Тамашоу эскертет: ЖАЙКЫ ФЕСТИВАЛЬ – ДЕН СООЛУККА ПАЙДАЛУУ

3-6-июнь күндөрү Ысык-Көлдү өзгөчө күлкү бороону каптады. Анткени бул күндөрү «Тамашоунун» красавчиктери Чолпон-Атада, көл жээгинде жайкы фестивалды өткөрүштү.

Баары план боюнча

Албетте, алгачкы сезондун жыйынтыгы катары каралган жайкы фестиваль алдын-ала даярдалган сценарий боюнча өттү. Ага 13 команда катышып, алардын 11и чогуу бир автобуста Чолпон-Атага Бишкектен сапар тартышты. Эгерде “Нарын тентектери” “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионатына такси менен жетишсе, “Экөө” командасына (Каракол) белгиленген жерге жетүү үчүн катамаран жетиштүүлүк кылыптыр. Автобуста рэп-батл жана түрдүү интервьюлар уюштурулуп, адаттагыдай эле тамашоучулар жол азабын күлкү менен жеңгендей болушту.

Ачылышы

Пансионатка жайгашкандан кийин көл жээгинде ачылыш салтанаты болуп өттү. Фестивалдын катышуучуларынын бир да тамашасы эс алуучуларды кайдыгер калтырбады. Ал эми уюштуруучулар түрдүү конкурстарды уюштуруп, активдүү көрүүчүлөр белектерге ээ болушту. Дал ушул сааттардан баштап “Көлгө тамашоучулар келиптир, эми эс алуубуз шаңдуу болот экен” деген кеп тарады.

Сууда синхрондук сүзүү

Фестиваль экинчи күндүн кечине пландаштырылса да, ал күн спорттук таймаш менен башталды. Адатта перилер таймашчу сууда синхрондук сүзүү боюнча жалаң жигиттерден (Көлдө ансыз да казашкалар көп дештиби, айтор, бир да команда өзү менен кошо кыздарды алып барышпаптыр) түзүлгөн командалар күч сынашты. Пансионаттын дарылоочу бассейнинде өткөн таймашта “2-ротанын” азаматтары алдына эч кимди чыгарышпады.

Фестиваль

Бул күлкү майрамынын башкы окуясы – командалардын ортосундагы жайкы фестиваль. Анда жеңип чыгуу үчүн командалар түнгө чейин даярдык көрүштү. «Тамашоунун» ачылышындагы тамашалар жактыбы, айтор, фестивалды көрүүнү каалагандардын саны үзүлбөдү. Кубандырганы – алардын арасында жаш-карысы жана чет өлкөдөн келген коногуна чейин болгондугу болду. Сахнада боорду эзүү боюнча жеңүүчү деп “Чез” (Чёрт его знает, Ж.Баласагын атындагы КУУ) командасы табылды. Экинчи орунду “Юра доору” (КМЮА) ээлесе, 3-орунду “Ак-Өргө сity” командасы илип кетти.

Футбол

Чынында, мындай фестиваль Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу болуп жатат десек жаңылышпайбыз. Аталган иш-чаралардын артынан командалар эми күчтөрүн футбол талаасында сынап көрүштү. Кызыгы, мелдешке бул күндөрү ал жакта жайкы сбордо жүргөн Барселона (УЕФАнын ЧЛсынын быйылкы чемпиону) да катышты. Испаниялыктар Көлдүн климатына көнө алышпадыбы же тамашоучулардын тамашаларынан боорлору эзилип калдыбы, айтор, Месси жана анын командасы тайпадан ары өтө алган жок. Ал эми чемпиондук наамга ушул майрамды уюштуруп жүргөн, уюштуруучулардан түзүлгөн “Тамашоу” командасы ээ болду.

Жабылышы

Фестивалдын жабылышы да көл жээгинде шаңдуу түрдө өттү. Боорду эзген күлкүлөр эс алуучулардын коштоосундагы түрдүү оюндар менен аяктап жатты. Аягында жаштар ачык асман алдында буттары үзүлгүчө бийлешип, «реально» чер жазышты.

Эстен кеткис фестиваль

Ошентип, бардык нерсенин аягы болгондой 50дөн ашуун юморду алып жүрүүчүлөрдүн Кыргызстандын бермети Ысык-Көлгө болгон сапары аяктады. Жогоруда айтылгандардан тышкары кандай гана курорттук романдар болбоду. Бир сөз менен айтканда сергек жашоону үгүттөгөн фестиваль ишке ашты. Идеяларга бай, энергиялары толуп ташкан тамашоучулар өзүлөрү гана эс алып тим болбостон, эс алуучулардын да маанайларын көтөрүп кайтышты. Буга чейин бири-бирин репетиция менен сахнада гана көрүп жүргөн азаматтар эми бир автобуста чогуу жүрүп, бир үйдө чогуу жашап жана бир идиштен тамак ичишип чыныгы үйбүлөдөй болуп калышты. Фестивалдын башкы максаты да ушунда эмеспи.

Мыкты тамашалар

Албетте, фестивалда “живой” көрүп күлчү тамашалар арбын болду. Тамашаларда учурдун актуалдуу темалары болгон кризис менен шайлоо активдүү чагылдырылды. Анан, албетте, көлдүк тема болуп калган казашкалар тууралуу тамашалар да болбой койгон жок.

Жигит менен кыз коттеджде жалгыз калышат. Кечки саат 22:00. Кыз:
-Жок, мен андай эмесмин.
Кечки саат 24:00
-Мен сага айтпадымбы, мен андай эмесмин.
Таңкы саат 04:00.
-Бирок сен эч кимге айтпа ээ, мени ошондой экен деп... (“Чез”)

Эки достун маегинен:
-Эмне соткаң жеңил болуп калган?
-Юрий Бобковду билесиң да?
-Ии.
-Ошонун ырын “удалить” этип салгам (“KG 77”)

Жарыя: Ак-Өргө конушунда лох калбай калгандыгына байланыштуу срочно лохко жумуш берилет. Айлык акысы 5 “удардан” жогору. Эгерде жакшы иштесе сыйлыктар болот. Эскертүү: башкы талап сөзсүз түрдө лох болушу керек. (“Ак-Өргө city”)

Эр жигитке 70 сантиметр аздык кылат
(“Нарын тентектери”)

Орусча аталыштагы кинолордун кыргызча которулушу:
"Властелин колец" – Шакектер шаасы
"Супермен" – Кылычбек Султанов
"100 девчонок и одна в лифте" – И.Арабаев атындагы жогорку окуу жай
"Унесённые ветром" – Шамал болуп кеткендер
"Голубая лагуна" – Мерген Турган
"Любовь-морковь" – Сүйүү сабизи
"Пираты Карибского моря" – Ысык-Көлдүн “местныйлары” (“Юристтер”)
Чыңгызхандын Ысык-Көлдүн боюна келип айтып жаткан сөзү:
-Эх-хе, казашкалар көбөйүп калган го... (“ББС”)

Базарбек Абдураимов
Бакыт Такиров

tamasha@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 349, 10-16-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан