БАТКЕНДЕ СУУНУН ТАРТЫШТЫГЫНАН ӨРҮКТӨР КУУРАП КАЛУУДА

Жаз келип, элет жеринде талаа иштери кызуу жүрүп жаткан учур. Элдин басымдуу бөлүгү талаа иштери менен алектенип, суу талаш башталды. Суунун жоктугунан Баткен облусунда эгин эге албай отурган айылдар да жок эмес.

«СУУ ЖОК, ЭГИН АЙДАЙ ЭЛЕКПИЗ»
Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылына барганда жергиликтүү тургундар бизди күтүп турушуптур. Алар өздөрүнүн көйгөйүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жеткирип берүүнү суранышты. Анда маселени айылдын тургуну АБДЫКААР ШАМШИДИНОВдун оозунан угалы.
– Бизде жаз келгенде дайыма агын суу көйгөйү жаралат. Негизги кирешебиз кара тамеки жана өрүк болгондук­тан, агын суусуз тиричилиги­биз татаалдашат. Биздин айылдын 90 пайызы ушул күнгө чейин эгин эге элек. Корообузга бир айда бир жолу суу берилет, ал да өтө эле аз өлчөмдө. Анда да талаш-тартыш менен, түнү бою уктабай кезекте туруп араң коёбуз. Эгинибиз эле эмес, өрүктөрүбүз да куурап калды. А биздин тирилик өрүктөр менен болот эмеспи. Мисалы, март айында өрүктөр сугарылган жок, апрелде бир жолу суу келди. Май айында дагы эле суу келе элек. Өрүктөрүбүз бышкыча эле жалбырактары саргарып түшүп калат. Мээнет кылып, канча каражат кетирип эккен эгиниң суунун тартыштыгынан кургап калса, зыян тартабыз да.
Агын суунун жоктугу кирешебиз­дин өлчөмүн азайтып, жашообуз кыйын болуп жатат. Учурда бизди Орусияда иштеген балдарыбыз эле багып жатышат. Эгер алар жок болсо, ачка калабыз. Өзүбүз да аракет кылып иштейли десек, минтип суу берилбейт. Көп каражат жумшап эгин эгүүдөн коркобуз. Себеби суунун качан, канчалык өлчөмдө келери дайынсыз. Керек болгон мезгилде мураптарды таппай каласың.

МАЙРАМДАР ӨТСӨ, МАСЕЛЕ ЧЕЧИЛЕБИ?
Биз айыл аралап алардын сөзү куру эмес экенине күбө болдук. Суу келүүчү арыкта көп убакыттан бери суу жүрбөгөнү  билинип турат. Айылда суунун айынан үйүн таштап башка айылдарга, шаарларга көчүп кеткендер да бар экен. Бул айылдын эле эмес, жалпы эле Баткендин негизги киреше тармагы болгон өрүк көчөттөрү да куурап калыптыр. Айылга эмне үчүн агын суу мындай аз өлчөмдө жана бир айда бир жолу гана бериле тургандыгын билүү үчүн Жаңы-Жер айылынын айыл башчысы МАГЗЫНБЕК МОМБЕКОВго кайрылдык.
– Бизде ичкенге таза суу чыгып турат. Көйгөйүбүз эле агын суу. Мен ушул тапта агын суунун айынан жүгүрүп жү­рөм. Дара айыл өк­мө­түнүн башчысы менен сүй­лөшүп, бул маселени 9-майдан кийин чечүүнү пландаштырганбыз. Азыр элди суу менен камсыз кылуунун аракетиндебиз. Учурда кара тамеки өстүргөндөр суунун айынан урушуп жатышат.

 

 

Андан ары Дара айыл өкмөтүнө канчалык өлчөмдө суу бериле тургандыгын билүү үчүн Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси ДӨӨТАЛИ ИБРАГИМОВго жолуктук.
– Эми бул көйгөй боюнча айта турган болсок, бизде бериле турган сууда маселе жок. Дара айыл өкмөтү канча суу керек болсо, бизге арыз менен кайрылат. Биз аларга айткан өлчөмдөгү сууну беребиз. Ошол эле айыл өкмөтүндөгү адамдар айылдарга жете турган сууну алар бизден 1 тыйындан сатып алышып, элге 5 тыйындан сатышат. Сууну алгандан кийин анын карамагындагы бардык айылдарга бирдей берүү – алардын милдети. Ар бир айыл өкмөттө СПА деген ишкана бар. Учурда Дара айыл өкмөтүндөгү СПА сууну 5 тыйындан сатса да, бизге 50 миң сом карызын төлөй элек. Ал акчаны эл бере элекпи же өздөрү коротуп коюшканбы, белгисиз. Ошончо карыздары болсо да, биз эл эгинсиз калбасын деп суу берип жатабыз.
Кечээ күнү Баткен районунун акими Дара айыл өкмөтүнүн башчысына айылдардан эл суу боюнча арызданып келип жатканын айтып, бул маселени чечкиле деди. Эгер СПАда иштеген адамдар өздөрүнүн милдетин аткарып, сууну элге бирдей бөлүп берсе, эч кандай көйгөй жаралбайт. Учурда алар жакшы иштебей, эл эгинден калууда.

Мындай шартта жашоо кыйын болгондуктан, үй-бүлөсү менен башка шаарларга көчүп, чет өлкөдөн бактысын издеп кеткендер бар. Айыл өкмөттөрү «маселелерди чечебиз, майрамдар өт­сүн» деп бизди жөнөтүп ийгени менен, бул көйгөйдүн чечилишине да ишенүү кыйын болуп турат.

Бегайым Тажибай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kristiano
2013-05-20 15:34:58
Жусуп ака ото активдуу окмот башчы еле го эмнеге суу маселесин чечпептир ото кызык го)))
0
tynara81
2013-05-25 17:51:20
Эл суу келбей атат десе, суу чарба башчысы канча суу сураса, сураган суусун берип атабыз дегени эмнеси, ал суулар кайда кетип атат анда, кызык.
0
№ 550, 17-май-23-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан