КИНОЧУЛАРДЫ КУБАНТКАН «АК ИЛБИРС»

15-майда Бишкекте «Ак илбирс» улуттук киносыйлыгынын экинчи фестивалы өтүп, анда режиссёр Эркин Салиевдин «Ханбийке Назик» тасмасы көп наамды алып кетти. «Эң мыкты тасма» наамын алган бул кино бир эле режиссёрдун эмес, бир канча эмгекчи топтун да багын ачыптыр. Анда эмесе жеңишке жетишкен мыктылар менен тааныштыралы.

«Эң мыкты сценарист» – «Ханбийке Назик» (Эркин Салиев)
«Эң мыкты аялзатынын ролу» – «Ханбийке Назик» (Айдай Салиева)
«Эң мыкты мырзанын ролу» – «Мезгил жана Алыкул» (Чыңгыз Мамаев)
«Эң мыкты оператор» – «Ханбийке Назик» (Хасан Кыдыралиев)
«Эң мыкты режиссёр» – «Ханбийке Назик» (Эркин Салиев)
«Эң мыкты даректүү тасма» – «Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?» (Абдуалим Мамадалиев)
«Эң мыкты кыска метраждуу тасма» – «Жымжырт» (Наргиза Маматкулова)
«Эң мыкты көрүмдүү тасма жана продюсер» – «Президент жана бомж» (Ырыс Окенова, Өмүрзак Төлөбеков)
«Эң мыкты монтажчы» – «Мезгил жана Алыкул» (Элдияр Мадакимов)
«Эң мыкты үн режиссёру» – «Мезгил жана Алыкул» (Али Ахмадеев)
«Эң мыкты көркөм сүрөтчү» – «Ханбийке Назик» (Эркин Салиев, Азамат Мамбетов)

Ошондой эле «Улуттук кинематографияга кошкон зор салымы үчүн» режиссёр Геннадий Базаров да «Ак илбирстин» статуэткасы менен сыйланды.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
knk
2013-05-20 16:24:12
Ханбийке Назик эмне жонундо кино экен? Айтып койгулачы.
0
Nevajno
2013-05-24 13:07:17
knk, роза аманованын тагдыры тууралуу деп уккан жайым бар анан дагы билбейм
0
Debi
2013-05-20 19:09:38
Каяктан көрсөк болот, хан бийкени?
+3
mi-li-na
2013-05-22 08:36:22
Нурбек Эгендин да эн мыкты, эл суйуп корчу тасмалары бар эмес беле, же бул жерде трайбализмдин жыты барбы яяаа...
0
snejinka
2013-05-23 12:52:11
"Ханбийке Назик" тасмасын баарын утуп алган го, "Президент ж-а бомж" м-н "Ээнсиреген уй" кайда????....
0
fara2503
2013-05-23 22:39:03
Салам нью йорк чу кайда ал
0
№ 550, 17-май-23-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан