Aсел Турдалиева Орусиянын Зеленоград шаарында өткөн Жеңиш күнүнө карата согуш тууралуу ырлардын фестивалына катышып келди. 15 өлкөдөн өкүлдөр келген фестивалга КРнын Коргоо министрлиги тарабынан жалгыз Асел айым тандалыптыр. Эне тилин баалайт деген ушул да, Орусияга барганда да, «Тынчтык керек» аттуу ырын эне тилинде ырдаганы сыймык жаратат.
«Фестивалда мени калыстар тобу азиат деп башкача карап жатышкан. Анан аскер кийимин кийип алып талантымды тартуулап, бийлеп жүргөнүмдү көрүп, көз караштары өзгөрүп, «кичинекей жоокер» деп атап алышыптыр»,- дейт ырчы.