Мындан 10-20 жыл илгери аска-тоонун башында, көк жайытта артисттер ырдап, клиптерин тартышчу эле. Андан бери заман өзгөрүп, клиптер сюжет камтып, улам жаңыланып чыгып келатат. Анан да кээде чет өлкөнүн клиптеринен «чымчып үзүп» алып, өзүнүкүнө кошуп алмайлар көбөйдү.
ДАНИЯР МЕНЕН ЭНРИКЕНИ ЖАКЫНДАТКАН КЛИП
Данияр Эрматовдун «Сага» аттуу клибинин идеясы клипмейкер Эрнист Сыдыковго таандык. Бир көргөндө оригиналдуу жаралган бул клип super.kg порталына жүктөлөрү менен «плагиат» деген чабуулга кабылды. «Чын эле Эрнист бирөөнүн идеясын уурдады беле?» деп эл окшоштуруп жаткан Энрике Иглесиастын «Сен билесиңби?» («Do you know?») ырынын клибине көз салып көрдүк. Балким, дал келүүбү же чын эле идея «уурдалганбы», айтор, эки клипте тең үч жигит отуруп алып жаңы клиптин сценарийин ойлоп табуу менен алек болот. Ал эле эмес, биринин идеясы бирине жакпай, изденгендери, достордун талкуусунан клип жаралганы коёндой окшош тура, тобо! Испан ырчысы Энрике Даниярдын «Сага» деген клибин көрүп таасирленгенби дейин десек, ал качанкы клип. Сыягы, клиптерди катарынан тарта берип Эрнистте идея түгөнүп калган окшойт.
ЖИГИТТИ ОТУРГУЧКА БАЙЛАГАН МОДАБЫ?
«Кыз-Бурак» тобунун ырчысы Аида Маканбаеванын «Таарынба» аттуу клибин көрдүңүз беле? Ошол клипти көрсөм эле мурун бир жерден көргөндөй ой жарала берчү. Көпкө ойлонуп-толгонуп отуруп кайдан көргөнүмдү эстедим. Орусиялык ди-джей Леонид Руденконун «Баары» («Everybody») аттуу клибин көрсөңүз керек, бир жигитти тегеректеп бир топ кыз айласын кетирет эмеспи. Дал ошол клиптин айрым жерлери «Таарынба» клибинде көрүнүп турат. Болгону Руденконукунда жарым жылаңач көп кыздар жигитти отургучка байлап алып, алдында ырдап-чоордоп жыргай беришсе, Аида тушалган жигитти өзү эле тегеренип жыргай берет. Клипмейкерлерде жигиттерди отургучка байлаган мода окшойт.
ЖӨНӨКӨЙ БАЛА МЕНЕН БАЙ КЫЗДЫН СҮЙҮҮСҮ
Нурмат Садыров «Мен сүйгөн менен пайда жок» деп сыздап отуруп жаңы идеяга убакыт таппай калганбы же жалкоолукка алдырып койгонбу? Ырчынын аталган клибинен орусиялык «Звери» тобунун «Жолукканча» («До скорой встречи») аттуу клибинин «жыты» уруп, окшошуп турат. Эки клипте тең негизги ролдогу бала унаа оңдоп иштейт, колунда бар кызга ашык болуп калат. Көп убакытка чейин чындык ачыкка чыкпай, сүйгөнүнө бай адам болуп көрүнгүсү келген жигиттин сыры акырында ачылат. Нурмат орустардын клиптерин такыр көрбөйбү же биздин клипмейкерлер чет өлкөнүкүндөй ойлонуп калышканбы, айтыш кыйын. Плагиат десе эле идеяны «уурдап», жаңылык деле кылбаган турбайбы деп ойлобоңуздар, клипте башка кошумчалар деле бар.