Касымаалы Абдиев, согуштун ардагери:«АРЫКТАГЫ КАН АРАЛАШ СУУНУ ИЧКЕН КҮНДӨРҮБҮЗ БОЛДУ»

9-Май – көптөр үчүн унутулгус майрам. Бизге жеңишти белек кылган ардагерлер азайып баратат. Кезектеги каарманыбыз Касымаалы Абдиев кан кечкен согуш талаасын күнү бүгүнкүдөй көз алдына элестетип маек куруп берди.

– Касымаалы ата, Улуу Жеңиш майрамыңыз менен!
– Рахмат. Кан кечип согуш талаасында жүргөнүбүздү унут­паганыңарга ыраазымын. Мени 1941-жылы 10-декабрда Нарындан ат менен алып кетишти. Токмокко барып, 6 ай аскердик машыгуулардан өттүк. 1942-жылы бизди согушка алып жөнөдү. Аскерлер пулемёттук жана миномёттук бөлүктөргө бөлүнүп, мен миномёт бөлүгүнө кошулуп калдым. Жара­кат алган жоокерлерге жардам көр­сөткөн доктур кыздар дайыма арабызда жүрүшөт. Биз салгылашкан согуш талаасында жоокер, санитар кыздардан бешөө бар болчу, ошолордон бирөө гана калды. Ал жакта жалаң эле эркек жоокерлер согушкан десек жаңылышабыз.

– Согушка канча жашыңызда аттандыңыз эле?
– 18 жашта элем. Үйлөнбөй кеткеним жакшы болгон экен, кайтпай калсам дагы бирөөнү жесир калтырмакмын да. Жаштайыңдан кан көрүп, согушка аттанган эң коркунучтуу нерсе. Айланамда, эки жагымда эле жоокерлер кө­мөлөнүп өлүп жатышты. Жан таттуу экен, өлүк кечип, алардын арасынан сойлоп, ал тургай ошол жоокерлердин өлүктөрүнө жашынып, башыбызды катып окопторго келебиз. Салгылашуу басылып калганда каныбыз катып суусайбыз. Анан арыктагы суудан ичели десек, кадимкидей суу кызыл болуп, кан аралаш акканын көрдүк. Айла жок, суусаганда ошондой сууну да ичкен күндөр болду.

– Мекениңизге кайткан кезиңизди айтып берсеңиз...
– 1944-жылы апрелде бутумдан жаракат алып госпиталга жеткирилдим. Осколка тийип жарадар болгондо биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң атайын комиссиянын чечими менен мени мекениме жөнөттү. Ооруканада дарыланып, бир топ убакыт өтүп кетти. Бирок кайрадан чакырылган жокмун. Бир жылдан кийин эле Улуу Жеңиш майрамын мекенимден тосуп алдым. Андай кубаныч, андай сүйүнүч өмүрүмдө болгон эмес. Согуштун катышуучулары үчүн жеңиш өмүрүндөгү эң бийик чоку болуп кала берет. Аны согушка барып келген адам гана түшүнбөсө, айтып жеткизиш кыйын.

– Үй-бүлөңүз тууралуу билгибиз келет...
– 24 жашымда турмуш курдум. Согуш аяктагандан кийин мамлекеттик кызматтарда, соода тармагында эмгектенип, Согуштун жана Социалисттик Эмгектин Баатыры болдум. Учурда 90 жаштамын. Кемпирим экөөбүз 5 эркек, 6 кызды чоңойтуп, баарын жайгаштырдык. Неберелеримдин санын билбейм, ал тургай балдарымдын деле аттарын таппай калып жатам (күлүп), карылыкка моюн сунуп калдык да.

Касымаалы ата сөзүнүн аягында алакан жайып батасын берди. Баарынан кызыктырганы анын үйүнүн кире беришиндеги чакан сүрөт галереясы болду. Андан жалаң эски, өзүнүн жаш кездеги, ай­тор, өткөн учурду эске салган көз ирмемдерди табууга болот. Арасынан Хрущёв, Сталин, Ленин, Горбачёв, Черненко, Андропов сыяктуу инсандар жана 15 Союздук Республикалардын гербдери эсимде калды. 90го толуп, 91ди жашап жаткан Касымаалы атага дөөлөттүү карылык, аманчылык тилеп кош айтыштык.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nura.1012
2013-05-20 15:28:36
Аман болушсун сиздерге таазим!Бактылуу карылыктын доорун сурунуз
+2
Speznaz41
2013-05-25 19:34:36
Согуш таласында кан кечип,улуу жениш кунун корбой калган аталар,аллах бейиштен жай берсин.сиздерге башты ийип таазим кылам.
0
№ 550, 17-май-23-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан