КАЗ БАГАБЫЗ

Каз дегенде эле көз алдыбызга майпаңдап баскан үй канаттуусу элестээри бышык. Аны эл арасында «канаттуу кой» деп да коюшат. Каздын үй канаттууларынын катарын толуктаганы үч миң жылдан ашуун мезгилди камтыйт. Бүгүнкү макалабыздын негизги өзөгү каздардын породасы, аларды багуу тууралуу болмокчу.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КАЗДЫН ТҮРЛӨРҮ ЖАНА АЛАРГА МҮНӨЗДӨМӨ
Дүйнө боюнча үй шартына көндүрүлүп багылып келаткан каздардын породасынын саны 26га жетет. Ал эми Кыргызстанда 9 чакты породасы бар. Булар дын ичинен эттүүлүгү боюнча алдыңкы орундагы кеңири тарагандар: ири боз каз, кытай, кубань, горький, рейн, италия жана холмогор каздары. Көпчүлүк породалар элдик селекция жолу менен пайда болгон.

КАЗДЫН ЭТИ 3-5 ЖЫЛДАН КИЙИН КАТУУ БОЛУП КАЛАТ
Каздар тоок же үндүктөрдөй болуп бир топто 10 чактыдан эмес, 3-4төн болуп жашашат. Бир топко 1 эркек жана 2-3 ургаачы каз бөлүнөт. Эгер андан ашып кетсе, жумурткалоосу начарлап кетет. Топко каздарды 9 айлык кезинен тарта кошуп, 3-5 жылга чейин гана кармоо керек. Андан соң союп же сатып жиберген оң. Анткени ургаачыларынын жумуртка берүүсү азайып, эркеги менен ургаачыларынын эттери да катуу тартып калат. Башкача айтканда, карып калат. Ал эми породанын асылдуулугун арттыруу үчүн эркек казды 3 жылда бир алмаштырып туруу зарыл.

ТУКУМУН КӨБӨЙТҮҮ ҮЧҮН ЖУМУРТКАГА КАМ КӨРҮҮ КЕРЕК
Каздар породасына жараша айрымдары 8-10 айлык кезинен тарта тууй баштайт. Бирок алар жылына орто эсеп менен 50 чакты жумуртка тууйт жана бул убакыт февраль-июндун аралыгында өтөт. Андыктан көпчүлүк жумурткалар балапан чыгарууга гана жумшалат. Жумурткаларын уядан жаңы туулары менен алып, салкын, кургак жайга сактоо кажет. Анткени ысык жумуртканын майда тешиктери муздагандан кийин гана бүтөлөт. Болбосо ысык жерде калып кетсе, жумуртканын ичине аба толуп, аба менен кошо микробдор кирип, түйүлдүктүн өлүп калышына себепкер болот. Ошондой эле уяда көпкө туруп калса, каздар тебелеп, жумуртка чайкалып калат.

БАЛАПАН ЧЫГАРУУ
Балапан чыгаруу үчүн жумуртка тандоодо көңүл буруучу жагдайлар
:

  • Кабыгы тегиз болушу керек.
  • Жумуртканы жарыкка каратып ичине көз жүгүртүү зарыл. Жумуртканын сарысы күңүрт түстө, дал ортосунда болууга тийиш жана акырындык менен айлантканда сарысы ордунан жай кыймылдайт. Ал эми белогунда эч кандай так болбошу керек.
  • 15 күнгө чейинки жумурткалардан балапан чыгаруу мүмкүнчүлүгү жогорураак.

Жумуртка бастырууга март айынын аяк чени, апрелдин башы ылайыктуу. Балапандар жумурткадан 28-30 күндөн кийин чыга баштайт. Биринчи чыккандарын улам энесинен бөлүп, жылуу жайга чыгарып туруу зарыл. Болбосо энеси тебелеп өлтүрүп алышы мүмкүн. Балапандар баары чыккан соң гана энесине кайра кошулат. Бир каздын алдына көлөмүнө жараша 9-11 даана жумуртка салынат.

ТОЮТУ
Жаңы чыккан балапандардын тоютун бышырылган жумуртка, быштак, майдаланган жем жана көк чөптөр түзөт. 10 күндөн кийин сууга бышырылган картошка, кызылча сыяктуу жашылчаларды берүүгө болот. Ичүүчү суусун дайыма жаңыртып туруу зарыл. Ошондой эле профилактикалык максатта жумасына бир ирет сууга марганцовка аралаштырып берсе, оорулардын алдын алат.
Ал эми 30 күндөн жогорку каздар жемдин бардык түрүн жей беришет. Күз-кыш мезгилинде ширелүү жашылчаларды сууга бышырып берүү зарыл. Каздар чөптү көбүрөөк жегендиктен, аларга жайыты бар аймактар ылайыктуу. Каздар суу канаттуусуна кирет, демек, аларга сууга жуунуп туруусуна шарт түзүш керек.

КАРМООЧУ ЖАЙ
Каздар суукка чыдамдуу келишет. Андыктан кыштын эң суук күндөрү гана жылуу жайга киришет. Каздарды кармоочу жайдын ичи акталып, тазаланып турушу керек. Полго буттарынан сыз өтпөш үчүн саман, жыгачтын таарындысы, кургак жалбырактар төшөлөт. Кармоочу жай дайыма жарык, кургак жана салкын болгону жакшы. Себеби 10 каз 1 күндө орточо эсеп менен денесинен 2 литр сууну буулантып чыгарып турушат. Андыктан кармалуучу жай нымдуу болуп кетсе, каздар кыштын суугунда тоңуп калышы мүмкүн. 2 казга 1 чарчы метр жай туура келет.
Кармоочу жайдын жанында каздар мите курттардан арылып туруусу үчүн кум, күл аралашкан орун жасап коюу керек.

ЭТИ
Каз 70-75 күн болгон кезинде салмагы 4-4,5 килограммды түзүп, союуга жарап калат. Эскерте кетүүчү жагдай, 75 күнгө чейин союуга мүмкүн болбосо, анда аны 120 күндүк болгонго чейин күтүү керек. Себеби 75 күндөн кийин казда жаңы канаттар, жүндөр пайда боло баштайт. Бул учурда союп бышырса, анын эти көбүктөнүп кетет. Ал эми байлаганда короодон чыгарбай жемди күчтөп берип турса, 1,5-2 жуманын ичинде эле эттенип калат.

ЖҮНҮ
Каздын жүнү баалуу жүндөрдүн бири болуп эсептелинет. Ал жаздык, кышкы күрмөлөрдү жасоодо колдонулат.

ТЫНЧЫ ЖОК БОЛУШАТ
Каздар абдан сезгич болушат. Кичинекей эле коркунуч жаралса, үндөрүн бийик чыгарып ызы-чуу түшүшөт. Мына ушундан улам айрымдар баккысы келбейт. Бирок кадимки иттин аткарган кызматын да аткарат. Короого чоочун адам кирсе үндөрүн чыгарышып, эркеги кол салууга чейин барат.

P.S. Каздын майы да элдик медицинада айрым ооруларга дары катары колдонулат. Кийинки сандарда малдын жана канаттуулардын майы тууралуу маалымат беребиз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
sansho
2013-05-20 12:53:30
ЭЭЭ журналист жигит каздарды сезгичтигин жазыпсын гой брок тарыхтагы абдан жакшы бир нерсени кошуп койсон болмок. Римде макал бар "РИмди каздар сактап калды деген. Анткени римдиктер катуу уктап жатканда аларга галлдар чабуул коймок болуп келишкенде каздар катуу каркылдап римдиктерди ойготот. Себеби римляндар каз багып алардын сырын жакшы билгендиктен каркылдаганын укканда эле душмандарын сезип аларды согушта талкалаган.
+1
konfetka_love
2013-05-20 17:45:04
jakshy maalymat eken. Rahmat
0
chika-chika88
2013-05-22 15:33:54
ии сонун макала болуптур
0
tynara81
2013-05-25 18:24:06
Каз багуунун да озуно жараша тумон туйшугу бар экен да, тоок багуунун да ушул сыяктуу эрежелери бар бекен, ыя. Тооктор деле аран кобойгондо бир оорудан улам кырылып калат го.
0
№ 550, 17-май-23-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан