Ош облусундагы кесиптик лицейлердин мугалимдеринин ортосунда «Жылдын мыкты мугалими-2013» кароо-сынагы болуп өттү. Сынакка облус аймагынан 15тен ашуун мугалим катышып, өз ара күч сынашышты. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен №12-кесиптик лицейдин мугалими Элина Молдокулова жана №59-кесиптик лицейдин мугалими Асан Майнаев жеңишке жетишти.
Уюштуруучулар тарабынан сынактын жеңүүчүлөрүнө, катышуучуларына акчалай сыйлыктар, грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды. Ал эми А.Майнаев менен Э.Молдокулова кесиптик лицейлер арасында Бишкек шаарында өтүүчү республикалык «Жылдын мыкты мугалими-2013» кароо-сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Элира Чынтемир кызы
osh@super.kg