ЛИМОН ӨСТҮРҮП ПАЙДА ТАПСА БОЛОТ

Лимон – жылуулукту сүйүүчү цитрус өсүмдүгү. Бирок аны Кыргызстандын аймагында теплицада өстүрүп, түшүм алып, пайда тапса болот. Андай бизнес кылгандардын бири баткендик Садырбек Кожоев лимон өстүрүүдөгү тажрыйбасы менен бөлүшөт.

ТЕПЛИЦА КУРУУ ЖАНА АГА КЕРЕКТҮҮЛӨР
Теплицалардын түрлөрү көп. Алардын бири траншея түрүндөгү теплица. Бул ирет узундугу 13, туурасы 7 метр болгон 10 түп лимон өстүрүүгө ылайыктуу ушундай теплицаны куруу боюнча кеңеш бермекчибиз. Мунун эки башына дубал, ал эми 2 капталына дубал тургузулбай, арматуранын үстүнөн эле клеёнка жабылат.

Пайдубал үчүн
Пайдубалдын бийиктиги – 70 сантиметр, ал эми туурасы – 40 сантиметр
Цемент – 2,5 тонна (килограммы 7 сом) – 17 500 сом
Шагыл – 12 тонна (1 тоннасы 583 сом) – 7000 сом
Кум – 9,5 тонна (тоннасы 350 сом) – 3325 сом
Пайдубалга кеткен чыгым – 27 825 сом

Дубал үчүн
Кум – 2 тонна (1 тоннасы 350 сом) – 700 сом
Цемент – 200 килограмм (килограммы 7 сом) – 1400 сом
Пескоблок – 400 даана (даанасы 27 сом) – 10 800 сом
Дубалга кеткен чыгым – 12 900 сом

Үстүн жабуу үчүн
Арматура (темирден) – 500 метр (метри 15 сом) – 7500 сом
Электрод – 2 куту (1 кутусу 300 сом) – 600 сом
Клеёнка – 26 метр (1 метри 60 сом) – 1560 сом
Ширетүүчүнүн акысы – 6000 сом
Үстүн жабууга кеткен жалпы чыгым – 15 660 сом

Теплицанын жылуулугун сактоо үчүн 
2 темир меш (1 меш 3000 сом) – 6000 сом
Көмүр 1,5 тонна (1 кыш үчүн 1 килограммы 7 сом) – 10 500 сом
Теплицанын жылуулугу үчүн кеткен чыгым – 16 500 сом

Лимон көчөтүн сатып алуу үчүн
10 түп (1 түп көчөт 300 сом) – 3000 сом
Жалпысынан чыгаша 75 885 сомду түздү

Теплица куруу
Теплицанын жалпы бийиктиги 3-3,5 метр болот.
1-кадам. Алгач теплица курула турган жер тандалып, белгиленет. Анан ал жердин ичи 1 метр тереңдикте казылып топурагы сыртка ташылат. 
2-кадам. Теплицанын пайдубалы казылган жерден 1 метр алыстыкта тургузулат. Бул казылган жер көчүп, пайдубалга коркунуч келбеши үчүн керек.
3-кадам. Башы менен аягына пескоблоктон дубал тургузулат.
4-кадам. Дубал бүткөндөн кийин темирден жасалган арматуралар ийилип ширетилет. Дубалдын бир тарабына эшик курулат.
5-кадам. Мештер орнотулат.
6-кадам.  Теплицанын үстүнөн клеёнка жабылат.
7-кадам. Лимон көчөтү отургузулуучу жерге топурак, кум, кык аралаштырылып чачылат. Мунун 20 пайызы  кум , 30 пайызы кык, калган 50 пайызы топурак болушу керек.
8-кадам. Жер даяр болгон соң лимон көчөттөрү аралыгы 2,5 метрден отургузулат.

КАНЧА ЖЫЛДА МӨМӨ БЕРЕ БАШТАЙТ?
Отургузулган көчөт 3 жылдан кийин өз мөмөсүн бере баштайт. Алгач бир түп лимон 4-10 даана мөмө берсе, түшүмү жылдан жылга көбөйүп отуруп, төрт жыл өткөндө орто эсеп менен бир түбү 500 даанадан берет.
Теплицанын ичиндеги жылуулук жыл бою +15 градуста сакталышы кажет. Ушул температурадан түшпөсө, анда лимон бир жагынан бышып, бир жагынан гүлдөй берет. Гүлүн 15 күндө төгүп, мөмөсү 3-4 айда бышат.

ЗЫЯНКЕЧТЕРГЕ КАРШЫ КАРАЖАТ 
Лимонду көбүнчө шире басып калат. Андан арылтуу үчүн В-58 (фосфамид) деген дары колдонулат. Анын 100 граммы 100 сом. 100 грамм дарыны 10 литр сууга аралаштырып даракка чачуу кажет. Лимондун бою кароосуна жараша өсө берет.

ЖАҢЫ КӨЧӨТ ДАЯРДОО
Лимондун кичирээк бир бутагын кесип, анын 2 жалбырагын калтырып, калган бөлүгүн кесип салуу кажет. Минткенде калемче пайда болот. Калемчелер ар бири 5 граммдан алынган корневин, гетероауксин аттуу дарылар кошулган сууга 16  саатка салынат. Андан кийин атайын идишке отургузулуп, баягы дары аралаштырылган суу түбүнө куюлат. Бул дарылар таякчадан тез тамыр чыгарууга жардам берет. Дарылардын 5 граммы 100 сом турат. Көчөт 2-3 жылдык болуп өскөндөн кийин гана жетилди деп жерге отургузулат.

СУУКТА КАМ КӨРҮҮ
Суукта  теплицанын ичине орнотулган мештерге от жагылат. Ал эми жазында теплицанын үстү жабылган клеёнка алынып салынат. Ал жакшы сакталыш үчүн жерге көмүп коюу керек. Кыш келгенде көмүлгөн клеёнканы алып, колдоно берсе болот.

ТҮШКӨН КИРЕШЕ
Лимон дарагы теплицага отургузулгандан кийин төртүнчү жылы жакшы түшүм берип, кеткен чыгымдарды актай баштайт. Мисалы, ар бири 500 даана мөмө берсе, аны 25 сомдон сатканда 125 000 сом акча болот. Ошентип, теплицага отургузулгандан 4 жылдан кийин, көмүр, дарыларга кеткен чыгымдарды кошпогондо, таза кирешелер көп болот.

«ЖЫЛДЫК КИРЕШЕМ 50-60 МИҢ СОМ»
Бизге кеңешин айткан САДЫРБЕК КОЖОЕВ мырза лимон өстүрүп соода кылат.
– Мен лимон өстүрүү менен 4 жылдан бери алектенем. Теплицамда учурда 10 түп лимон бар. Алардын ар бири орто эсеп менен 500 даанадан мөмө бере башташты. Дүң баада 1 чоң даанасын 25 сомдон, орточосун 20 сомдон тапшырабыз. Жалпысынан 1 жылдык кирешебиз орто эсеп менен 50-60 миң сомду түзөт. Бирок лимон суукка чыдамсыз, –2 градуста эле үшүк алып кетет.
Лимондун жаш көчөттөрүн сатсаң да жакшы пайда көрөсүң. Мен жылына 50-60 жаңы көчөт даярдап, ар бирин 300 сомдон сатам. Айта кетчү нерсе, лимон данегинен эмес, көчөттөн отургузулат. Көчөттөн отургузулганы 3-4 жылда мөмөсүн бере баштаса, данектен өнүп чыкканы 20-25 жылда мөмө берет.

P.S.Керектүү материалдардын баалары Баткен шаарындагы баа боюнча берилди. Аймактарда айырмачылыктар болушу мүмкүн.

Бегайым Тажибай кызы
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Shekerbek
2013-06-01 16:39:45
балээ го
0
akilbirs
2013-06-03 09:19:33
Bishkekte kochotun kaysi jerden satyp alsa bolot?
0
azezil
2018-01-31 11:24:06
супер!!!!
0
№ 550, 17-май-23-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан