КАН БАЗАР, АРАЛАСАҢ КӨҢҮЛ АЗАР...

Же мен базардан чыккыча кантип Асан кайгыга айландым?

Таң супа салгандан баштап унаачанын да, жөөсүн да өзүнө чакырып, кучагына тарткан жай бар. Ал, албетте, базар. Миң түркүн товар менен миң түркүн адамдын башын кошкон да базар. Бул ирет “Ош” базарына сапар алып, анын абалына, дегеле, базардагы жашоого баам жүгүртмөк болдум. Анын үстүнө, “адамдардын кандай жашап жатканын билгиң келсе, базарга бар” деген кеп бар эмеспи.

Ижара акы орунга жараша

Жалпысынан “Ош” базары деп аталганы менен, “Берекет”, “Кыял”, “Бешсары”, “Ала-Арча” сыяктуу өз-өзүнчө соода комлекстери да кирет. Ошентип, күрүгүү эл менен кошо мен да базарды аралап жөнөдүм. Алгач билгим келгени сатуучулар турган орундардын ижара акысы болду. Сураштырып, ижара акысы отурган ордуна жараша алынарын билдим. Мисалы, базардын сыртында азык-түлүк саткандар отурган ордуна айына 1500 сомдон төлөйт. Берирээк басып, контейнерде азык-түлүк сатып турган жигиттен сурасам, айына 10 миң сомдон жогору төлөй турганын айтты. Кийим-кечек сатып отурган эже 11 миң сом төлөйт экен. Айтор, ижара акы отурган ордуна, саткан товарына жараша да төлөнөт. Ижара акысы кымбат болгондуктан, товарын арабага салып же жерге жайып, сыртта, жолдун боюнда сатып отурган жандар көп.
Май саткан келиндин жанына басып барып, сөзгө тарттым. Аңгыча кардар келип калып, келинден товарларынын баасын сурап кирди. “Асмандын башын айтасыңар да, кичине түшсөңөр боло” деген аялга: “Эмне кылалы, бизге аз эле пайда калат. Отурган ордубузду да актабай жатпайбы”,- деп күйпөлөктөдү келин. Экөө “түш”, “түшпөймгө” өтүштү. Мен буларды таштай жолумду уладым.

Жан бактырам дагы, оорутам дагы...

Базарда “мен сага тийбейм, сен мага тийбе” деген сөздүн бийлиги жүрөрүн сокур адам да баамдачудай. Анткени санитардык талаптардын аткарылбай, “ижара акысын төлөсөң болду, анан мен сага, сен мага тийишмей жок” деген жашоо өкүм сүргөндөй.
Соода кылып отургандардан сураштырсак, бир айда бир жолу, ал эми айна-самын саткан дүң базарда ар аптанын дүйшөмбү күнү санитардык күн болот. Сатуучулардан сураштырып, бирөөндө санитардык китепче бар болсо, бирөөндө жок экенин билдик. Ыңгайлуу жер таап, айран-сүт, ичеги-карын саткандардын санитардык китепчеден таптакыр кабары да жок экени айтпасак да маалым. Санитардык китепче толук талап кылынбагандан соң сатуучулардын кимисинин дени соо да, кимиси учук, кимиси жыныстык жугуштуу оору менен ооруганын ким билет? Бул жаатта өзүңдүн эле көзүң ачык болбосо...
“Ош” базарынын кире беришинде ажаткана бар. Аны туштай эле кафе иштетилет. Анын жанында газдалган суусундук саткан мектеп жашындагы бала чымындарды айдап коюп отурат. Баш чайкап кетип баратсаң, эки столду коё калып корей салатын сатып отурушат. Салаттарынын үстү ачык. Эт кошулган салатты чымын айланчыктап учат. “Чоң кыз, жеп көр, мынчадан” деп шымаланган эжеге карап “эже, салатыңардын үстү ачык го. Канчалаган эл өтүп жатат. Чаң болуп жатпайбы” десем, “таптакыр жаап койсок ким алмак да, ким көрмөк эле? Жыттанып кетпейби. Салатты чаң басса да алышат”,- дейт. Сүрөткө тартайын десем кокуйлашып болушпады.
Эт сатылуучу павильонго кирсең, кой эти, чочко эти, айтор, балыктан бери табасың. Анан сыртка чыксаң балыгы балыктай, тооктун сандары тизилип сатылып, чымын-чиркейди өзүнө ызылдатып чакырат...
Эгер “Ош” базардын тили болсо “мени ушундай күтсөңөр, силердин тиричилигиңерди жүргүзүп жан бактырам, оорутам дагы” деп айтат беле, ким билет?! Анан эмне, кафесине жанаша ажатканасы, пирожкисине жанаша Кытайдын сасыган бут кийимдери, нанына катар айна-самыны сатылып жатса. Иммунитетиң 100 эмес, 1000 пайыз болсо деле мына ушундай жерде сатылган азыкты дайыма жеген адам акырындап ооруй баштаары турган кеп. Анан тишинин кирин соруп чогулткан акчасын бир күндө дарыгер менен дары-дармекке карматып жиберип отуруп калары айныгыс иш.

Аты жакшы распродажалар...

Акыркы эки жылда распродажа деген чыкты. Дүкөндө деле, ачык асман алдында деле распродажа. Ленин райондук сотунун алдынан баштап “Бешсарыны” капталдай, “Кыялды” тегерете, кыскасы, базардын ичи-сырты, тегерек-чети арзан буюм саткандар. Акыркы кезде араба сүйрөгөндөр неге көрүнбөй калды десе, алардын арабасын арзан буюм саткандар ээлеп алышкан тура. Мына дал ошол арабалардан арзан ич кийимдерден баштап жер-жемиштин баарын табасың. Бир жерде эле үймөлөктөшкөнүнөн улам бара калсам, арзан, кооз жасалгалуу бут кийимдер сатылууда. Бирок клейи чыгып араң турат. 100-150 сомдун тегерегинде сатылган бул бут кийимдер 1 айга чыдайбы, чыдабайбы, муну киши билбейт. Буюмдардын баары Кытайдын жыты жагымсыз, арзан буюмдары.
Кыскасы, “ары бассаң араба, бери бассаң араба, албасаң караба” деген жашоо мына ушул жерде. Арабасы жоктор коробканы коюп же кездемени жая салып арзан буюм-тайымдарды сатып отурушат. Таштандыга толуп турган урнанын жанында арабада кийим сатып отурган жигиттен сурадым:
– Эмнеге таштандынын жанында сатып турасың? Башка жерге жылсаң болбойбу?
– Эмне, жугуп калат бекен? Ушул жерге турганыма да шүгүр.
– Ыңгайсыз го. Бул жериңе канча төлөйсүң?
– Төлөбөйм деле.
– Төлөбөсөң, анда кандай болот?
– М-мм. Салыкчылар келатышса арабамды сүйрөп жөнөп калам. Кубалашат, кайра келип сатам.
– Ким кубалайт?
– Тигилер да...
– Кечке эле кача бермек белең?
– Андайда беребиз.
– Канча?
– 100 сом,- деп тартынып жооп берген жигиттен ушинтип сурап, ары карай жөнөп калдым.

Бирок мен ушундай арзан кийимдер адамдарды аллергияга, түрдүү ооруларга кабылтып жатканын ойлоп, “канткенде эл жашоосу оңолуп, сапаттуу кийим кийүүгө өтөт болду экен?” деген ойдон кутула албай бараттым. Мүмкүн бул үчүн дагы 5 же 10 жыл күтүү керектир? Ага чейин ооруй берелиби?..

Сөз соңунда

Ошентип, базардан баарын көрдүм. Бут майлап отурган өспүрүм, кайыр сураган майып-соосун, “сессияга акча болсун” деген студентти, маянасы аздыгынан базарда отурган мугалимди... Баары көр тирилик үчүн жан үрөшүүдө. Бири таразадан алдап акча табуунун камында болсо, бири арзан азык же кийим алуу камында. Башаламан, ызы-чуу, тазалык дегенден дарек жок. Сеп этип алып башы-көзү канжалаган боюнча жерде уктап жаткан бомжу да көп.
Кыскасы, издеге­ниңдин баарын табасың, бирок тазалыкты таппай кайтасың. “Кан базар, араласаң көңүл азар” дегенден башка эч нерсе дей албайсың...

Бурул Исмаилова
Каныкей Айталиева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 349, 10-16-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан