Рубрикабыздын бүгүнкү коногу Японияда экономика жана саясат багытында докторантурада билим алууда. Ал ондогон чет тилдеринде түш жоруйт. Каарманыбыз Сейтек Качкынбаевдин Кыргызстанга келгенинен пайдаланып, өмүрүндөгү кызыктуу жана алгылыктуу окуялары, анын Кыргызстандагы бүгүнкү абалга көз карашы боюнча баарлаштык.
«КОЙДУ СОЙБОГУЛА» ДЕП ТЕРЕЗЕЛЕРДИ ТАЛКАЛАП САЛЧУ
Каарманыбыз артка кылчайып балалык күндөрүн эскерип, жылмайып отурду. Сейтек Качкынбаев ата-энеси Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда иштеп жүргөндө туулган. Турмуш шартка байланыштуу аны 1 жашка чыкканда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы таята-таенесине беришет. Аларга жыт алып калган баланы бир канча убактан кийин ата-энеси өзүнө алат. Бирок көнбөй, таята-таенесин сагынып куса болуп кыйнала бергендиктен, Сейтекти кайра тайларынын колуна беришет. Ошентип, карындашы экөө тайларында чоңоюшкан.
«Карындашым экөөбүз каникулду саргара күтүп, төрт бир тууган чогуу ойногон күндөрүбүздү сагынчубуз. Анткени ар бир чейрек бүткөндө берилчү бир жумалык каникулда ата-энебиздин жанына барчу элек. Ошондогу Ала-Бука менен Кара-Кулжанын ортосундагы 300 чакырым бизге бир өлкөдөн экинчи өлкөгө баргандай сезилчү. Биз таята-таенемде, кичүү карындашым менен иним ата-энемде өскөндүктөн, тарбия жагынан бир аз айырмачылык бар»,- дейт ал.
Эрке, эркин өскөн тентек бала бүгүн да койду союуга чыдай албайт, жүрөгү ооруйт. Бала кезде кой союлганын көрсө, терезелерди таш менен талкалап, ызы-чуу салып ыйлачу. Анын ийкемдүү жолун тапкан таята-таене колуна тыйын карматып дүкөнгө жиберип, ал келгенче коюн союп алчу экен. Ашынган тентектик деп таякеси менен камыш кепени өрттөп, өзү анын ичинде өлүп кала жаздаганын эскерди.
Агасын көргөн иниси Советбек да Түштүк Кореядан билим алып, Япониядан магистрлик окуусун бүтүрүп келиптир.
ЧЫГЫШКА КЫЗЫГУУСУН ТАЯТАСЫ ОЙГОТКОН
Лингвист Сейтек Качкынбаев мектепте математика, биология, орус тилин кызыгып окучу. Андагы жаш жеткинчек азыр кыргыз, орус, англис, кытай, корей, япон, өзбек, монгол, дунган, калмак, алтай тилдеринде эркин сүйлөйт.
Таятасы Экинчи дүйнөлүк согушта СССРдин тилектеши Кореяда Германиянын союздашы болгон Японияга каршы резервдик аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Анын чыгыш жөнүндө айткандарына таасирленип, каарманыбыз 7-классында Москва университетинен чыккан «Чыгыш көйгөйлөрү» журналына жазылып, калтырбай окуй баштайт. Ошол кезде Москва университетинин чыгыш таануу факультетинде окусам деген эңсөөсүн телеберүүдөгү маалымат өзгөртөт.
«БГУда чыгыш таануу адистиги ачылгандыгын ошол кездеги ректору Топчубек Тургуналиев бир телеберүүдөн айтып калды. Бишкекке келип, ошол университетке кытай тили адистигине тапшырдым. Ошентип, чыгышка болгон кыялымдын ишке ашуусунун алгачкы кадамы башталды»,- деп эскерет ал күндөрдү Сейтек мырза.
КЫЗЫ ЯПОНДОР МЕНЕН ЧОҢОЮП ЖАТАТ
Келинчеги менен 2003-жылы Ташкентте өтчү япон тили боюнча чечендик өнөр сынагына баратып таанышып калат. Сейтек мырза 2006-жылы Японияга окууга кетет. Ташкентке баратып таанышкан Акбермет сулуу 2009-жылы Японияга окууга барып, тагдырдын буйругу менен Сейтек мырзага Токиодо жолугуп калат. Жердеш катары катташып, баарлашып жүрүшөт. Мүнөзү туура келип, 2011-жылы баш кошууну чечишет.
Учурда жубайы эл аралык мамилелер боюнча докторантурада окуйт. Ортолорунда аймончоктой Ырыскы аттуу 1 жаштагы кызы бар. Ал бала бакчада япон балдар менен аралашып тарбия алууда. «Кызым кыргыз тилин билбей калышы мүмкүн эмес. Эне тилин жакшы түшүнүп, жазуучу М.Элебаевдин ким экенин билген кыргыз тилдүү адам болот деп анык айта алам»,- деп ишенимдүү отурду каарманыбыз. Ал алдыдагы планы менен бөлүшүп, Японияга барып, өз тажрыйбасын, башынан өткөргөн кыйынчылыктарын китеп кылып жазарын кошумчалады. Жубайынын окуусу бүткөндөн кийин дагы 3-4 жылдан соң Кыргызстанга келерин билдирди.
Сыртта билим алып, эл керегине жарасам деп жүргөн мекенчил мырза менен мезгилдин актуалдуу маселелери боюнча да баарлаштык.
– 1945-жылдан кийинки япон экономикасындагы секирикти дүйнөдө «япон керемети» деп атап келишет. «Кыргыз кереметин» жаратуу үчүн эмне кылышыбыз керек?
– Ага үч нерсе тоскоолдук кылып жатат: эркиндиктин, мыйзам үстөмдүүлүгүнүн жетишсиздиги жана билим. Арийне, биз Японияны туурабашыбыз керек. Ал керемет 70-жылдарда болгон окуя, так ошону кайталай албайбыз. Эркиндикти туура пайдалана билүүбүз, билимди колдонуубуз, анан мыйзамдын үстөмдүгүнө жетишүүбүз керек. Мыйзамдын үстөмдүгү жок үчүн депутаттардын айдоочусу үч адамды мерт кылса да камалбайт, ошол эле учурда бир жөнөкөй жаран тоок урдаса, аны 3 жылга камайт.
– Эне тилибиздеги көйгөйдү канткенде чече алабыз деп ойлойсуз?
– Биз «бир өлкөдө бир улут» деген саясатты жүргүзүшүбүз керек. Этностук топко бөлүнбөй, орусту орус тектүү кыргыз деп, өзбекти өзбек тектүү кыргыз деп өзүбүзгө жакындаштырышыбыз зарыл. Алар кыргыз паспортун алып жүргөн соң паспорттогу улуту деген жерге кыргыз деп жазылышы керек. Көптөгөн чет өлкөлөрдө улуту деген жерге өз улуту эмес, атуулдугу жазылат. Демек, бардык кыргызстандыктарга кыргыз деп жазылат. Мамлекеттик кызматкерлер ТОЕFL (чет элдиктер үчүн англис тил сынагы) сыяктуу кыргыз тил деңгээли боюнча тест тапшырып, ишке алынышы керек. Учурда ушул долбоордун үстүндө иштеп жатам.
– Мамлекеттик кызматта иштебеген, бирок чет өлкөдөн билим алган жаш адис катары кызматка чакырышса, ишти алып кете аласызбы?
– Адамды тажрыйбадан өткөрүп келчү планета жок, менин оюмча. Билим алып, ошол мамлекеттердин тажрыйбасын көрүп жатпайбызбы. Эгер өлкөдө баары өз ордунда баратса, анда мен саясатка келбей, китеп жазып жүрө бермекмин.
– Акыркы жылдарда Тышкы иштер министрлигине, элчиликтерге карата сындар айтылып келет. Япониядагы кыргыз элчилигинде абал дурус элеби?
– Мен жашаган Японияда абал мурдагыдан бир аз жакшырды. Негизи, элчилерге үч негизги талап коюлушу керек. Кыргыз тилин мыкты билиши, эл аралык мамилелер боюнча билими бар, ошол барган өлкөнүн тилин жакшы билген элчи болуусу кажет.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg