ПОЛКОВНИК А.АЛИЕВДИ КЕСИПТЕШТЕРИ ӨЛТҮРТКӨНБҮ?

ИИМдин Баңгибизнес менен күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары полковник Анвар Алиевди атып кетишкени эсиңиздерде болсо керек. Анын кесиптештери кылмышкерлерди табууга сөз беришкен эле. Учурда минтип кылмыштын бети ачылып, кылмышкерлер сот алдында жазага тартылып отурушат. Кызыгы – күнөөкөрлөр милиция кызматкерлери болуп чыга келгендиги.

«Оштук менттер»

2008-жылдын 4-август күнү полковник А.Алиев кесиптештери менен футбол ойногон соң үйүнө бет алат. Убакыт түнкү саат 22:45 чамасы эле. Машинасын токтотуп, өзү жашаган көп кабаттуу үйдү көздөй жөнөйт. Ал кезде кылмышкер аны күтүп турган болот. Макаров тапанчасынан чыккан биринчи ок ийинин чийип өтүп, моюнуна тиет (болжол менен киллер артынан аткан). Жерге кулаган А.Алиев өзүн колу менен калкалагандан улам кийинки октор колун тешип өтүп, октун бири моюнуна, экинчиси ийинине тиет. Кылмышкер полковникке «контрольный» ок узатпай качып кеткен. Анвар Алиев андан кийин 1 сааттай тирүү болгон. Жанына жетип келген адамдарга уюлдук телефонунан жубайынын телефон номерин терип берүүгө үлгүргөн. Ал бейтааныш адам жубайына чалып: “Мында бир адам жатат. Сиздин жакыныңыз окшойт”,- деп билдирет. Атылган октордун үнүн укканда полковниктин жубайы Махигүл Алиеванын жүрөгү сезгенби, “Анвар болбосо экен” деп ойлоп койгон экен.
Өлөр алдында полковник Алиев: “Мен жашап кетем. Мен өлбөйм. Мен кылмышкерлер менен өзүм эсептешем”,- деп кайра-кайра кайталап айткан дешет. “Тез жардам” машинасында коштоп бараткан милиция кызматкеринин “ким болушу мүмкүн?” деген суроосуна “оштук менттер” деп жооп берет. Ошол айтылган эки ооз сөз кылмыштын бетин ачууга чоң жардам берди.
А.Алиев ооруканада операция учурунда жан берген.

Жоголгон баңгизаттар

2008-жылдын июнь айында Башкы прокуратуранын адамдары Ош шаардык Ички иштер башкармалыгын текшерүүгө алышат. Ал жердеги далил буюмдар сакталуучу жайдын абалы өтө начар экени аныкталат. Буюмдар (анын ичинде баңгизаттар) бузулуп кеткен болот. Башында “кызматына кайдыгер мамиле жасоо” беренеси менен жооптуу адамга кылмыш иши козголот. Бирок аны менен эле токтолуп калбастан, текшерүү дагы улантылат. Натыйжада, ири көлөмдөгү баңгизаттардын уурдалганы ачыкка чыгат.
Көзөмөлчү органдарга белгилүү болгондой, А.Алиевдин өлүмүнөн кийин Ош ШИИБинин далил буюмдар сакталуучу жайы катуу текшерүүгө алынат.

Бузук тапанча чындыктын бетин ачып...

Бул кылмышка Макаров тапанчасы колдонулгандыгына байланыштуу тергөөнүн жүрүшүндө республика боюнча Макаров тапанчалары текшериле баштайт. Айрыкча милицияга тиешелүү кызматтык тапанчалар. А.Алиевдин акыркы сөзү боюнча Ош облусунун милиция кызматкерлеринин тапанчалары тез арада жана кылдаттык менен баары текшерүүдөн өткөзүлөт. Бирок Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын бир “куралчы” (курал сактоочу) офицери эксперт-криминалистке тапанчасынын бузуктугун билдирип, аны жокко чыгарыш керек экенин айтат. Бирок ага чейин ИИМдин комиссиясынын ар жылы өтүүчү пландык текшерүүсүндө ал тапанчасын жокко чыгаруу тууралуу билдирген эмес.
Бирок коюлган талаптан улам “куралчы” офицер баары бир атайын талкалангандай болгон тапанчаны складдан алып келүүгө аргасыз болот. Аны Бишкектен гана оңдоп-түзөп, текшерүүдөн өткөрүүгө мүмкүн болот. Жыйынтыгында, бузук деген тапанчадан А.Алиев өлтүрүлгөнү аныкталат. Тана алгыс жыйынтыктан кийин тергөө иштери башталат...

Погончон мафия

2009-жылдын февраль айында Башкы прокуратура “А.Алиевдин өлүмү кызматына байланыштуу” деп тергөө иштерине чекит коёт. 20 томдон ашык кылмыш-иликтөө иши сотко өткөрүлөт. Айыпталуучулардын төртөө тең милициянын майорлору. Баары Ош ШИИБнин мурдагы кызматкерлери.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө далил буюмдар сакталуучу жайдан 150 килограммдан ашуун баңгизаттын (героин, апийим, гашиш) уурдалганы ачыкка чыгат. Экспертиза баңгизаттар ун, сода, анальгин жана шекер менен алмашылганын аныктаган. Прокуратура “төрт офицер А.Алиев менен бир сөзгө келише албай, аны жок кылышкан” деген жыйынтык чыгарат.
Ал эми “куралчы” офицер тапанчасын киллерге пайдаланууга берип, акысына 1000 доллар алгандыгы аныкталган.

Адилеттик

Полковник Анвар Алиевдин өлүмүн Бишкек шаарындагы Свердлов райондук соту 2009-жылдын 9-июнунда карады. Судья Жакыпбек Төлөев өкүмдү окуш үчүн 3 саат коротту. Көрсө, Анвар Алиев төрт офицердин кылмыштуу былыктарынын бетин ача баштаганда кесиптештери анын көзүн тазалашыптыр.
Соттун өкүмүнүн жыйынтыгында “кыл­мыш­ты уюштуруучу” деп Ош
ШИИБи­нин Баңгибизнес менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алмазбек Эргешбаев өмүр бою эркинен ажыртылды. “Анын жардамчылары” деп Ош ШИИБинин далил буюмдар сакталуучу жайынын кароолчусу Кахроман Исмаилов, Ош ШИИБинин Наркобизнес менен күрөшүүчү экинчи бөлүмүнүн мурдагы башчысы Шавкатбек Жунусов жана “куралчы” офицер, Ош ШИИБинин куралдар боюнча мурдагы инспектору Манол Тажибаевдер 25 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Анвар Алиевди өлтүргөн кылмыштын аткаруучусу дайынсыз бойдон калган.
Офицерлердин бул өңдүү бири-бирин кыянаттык менен өлтүртүшү өлкө тарыхында биринчи болуп жатат. Мындай кылмыш офицерлер үчүн эстен кеткис чоң сабак болсо керек.

Анвар Алиев

  • А.Алиев 1969-жылы 2-мартта туулган (үстүбүздөгү жылы 40 жашка чыкмак). Кыргыздын биринчи генералы Эргеш Алиевдин небереси. Азыркы кезде ИИМ академиясы Эргеш Алиевдин ысымын алып жүрөт. “Чоң атасындай милиционер болууну бала чагынан кыялданчу”,- деп Анвар Алиевди акыркы сапарга узатууда биртууган агасы Бахтияр Алиев эскерген. Агасы Орусиянын ФКК (ФСБ) генералы. Андыктан анын чоң абройго ээ экендигин айтпасак да белгилүү. Учурда ал Орусиянын коопсуздук кызматында өз милдетин аркалап келет. Айрым маалыматтарга караганда, В.Путин менен жолдоштук мамилеси бар.
  • А.Алиев Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) Милициянын жогорку мектебин аяктаган. Көп жылдар бою түштүк аймакта милициянын жооптуу кызматтарында иштеп, үзүрлүү эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.
  • Артында жубайы жана бир кызы калды.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 349, 10-16-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан