МАЙ АЙЫ КҮРӨШТҮН ТАГДЫРЫН ӨЗГӨРТӨБҮ?
Үстүбүздөгү жылдын май айы күрөштүн тарыхында жазылып калмакчы. Анткени 18-майда Москвада FILA`нын (Эл аралык күрөш федерациясы) кезектеги отурумунда жаңы президент шайланат жана классикалык күрөштүн атайын иштелип чыккан жоболору бекитилет. 30-майда болсо ЭОКтун (Эл аралык олимпиада комитети) аткаруу комитети күрөштү Олимпиада оюндарынын курамында калтыруу же алып салуу боюнча жыл башында козголгон маселени карап, акыркы чечимди чыгарат. Учурда дүйнөдө күрөштү сактап калууну каалаган мамлекеттер атайын мелдештерди уюштуруп жатышат. Ал эми күрөш өнөрүн аздектеген Кыргызстанда ала жаздан тарта эле уюшулуп келет. Бул мелдештердин бири 9-май күнү Ноокат районундагы Сахаба кыштагында орун алып, Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына арналды.
САХАБА – КҮРӨШТҮН БОРБОРУ
Ноокат районундагы Сахаба гүлбагын уксаңыз керек? Пайгамбар жашаган заманда ислам динин жайылтуу максатында анын сахабалары келип түшкөн экен. Кийин ушундай аталышты алып, ыйык жерлердин катарына кирген. Сахаба 6 жылдан бери жылына бир ирет өлкөдөгү күрөштүн борборуна айланат. Бул жерде быйыл 6-ирет бел боо күрөшү боюнча расмий эмес түрдө Азия чемпиондугу өттү. Мелдешти ЖКнын депутаты Алтынбек Сулайманов демилгелеп, жыл сайын өткөрүп келет. Бул жылкы мелдешке Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандан чогулган 300гө чукул балбан катышты.
БЫЙЫЛ 10 000 АДАМ ЧОГУЛДУ
Мелдеш 80 килограмм салмактык бөлүккө чейин жана 100 килограмм салмактан өйдөкүлөр арасында орун алды. Башкы байгеге коюлган 2 унаа жеңүүчүсүн күн аркан бою көтөрүлгөндөн тарта тээ күн баткан убакка чейин ушул салмактар боюнча күтүп турду. Сүрөөн дегенди Ноокат элинен үйрөнсөк болчудай.
Алгач бардык балбандар олимпиадалык систем боюнча чүчүкулактын негизинде атаандаштарын тапты. Анан утулгандар улам унаа утууга болгон мүмкүнчүлүгүн жоготуп, күчтүүлөр иргеле берди. Сахабадагы чакан стадион калпакчан кыргыз улутундагы жарандарга жана топу кийген өзбек туугандарга жык-жыйма толуп, мелдешке так эмес маалыматтарга караганда, 10 000 киши күбө болду.
КӨП МЕЛДЕШТИ УТУП КЕЛГЕН НУРБЕК
Күн козголуп ордунан жыла берди. Бирок тегерек аянтчада күрөшүп жаткан балбандарды жардана карап турган эл ордунан жылбады. Тээ күн батарда барып мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. 80 килограммга чейинки салмакта Ноокаттын кулуну Мирбек Карабаев чемпион аталса, абсолюттук салмакта чемпиондук айтылуу Баямандын жээни Нурбек Акановго тийди. Акановдун жеңишин эл «Баяман тирилип келгендей болду. Азамат!» деп кабылдап, катуу сүрөп турушту. Тажикстандан келген балбандар да жеңишке жакын болчу. Бирок өз үйүндө намысты бере коё турган түрү жок кыргыз жигиттери аларды финалга да жеткирбеди. Улам уу-дуу жарылып жаткан элдин сүрөөнү да конокторду баш байгеге коюлган Ауди жана Одиссей унааларынан куру калтырып, эки унаанын тең Ош жергесинде калуусуна шарт түздү.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg