Аял жан жаратып, өмүр берет. Айрымдарды ыйлатып, ал, балким, түбөлүк арман болуп кала берет. Кимдир бирөөнүн очогун бузуп, тагдырынын таш-талканын чыгаргандар да жок эмес. Аялдардын дал ушундай ар түрдүү кырдаалы, кыялы акындардын ыр сабында.
«КҮН БАЛА»
Фатима Абдалова
Жүрөгүмдүн астына жүрөк бүттү,
Жүз тамылжып, аялуу сезим үрктү.
Колум менен өпкүлөп сонуркадым,
Колум менен тыңшадым кош жүрөктү.
Кош жүрөктүү болупмун чогуу соккон,
Эне сезип, эзилдим Улуу Жолго.
Өзүмө өзүм ичимден куттук айттым,
Бир керемет кубантып акты бойдо.
Өзүм үчүн жашаган күндөр бүттү,
Карбаластап кам көрдүм Улуу Күнгө.
Балам үчүн өзүмдү аяй түштүм,
Башымды ийдим, мендеги тирүүлүккө.
Көрбөй жатып көзүңдү сүйдүм сени,
Тепкилесең, элжиреп күлкүм келди.
Сыймык артып сыладым курсагымды,
Мен көтөрүп тургандай Улуу Жерди.
«ӨКҮНҮЧ»
Сатывалды Сайпидин уулу
Муңдуу пери, көзүнөн тамчы кулап,
Карт даракка жөлөнүп ойлуу турат.
Сулуу жүзү, көзүнөн аккан жашы,
Байкаган ар бир жандын оюн бурат.
Ыйлайт пери, кулаган жашын сезбей,
Жүрөк согот өкүнгөнсүп улам тездей.
Аттиң, ай, жыргал күндөр кайтар бекен,
Сагындырган ойлору жок бала кездей.
Төрт күн болду, наристесин таштаган,
Кутулдум деп жаңы жашоо баштаган.
Түшкө кирип наристеси бейкүнөө,
Уктай албай, ыйлап көзүн жаштаган.
Эмне кылат, кандай арга табылат?
Кайра алса, ал каран түнгө кабылат.
«Кыз кезинде төрөп салган кыз да» деп,
Бир өмүрү жек көрүүгө кабылат.
Жардам берчи бир пендеңе, Жараткан,
Күндөн-күнгө өңдөн азып бараткан.
Ыраазы болом, эмчегимди эмизип,
Жок дегенде бир түн бала каратсаң.
«ЭХ, АЙБАНДАР,КЫРГЫЗ КЫЗЫН САБАГАН»
Эх, жырткычтар, акылы жок айбандар,
Кыргыз болуп, адепсиздик жайгандар.Мыкаачылык – патриоттук эмес бул,
Мындай кылбайт эл деп башын сайгандар.
Көз көрүнөө зордук кылган аялга,
Эй, бурадар, сөзүмдү укчу, аярла.
Байкасаңар, силер тепкен топ эмес,
Биз сыйлаган ал ыйык зат аял да!
Кандай барды ошол буттар тепкенге?
Жарабайт го ошол колдор кетменге.
Кыргыз болсо салым кошот беле дейм,
Жакшылыктын үрөндөрүн сепкенге.
Эй, акмактар, бычак менен ойногон,
Силер, чөөлөр, өзүн арстан ойлогон.
Кыргызымда кол көтөрбөйт аялга,
Жылансыңар ичтен чыгып сойлогон.
Ойлодуңбу тагдырын сен ал кыздын?
Уят кылдың, аялзатын кыргыздын.
Кайда кетти кадырлоочу аялды,
Урпактары Манас менен Чыңгыздын?
Эй, бейадеп, оозу жаман булганган,
Из жашырып, динди бетке чулганган.
Айбансыңар, силер кыргыз уулу эмес,
Намыс деген улуу заттан кур калган!...
«АЙЫМАЙ БУЛАК»
Шайлообек Дүйшеев
Үкү түнгө нурлары агып Айдын,
Үлп эткенде айылга жарык айдың.
Үлбүл-үлбүл акемди азгырган үй,
Үйү болчу жароокер Айымайдын.
Үйдүн үстү гүл өндүр булак эле,
Үйгө акем, булакка ат кумар эле.
Аркы өйүздө дүкөнчү бойдок келин,
Айымай, ай, чүрөктөй жубан эле.
Багелекти суу кылып ала качып,
Бара калсам, колумдан алып басып.
«Акжалыңар үйдөбү?» дечү менден,
Чөнтөгүмө момпосуй салып жатып.
Айдын жолун махабат улаганын,
Агыш таңга шүүдүрүм кулаганын.
Айымайдын мен анда кайдан билдим,
Акжал эмес, акемди сураганын?..
Деп келишчү келиндер жайып айыбын,
Дебейсиңби: «Аныңды алып алгын!»
Деп келишчү келиндер: «Билесиңби,
Атын көрдүк үйүнөн Айымайдын».
Атын кээде шылтоолоп сугарууга,
Акем кетчү Айымай булагына.
Жеңем, жеңем… Бирок негедир коргой берчү,
Жел сөздөрдү жеткирбей кулагына.
Алтын жеңем… Жарк этип күлүп эле,Акем болсо дооранын сүрүп эле.
Айымайдын үйүнө кетип калчу,
А деп, бу деп урушпай жүрүп эле.
Акем кетчү жөн кетпей атын алып,
Жеңем ишке киришчү жашып алып.
Чочулачу белем же бактысынан,
Чогулта албай калчудай чачып алып.
«Асек кетти» деген сөз «катын алып»,
Аркы өйүздөн бүйүзгө ташып агып.
Алты айдан соң үйүнөн Айымайдын,
Акем кайра келчү эле атын алып.
Ушак жүргөн жолдордон чаң учурбай,
Ушул үйдүн абийири, намысындай.
Жашай берди жеңем да, Айымай да,
Жатындашка баш кошкон абысындай...
Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg