПнын ичинде пикир келишпестиктер бар. 2010-жылдагы шашылыш жана даярдыксыз шайлоо партияларга идеалисттер эмес, кызыкчылыгы убактылуу төп келгендердин биригип калганын көрсөтүп койду. Саясий негизде камакта отурган Садыр Жапаровдун ордуна фракциялык лидерликти Мыктыбек Абдылдаев аркалоодо. Анын саясий тажрыйбасы мол. Ошондон болсо керек, фракциядагы депутаттарды кыйла ынтымакка алып келип койду.
Ал эми партия лидери Камчыбек Ташиев баштаган «ата журтчу» депутаттардын саясий туткун катары абакта отурушу мыйзамсыз жана алар акталып чыгышы керек деп эсептейм.

Эльвира Караева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Парламенттик системдин уңгусун сактап калуу керек" дейт Нурланбек Шакиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
best-life
2013-05-20 11:59:48
Ммм... кайсыл жердин суусун ичсен ошол жердин арыгын чап дептир...
0
№ 550, 17-май-23-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан