СӨӨЛ – ЖУГУШТУУ ООРУ

Сөөл чоң кишилерден да, кичине балдардан да жолугат. Сөөлдү адам денесинде алып жүргөнү менен, ал жугуштуу экенин биле бербейт. Сөөлдү пайда кылуучу вирус аялдарды жатын моюнчасынын рак оорусуна жеткирерин уккандар ишенбөөсү да мүмкүн. Төмөндө сөөл боюнча маалыматтар.

Сөөл эмнеден пайда болот?

Сөөлдү негизинен папиллома вирусу пайда кылат. Аталган вирустун 100дөн ашык түрү бар.
Сөөлдүн тамыры болбойт жана бутактанып өспөйт. Вирус жуккандан тартып анын биринчи белгиси пайда болгонго чейин (инкубациялык мезгил) 7 аптадан 5 айга чейин убакыт өтөт. Вирус коомдук жайлардан: мончодон, бассейнден, спорт залдан; буюмдардан: бирөөнүн сакал алгычынан, сүлгүсүнөн, бут кийиминен жана башкалардан жугушу мүмкүн. Учурда бассейнге каттоонун сезону болгондуктан, вирусту жугузуп албоого аракет кылуу абзел.
Мындан тышкары, иммунитет төмөндөгөндө организм вируска туруштук бере албай, сөөл өсүп кетет. Ал эми көп тердөө, күндүн зыяндуу нурларынын таасири сөөлдүн чоңоюп жана көбөйүп кетишин шарттайт. Тери жаракатка кабылганда, мисалы, кесилип же айрылып-тытылганда вирусту жугузуп алуу коркунучу чоң. Андыктан кесилген, тытылган жерлерге дароо йод же башка дары-дармектерди сыйпап айыктыруу керек.

Түрлөрү

Сөөл жалпак, жөнөкөй жана тамандын сөөлү болуп бөлүнөт.
Сөөл дененин каалаган жеринде, мисалы, колтукта, моюнда, эмчекте, көздүн сурмасында, эринде, мурунда, ооздун былжыр чел кабыгында, таңдайда кездешиши мүмкүн. Бирок көбүн­чө кол-буттун манжаларында, таманда, жаакта кездешет.
Мындан тышкары, сөөлгө жыныс органдарында кездешүүчү кондиломаны да кошууга болот.

Сөөл жатын моюнчасынын рагына чейин жеткизет

Кондилома берки сөөлдөрдөн венерикалык оору түрүнө киргендиги жана жыныстык кошулуудан жуга тургандыгы менен айырмаланат. Сөөлдөрдүн ичинен эң коркунучтуусу дал ушул кондилома болуп эсептелет. Анткени кондилома жайылып отуруп жыныс органдарын, андан өтүп анустун (арткы тешиктин) айланасын каптай баштайт. Кээде жыныс кынына, жатын моюнчасына дейре жайылып кетет. Мындай болгондо вирус жатын моюнчасынын залалдуу же залалсыз рак оорусун пайда кылуусу мүмкүн. Кондилома сөөлүн короздун таажысына же капустага (броколли) окшоштурушат.
Айта кетүүчү нерсе, адамдын денесиндеги тубаса меңдерди (невус) сөөл менен алмаштырууга болбойт. Бул тууралуу кийинки сандарыбызда сөз кылмакчыбыз.

Дарылоо жолдору

Кээде сөөлдөрдүн өзүнөн-өзү жок болуп кеткен учурлары кездешет. Мындай көрүнүш 40-50 пайызды гана түзөт жана көбүнчө балдарда кезигет.
Дарылоодо жөнөкөй жана жалпак сөөлдөр 1-3 ай ичинде кетип калат. Ал эми таман сөөлүн дарылоодо 2 айдан 5 айга чейинки убакыт керектелет. Кондиломаны жок кылууда өтө этияттык керектелет жана узак убакытты ичине камтыйт.
Сөөлдү жок кылуу үчүн негизинен суюк азот, электр тогу менен күйгүзүү, лазер менен жок кылуу ыкмалары колдонулат. Аталган ыкмаларды дарылоодо ооруну сездирбөөчү дары-дармектер колдонулгандыктан, оорутуу сезилбейт.

Жок кылуу үчүн колдонулуучу каражаттар

Пластырлар. Сөөлдү жок кылууда колдонула турган мындай пластырларга салицил кислотасы сиңирилип коюлат.
“Суперчистотел”. Сырттан сыйпалуучу бальзам. Сөөлдү жок кылууда эң таасирдүү каражат.
Е витамини. Жаңы чыгып келе жаткан сөөлдү кетирүү үчүн дарыканадан Е витаминин (майлуу эритме) сатып алуу керек. Аны жука чүпүрөк же салфетканын бетине куюп, сыртынан байлап, 1 сутка коюу кажет. Курс 2-6 аптага созулат жана ар күнү таңууну алмаштырып туруу зарыл. Сөөл алгач кичирейип, анан жок болот.

Сөөлдү өз алдынча жок кылууга болбойт!

Сөөлү бар адам эч качан дарыгердин кеңе­шисиз аны өз алдынча жок кылууга ара­кет кылбоосу кажет. Себеби жок кылам деп отуруп, сөөлдөрүнүн санын көбөйтүп же чоң шишикке айлантып жана соо жерди кошо күйгүзүп алуусу толук мүмкүн. Ошондуктан сөө­лүн жок кылгысы келгендер сөзсүз дарыгерге көрүнүп, анын кеңеши менен гана дарылануусу ка­жет. Ошондой эле жогоруда аты аталган дарыларды өз алдынча колдонуудан мурда дарыгерге кайрылуу керек экендигин эскертебиз.

Вирусту жугузуп албоо үчүн кеңештер

Сөөлдү пайда кылуучу вирусту жуктуруп албоо үчүн гигиеналык эрежелерди катуу сактоо керек.
Бирөөнүн кийимин, бут кийимин жана башка буюмун колдонбоо кажет. Бассейнге, мончого барганда жылаңайлак жүрбөй, өзүнө гана тиешелүү бут кийимди кийип жүрүү керек.
Жыныс органдарына чыгуучу кондиломага кезиккенде, толук дарыланып айыккыча жыныстык катнашты токтотуп туруу керек. Болбосо, түгөйүнө ооруну жуктурушу турган кеп.
Сөөлү бар адамды карап баккан адам да гигиеналык эрежелерди толук сактабаса, ал адам дагы сөөл илдетине чалдыгышы мүмкүн.
Пляжда күнгө узакка кактанууга болбойт. Анткени күндүн зыяндуу нурунан иммунитет төмөндөп, денеге сөөлдүн чыгып кетишине себепкер болот.
Оозунда сөөлү бар адам менен өбүшүү да коркунучтуу. Анткени вирустун жугуусу толук мүм­күн. Адамды өпкөндө сөөлү бар жеринен өбүүгө болбойт.

Статистикадан

  • Кайсы учурду албайлы, элдин 10 пайызы денесинде сөөлдү алып жүрөт.
  • Калктын 75 пайызга жакыны өмүрүндө жок дегенде бир ирет сөөлгө кез келет.
  • Сөөлдөн кутулуу үчүн жер жүзүндөгү адамдар жылына 125 миллион долларга жакын акча коротушат.
  • Сөөл безеткиден кийинки эң эле көп таркаган тери оорусуна кирет.
  • Папиллома тууралуу алгачкы баян Байыркы Грециянын тарыхында кезигет.

Сөөлдөн кутулгуңуз келсе...

Кадимки жаңгактын жалбырагын бир идишке салып, үстүнө суу куюп кайнатып алат. Анан кайнатма сууп калганда сөөлдүн үстүнө жалбыракты суусу менен басып, целлофан коюп таңуу кажет. Муну күндүз деле бир нече ирет жасай берүүгө болот. Сөөл алгач карарып, анан өлчөмү кичирейип баштап, акырында жоголот.
Байтеректин (осина) суу отуну күйүп жатканда жаракаларынан көбүк чыгат. Көбүктү ылайыктуу нерсе, мисалы, чай кашыктын сабы менен чогултуп алып, сөөлдөргө сыйпоо кажет. Үстүн жаппай ачык калтыруу керек. Ыкманы сөөл жоголгуча колдонуу туура.
Кайыңдын тышкы кабыгынан алынган дарыны (берёзовый деготь) дарыканадан сатып алып, сөөлгө күнүгө сыйпоо кажет. Дарынын жыты кескин ачуу болгондуктан, аны кечки убак сыйпап, жатар алдында жууп салса болот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Sanjarbratt
2012-03-03 11:43:31
пайдалуу кенештер экен
0
№ 349, 10-16-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан