«НЕМИС ТУТКУНУН БЕКИНГЕН ЖЕРИНЕН ТААП КЕЛГЕМ»

Халбүбү Газихожаева 90 жашта. Согуш жылдарында Фрунзе жана Пржевальск шаарында милиция кызматкери болуп иштеген. Укук коргоо органындагы кызматынан кетип, 30 жылдан ашуун мугалимдик менен эмгектенген.
– Согуш башталган жылы 18де болчумун. Атам фронтко жөнөп, үйдө чоң энем, апам, мен жана алты бир тууганым менен калдык. Ал кездин жаштары мекенчил элек, «немиске жерибизди бастырбайбыз, биз кул болбойбуз» деген ураан ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашачу. Ошондой дем таасир кылдыбы, Фрунзе Ички иштер башкармалыгы мектеп ачканын угуп, Караколдон борбор шаарга бет алдым. Окууга кабыл алынып, таң атпай марш тээп, курал-жаракты колдонууну үйрөнүп баштадык. Кийин канга чыланган өлүктөрдү көргөндө кыйлага чейин «кайдан да тапшырдым эле?» деп өкүнүп жүрдүм. Ага чейин ачкачылыкты билбеген жаным бир жылга созулган окуу мезгилинде гречкадан башка даам сызбадым.

Халбүбү апа окуусун аяктаган соң Фрунзе шаарындагы ИИБинин Жашыруун бөлүмүнө милиция кызматкери болуп орношкон. Ошол күндөрүндөгү эсте калган окуясы менен бөлүшүп өттү.

– Бир жолкусунда «немис туткуну орус аял менен жан багууда» деген маалымат келип түштү. Көрсө, ал Ысык-Көлдө темир жол курулушунда жүргөн жеринен качып кетиптир. Айтылган дарек боюнча ошол орус аялдын үйүнө кирип бардым, ал жалгыз жашаарын айтып жатканда бөлмөдөгү жалгыз керебеттин үстүндө турган эки жаздыкка көзүм түштү. Керебетке жакындадым, анан эле ылдый жактан сары түктүү кол бутуман алды. Кыйкырып жибердим, сыртта турган эки жоокер кирип келип, немисти кармашты. Бул тапшырма мага тапшырылганы үчүн аны милиция бөлүмүнө жеткирүү да милдетим болчу. Эшикте караңгы түн, анда электр жарыгы да жок, немис болсо куркуюп бойлуу экен. Жолду карай Кудайга жалынып келдим. Аман-эсен жетип, немисти тапшырдым.
Мындай окуялар көп баштан өттү, коркуп-үркүп жүрүп согуштун кантип бүткөнүн да билбей калгам. Жеңиштен кийин атам бир бутунан ажырап, фронттон келди. Ушундай оор күндөрдү баштан өткөрдүк.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Shekerbek
2013-05-20 15:11:14
коп жашаныз сиздерге рахмат тынчтык алып келгенинер учун! терен урмат менен таазим
этебиз !
+2
jonokoi_myrza
2013-05-20 18:30:17
Бактылуу карылыктын доорун сурунуз...сиздер бар учун биз барбыз.Таазим!!!
+1
Kg.lady
2013-05-20 23:35:28
Тизе бугуп таазим этебиз!!!
+2
agent0072609
2013-05-22 15:56:04
Рахмат сиздерге чоон сиздер бар учун биз ушинтип интернетте отурабыз, алла таала ден соолугунздарды омурунуздорду берсин.
0
№ 550, 17-май-23-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан