2013-жылдын 15-май күнү саат 16:00 чамасында Талас районунун Кум-Арык айылынын түндүк тарабында жайгашкан айдоо талаасынан ымыркайдын сөөгү табылган. Ымыркай көк түстөгү жалаякка оролуп ташталган. Азырынча баланы төрөп, таштап кеткен эне табыла элек. Кылмыштын бетин ачуу максатында иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg