Кыргызда «балалуу үй – базар, баласыз үй – мазар» деген жакшы кеп бар. 3 баласын жетелеп, «жакында «Гиннестин рекорддор китебине» кирип калышыбыз мүмкүн» дешип көздөрүнөн бакыттын учкундары чачыраган ата-эне кеңсебизге кирип келди. Бакытка балкыган ата-эненин кубанычына ортоктош болдук.
«ИШЕНБЕГЕНДЕР КӨП»
Ооба. «3 баласы бар болсо эмне экен?» деген окурмандар да четтен чыгышы ыктымал. Бирок, кызыгы, бул үй-бүлөнүн балдары үчөө тең окшош датада төрөлгөндүгүндө. Балким, бул Жараткандын белеги чыгар. Кубанычы менен балдардын атасы КАНЫБЕК КЕНЖЕБАЕВ төмөнкүчө бөлүштү:
– Келинчегим экөөбүз баш кошконубузга 6 жылдын жүзү болду. Экөөбүз сүйүшүп, сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Ортобузда окшош датада төрөлгөн 3 балабыз бар. Мындайды күткөн эмеспиз, өзүбүз да аябай кубанычтабыз. Алгач улуу кызым Арууке 08.08.08 датасында төрөлдү. Анда анча деле маани берген жокпуз. Кийин экинчи уулум Рамиз 10.10.10 датасында төрөлгөндө абдан кубандык. Бул Жараткандын белеги болсо керек дедик. Анан, чынын айтсам, үчүнчү кызыбыз Алияны да окшош датада төрөлсүн деп жылнаама аркылуу алдын ала даярдандык. Тилегибиз ишке ашып, кызыбыз 12.12.12 датасында жарык дүйнөгө келди. Муну уккан тааныштарымдын көбү «чын эле ушундай болдубу?» дешип таң калышты.
Үчүнчү кызым төрөлгөндө төрөтканада «кантип эле ушундай болсун, күбөлүгүн көрсөткүлөчү улуу балдарыңардын» деп калышты. Айла жок үйгө барып, балдарымдын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрүн алып келип ынандыргам. Жакындарым биз менен кошо кубанып, куттуктап жатышты. Досторум болсо «табышмактуу жылнаамаңды бизге да бер» деп тамашалап калышат. Балдарыбыз окшош датада төрөлгөнү ортодогу сүйүүдөн да болуш керек. Сүйүү болбосо мындай сонун даталарда балдарыбыз төрөлмөк эмес чыгар. Кудайга шүгүр, азыр балдарымдын ден соолугу жакшы. Жумуштан келгенде балдарың алдыңдан чуркап чыгып тосуп алса чарчаганыңды да унутуп калат экенсиң.
Интернет аркылуу «Гиннестин рекорддор китебине» кирүүгө арыз кат жөнөткөнбүз. Ал жактан «азыр карап жатабыз, бир айдан соң жообун беребиз» дешти. Интернеттен карасак, мындай окшош датада төрөлгөн балдар бир гана АКШда бар экен. Алар 08.08.08, 09.09.09 жана 10.10.10 датасында төрөлүптүр.
«ВРАЧ БОЛУП АТАМДЫ ДАРЫЛАЙМ»
Андан соң эртеден бери атасы менен апасы сүйлөп жатканда алмак-салмак таңдана карап отурган улуу кызы АРУУКЕНИ кепке тарттым.
– Чоңойгондо ким болосуң?
– Врач болом. Анан атам ооруса ага укол саям.
Анан ал «Ала-Тоонун ары жагында кыздар ойноп жатышат» деп ырдап берип ыраазы кылды.
«Баланы тарбиялоо – ташты кемиргенге тете» деген сөз бар эмеспи кыргызда. Анын сыңарындай, баланы табуу бир кеп. Ал эми аны жакшы тарбиялоо да өзүнчө бир кеп. Окшош датада төрөлгөн бир туугандар аман-эсен, акылдуу болуп чоңоюшсун. Бар болгула, бал тилдүү балакайлар!
АКШда ДА БАР
3 баласы тең окшош датада төрөлгөн үй-бүлө Кыргызстандан тышкары АКШнын Мичиган штатында гана бар. 2010-жылы 10-октябрда 36 жаштагы Барбара Сопер кыз төрөгөн. Андан сырткары да жолдошу Чад Сопер экөөнүн ортосунда 2008-жылдын 8-августунда (08.08.08) төрөлгөн Хлоя аттуу кызы, 2009-жылдын 9-сентябрында (09.09.09) төрөлгөн Кэмерон аттуу баласы бар. Кызыгы, алар да биздин каармандарга окшоп үчүнчү кызы Кеарраны алдын ала атайын ушул датада төрөө үчүн жылнаама менен пландашкан. Жыйынтыгында «магиялуу даталарда» төрөлгөн балдары аркылуу ата-энеси бат эле бүтүндөй АКШга таанылган.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg