– Балабыз бир жарым жашка чыкканына карабай дале эмчекте. Ушундан уламбы, айтор, аялым төшөккө маани бербей, муздак болуп калды. Мурун төшөктөн аябай ырахат алып, демилгени өзү баштоочу эле. Ушуга байланыштуу бала эмизген аялдар муздак болуп калабы жана кандай чара колдонсок болот деп сурайын дегем. Алишер, Ош.
– Бала эмизип жүргөн аялдардын организминде пролактин гормонунун деңгээли жогорулайт. Аталган гормондун көбөйүшү болсо сексуалдук каалоону тормоздойт. Муну «алгач баланы эмиз, анан кайрадан кош бойлуу болууга болот» деген табияттын мыйзамы менен түшүндүрүп кетели. Аял баласын канчалык узак мезгилге дейре эмизсе, сексуалдык тормоздоо да ошончолук узакка созулат. Ошондуктан, бир жарым жыл эмизүү өтө узак экенин эске алып, баланы эмчектен чыгаруу кажет. Ошондо гормондор тең салмакта иштеп, төшөк ырахатын сезүү калыбына келет.
СЕКСТЕН КИЙИН ООРУП ЧЫГАМ...
– Жыныстык кошулуудан кийин ичимдин төмөн жагы менен арткы тешигим да ооруп чыгат. Ошондуктан, кыймылдай да албай жатып калам. Бул эмнеликтен? Мира, Кант.
– Секстен кийин ичтин төмөн жагы менен анустун (арткы тешиктин) ооруп чыгышы төмөнкү себептерден улам болот.