КОЙ (21.03-20.04)
Аптада, мүмкүн, командировкага чыгасыз же коңшу айылдагы (шаар) досторго барасыз. Ден соолукка кам көрүп, кургатылган өрүк жеңиз. Ал ашказанды тазалап, бет терини да жашартат. Шейшембиде идеяларды бирөөлөргө айтпаңыз, «менчиктештирип» алышат. Жума күнү ишиңиздин акыбети кайтып, акчалуу болосуз. Ишембиде ойлонуп иш кылбасаңыз, азап тартып каласыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Майда окуяларга бай апта. Шейшембиде чаташкан маселени чечүүгө жан үрөгөнүңүз менен, бир жеринен ката кетиргениңизди кечки убак сезесиз. Бейшембиде балдар бир нерсени бүлдүрүп жибербеши үчүн аларга көз салуу кажет. Жума күнү ичкиликтен баш тартып, интригага аралашпаган оң. Жекшембиде күтүлбөгөн сүйүнүчтүн ээси болосуз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада сүйүктүүңүздү ар нерсе кылып сынай берүүнү токтотпосоңуз, мамилеге чекит коюлуп калышы мүмкүн. Кыймылсыз мүлк жаатындагы келишимдер пайдалуу болот. Шаршембиде жакындарыңыз үчүн майда иштер менен алектенесиз. Бейшембиде чырга аралашпай, нейтралдуу абалды сактоо зарыл. Апта аягында таанышкан адамыңыз келечекте жагымдуу мүнөттөрдү тартуулайт.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Чарчоо өнөкөткө айланбашы үчүн иштерди башкаларга бөлүштүрүп, көбүрөөк эс алуу зарыл. Башка адамдардын аракети жашооңузга өзгөртүү киргизет. Жаңы тааныштарды таап, алардан колдоо көрө баштайсыз. Бейшембиде чоң чыгымдардын алдын алуу үчүн бирөөлөрдүн азгырыгына кирбеңиз. Ишембиде кандайдыр бир иш-чаранын катышуучусу болууңуз ыктымал.
АРСТАН (23.07-23.08)
Сизге тиешеси жок эле бир окуя чыгым тартууңузга жеткириши мүмкүн. Иштеги темпти басаңдатуу жетекчиликтен тил угууга жеткирерин эске түйүңүз. Бейшемби – майда кырсыктар тооруучу күн. Этият болуңуз. Жума күнү буга чейин бир иштер боюнча сизди алдаган адамдын ким экенин билесиз. Жекшембиде кыймылсыз мүлк жаатындагы маселеге киришпей туруңуз. Алдап кетүүлөрү ыктымал.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада эмоцияны көзөмөлдөө кажет. Болбосо жетекчилик менен кагылышуудан тышкары айрым сырларыңыздын ачылып калуу коркунучу да бар. Жумада туугандар конокко келип, сүйүнүчтөрү менен тең бөлүшөт. Апта аягында жакшы деп баалаган адамыңыздын чыныгы жүзү ачылып, көңүлүңүз калуусу мүмкүн.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада кызматкерлер иши үчүн кошумча акчаны күтө беришсе болот. Жакшы уктоо үчүн уктаар алдында сүткө бал кошуп ичүү сунушталат. Шейшембиде жүрүм-турумуңузга байланышкан сындарды угууңуз мүмкүн. Бейшембиде салыктар жана коммуналдык кызмат үчүн акы төлөмдөр бейпайга салат. Ишембиде кечеге барууңуз күтүлүүдө. Жагымсыз окуяга аралашпоо үчүн эрте кетүү оң.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада маселелерди чече албай туңгуюкка капталдым дебей туруңуз. Акылгөй адамдан кеңеш алсаңыз эле, баары ордуна келет. Дүйшөмбүдө чечкинсиздик ийгиликтен алыстатарын эске алыңыз. Шаршембиде бир жериңизди күйгүзүп алуу коркунучу бар. Жума күнү ыңгайсыздык жаратса да чала тааныштардан жардам сурайсыз. Жекшембиде күтүүсүз жерден олжолуу болууңуз мүмкүн.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жагымдуу да, жагымсыз да майда сюрприздер күтүүдө. Кымбат буюмдарды сатып алууга, иш-чарага катышууга ыңгайсыз апта. Шашкалактап ката кетирүүңүз мүмкүн. Оңой акча табууга умтулуунун аягы жакшы бүтпөйт. Жума күнү туугандарга алаксып, маанилүү нерседен куру кала көрбөңүз. Жекшембиде табият койнунда эс алуу пайда алып келерин унутпаңыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада унутулган достор жолугуп, унутулган окуяларды эстөөгө мажбурлайт. Баш жана бел оорулары күчөй электе массаж алуу сунушталат. Дүйшөмбүдө жолугушуудан баш тартпаңыз, баалуу маалыматка ээ боло аласыз. Шейшембиде жашооңузга шаң тартуулоочу окуя болуп өтөт. Ишембиде насыя акча алуу маселеси оң жакка чечилет.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада энергиялуу жана сөзмөр болуп, элге көп аралашсаңыз, көп жактан ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүк аласыз. Дүйшөмбүдө акчаны туура бөлүштүрбөөдөн маселе чыгуусу ыктымал. Шейшембиде кечти жагымдуу өткөзүүгө достор кошумча болушат. Жума – жаңы маалыматтарга ээ болуу, жаңы нерсени үйрөнүү күнү. Жекшембиде достук спорттук мелдешке катышууңуз мүмкүн.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада досмун деген бирөөлөр жашыруун түрдө кастык жасашы ыктымал. Ошондой эле чаташкан маселе сиздин пайдаңызга чечилбейт. Шейшембиде үй-бүлө мүчөсүнүн бири убаракерчиликке салат. Бейшембиде буга чейин сизге камкордук кылган адамдын жакшылыгын кайтарасыз. Ишембиде сапарга чыгууда унааны текшертип алуу керек дешет жылдыздар.