Бир нерсени чогултуу, коллекциялоого өтө сабырдуу адам гана батынат дешет. Учурда күнүмдүк турмуш менен алаксып жүрүп андай хоббиге чамасы келбеген адамдар да жок эмес. Бирок коллекциядан рахат алгандар да арабызда бар. Алардын бири – тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Абдымиталип Мурзакметов.
– Саламатсызбы, коллекциячы экениңизден кабарыбыз бар, кандай нерселерди чогултасыз?
– Төш белги, открытка, китеп, сувенирлерди чогултам. Открыткаларымдын саны 10 000ге жакын, китептерим 5500гө чукул. Ал эми сувенирлерим аз эле, 150дөй.
– Төш белгилерди коллекциялаганга кандайча кызыгып калганыңызды айтсаңыз?
– Илимде төш белги коллекциялоону «фалеристика» деп коёт. Ал эми буларды жыйнап калганымдын тарыхы бар. Менден улуу Зулфия деген эжем 1976-жылы «Артекке» барган. Ал мезгилде мен кичине элем. Эжем лагерден көп төш белгилерди, шаарлардын, деңиздердин сүрөтү түшүрүлгөн открыткаларды алып келди. Ошондо открыткадагы сүрөттөрдү көрүп аябай кызыгып, таң калгам. Кийин эс тартып калганда топтогонго өттүм. Кызыгып калгандан кийин токтото албайсың да адамды. Мындай караганда эч кимге деле кереги жоктой, кимдир бирөө айтышы мүмкүн, жаш баланын иши деп... Бирок мен үчүн кызыктуу.
– Учурда топтомуңуздун саны канчага жетти?
– Так эсебин унутуп калдым, бирок төш белгилер1000ден ашуун. 20 жылдай болуп калды чогултуп жүргөнүмө.
– Арасында, балким, сиз үчүн эң баалуусу да бардыр...
– Негизи, бирден, экиден чогултуп, анын тарыхын изилдеген адамдарды коллекциячы дейт. Менде көбүнчө шаарлардын, мамлекеттердин сүрөтү түшүрүлгөн төш белгилер көп. Мисалы, Франциядагы коллекциялаган адам биздин 5 сомду топтомуна кошсо, Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөтүн көрүп, аны изилдеп кирет. «Демек, бул Кыргызстандан чыккан алгачкы балерина экен» деп өзүнө керектүү маалыматты топтойт. Ошондой маалымат топтоонун өзү мен үчүн баалуу.
– Буга байланыштуу кызыктуу окуялар да көп болсо керек...
– Топтогон төш белгилерди кимден, кайдан алганымды, баарынын тарыхын билем. Эсимде, бир жолу студент кезде Ноокен районуна пахта тергени барып калдык. Ал жерде бизге Шермамат деген өзбек бригадир болду. Барганда эле анын көкүрөгүндөгү Одессанын сүрөтү түшүрүлгөн төш белгини байкап калгам. Күнүгө кызыгып карап коём, сурай албайм. Бир күнү акыры сурадым, «мага бериңизчи, мен коллекцияма кошот элем» деп. Ал өзү Одессага барганда эстелик катары сатып алган экен, бербей койду. Пахта терим бүтүп, бир айдан кийин биз шаарды көздөй жөнөдүк. Жөнөп жатканда жанагы бригадир мени чакырып калды. Барсам мен кызыгып жаткан баягы төш белгини мага белекке берди. Сүйүнүп алдым.
– Төш белгилерди көрүп, сат дегендер болгон жокпу?
– Мен көп адамдарга деле көргөзгөн жокмун. Учурда Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин доцентимин. Студенттерге көргөзмө катары көрсөтүп келем. Тескерисинче, кээ бир студенттерим төш белгилерди алып келип беришет, «топтомуңузга кошуп алыңыз» деп.
– Алтын, күмүш сыяктуу баалуу металлдардан жасалгандары да барбы?
– Алтын жалатылгандары бар. Токтосун Аширбаев деген кесиптешим бар эле, азыр жок, көзү өтүп кеткен. Ошол киши түркмөн президенти Сапармурат Ниязовдун сүрөтү түшүрүлгөн, алтын жалатылган төш белги белек кылган.
– Балдарыңыз кичинекей мезгилде ойноп, жоготуп койгон учурлар болбодубу?
– Жогото элекмин, белекке бергендеримди эстейм. Балдарым да буга көнгөн. Мисалы, балама берсем, ал ойноп, кызыгы тараганда сувенир тизчү текчеге алып барып коёт.
– Коллекцияңыздан улам музей деле ачсаңыз болсо керек деген ойдо калдым...
– Жакшы ой экен. Жеке менчик музейлер бар. Мисалы, XIX кылымда жашаган Павел Третьяковду баары эле билет болуш керек. Ал киши сүрөтчүлөрдүн эмгектерин сатып алган, болгондо да аларга стимул болсун деп кымбат акчага. Сүрөттөрү көбөйүп кеткенде музей ачып, аны мамлекетке белекке берген. Музей ачып, мени дагы мамлекетке белекке бербейсизби деп турасың го, сыягы (күлүп). Балким, келечекте музей ачармын, аны убакыт көрсөтөт.
Элира Чынтемир кызы
osh@super.kg