«Сөзү Түмөнбай Байзаковго, обону мага таандык «Жалгыз гүл» аттуу чыгарманы казак ырчысы Нурдастан, «Байтерек» тобу уруксатсыз которуп алып ырдап жатышыптыр. Менин бул жөнүндө кабарым жок болчу. Акылбек Жеменей деген казак ырчысынын продюсери ушул ырыма кызыкдар болуп, ырдоого укук алайын деп келгенде ошондон угуп жатпайымбы. Ишенбей, интернетке кирип издесем, чын экен. Жеменейдин продюсери менен бирге «Кыргызпатент», «Казакпатенттен» келишим түзүп, мен макулдугумду бердим. Эми «Казакпатент» Нурдастан менен «Байтерек» тобунан ырдоо укугун алып салмай болду. Эгерде ага да болбой ырдаганын токтотушпаса, соттошконго чейин барам»,- дейт кейиген Съездбек Искеналиев.