9-майда Нарын районунун Эмгекчил айылындагы ат майданында облустук деңгээлдеги ат оюндары жана улуттук оюндар уюштурулду. Байге фонду облустук администрация, ЖКнын айрым депутаттары тарабынан түзүлүп, башкы байгелерге автоунаалар жана чоң суммадагы акчалай сыйлыктар коюлду.
Катышуучу саяпкерлердин күлүктөрү 10 айлампага жарышка чыгып, байгелүү орундардын саны 7 орунду түздү. 3-орунга
Нарын районунун Эмгекчил айылы татып, 60 000 сом алса, 2-орунга 100 000 сом коюлуп, аны ушул эле райондун Эмгек-Талаа айылынын күлүгү жеңип алды. 1-орунга Сузуки үлгүсүндөгү автоунаа коюлуп, аны Ат-Башы району алып кетти. Ошондой эле
100 доллар жеке ишкерлер тарабынан кошумча байге катары берилди. Мындан сырткары жорго салышка Фольксваген Гольф-3 унаасы коюлуп, ал Миң-Булак айылынан келген күлүктүн ээсине буюрду.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg