Ысык-Көл облусу боюнча апрель айында 103 айдоочу мас абалында кармалып, айрымдардын иши сотко жиберилген. Алардын ичинен 17 айдоочу жол кырсыгына себепкер болушкан. Бул тууралуу ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Насипбек Калмурзаев билдирет:
– 3 ай аралыгында 422 айдоочу мас абалында кармалып, алардын бирөөсү гана сот тарабынан 5 күнгө камакка алынган. 20 айдоочу унаа айдоо укугунан ажыратылган. Ал эми 340 айдоочуга жалпы суммасы 552 500 сомдук айып салынса, калган 61 айдоочу боюнча иш сотто каралып жатат.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg