Бетти ар дайым жууп, кам көрүү сулуулукту камсыздаары анык. Бирок «жууп коюу менен тери тазаланбайт» дешет адистер. Канткенде беттеги безетки менен сезгенген май бездеринен арыла алабыз? Мына ушул жана башка суроолорго жооп алуу максатында төмөндөгү макала даярдалды.
КОШ, ЖАНСЫЗ КЛЕТКАЛАР!
Бетти тазалоо бул – атайын шайман же аппараттын жардамы менен беттин терисин тереңден тазалап, андагы сезгенген безетки менен май шишиктерден арылтуу. Башкача айтканда, тери өлгөн клеткалардан, сезгенген жерлерден арылат. Адатта аны сулуулук салондорунда, атайын клиникаларда тиешелүү адистер жасашат.
Андан тышкары тазалоодо колдонулган каражаттардын натыйжасында кандын айланышы жакшырып, зат алмашуу ылдам жүрө баштайт. Натыйжада май бездеринин иштеши калыбына келет.
ТҮРЛӨРҮ
Мануалдык тазалоо (бармак менен сыгуу)
Бул үчүн бет бууга кармалат. Бирок анын кесепетинен тешикчелер кеңейип, кызыл майда кан тамырлары чоңоюп кетет. Биздин тоолуу климатта кызыл тамырлардын бетте көп болушу адаттагы эле көрүнүш. Андыктан бул ыкманы колдонуудан баш тарткан оң. Мануалдык тазалоодон соң тери сезгенет, кызарат, шишийт, айрым учурларда бүдүрөйүп чыгышы ыктымал. Толук калыбына келүү үчүн 1-2 күн талап кылынат.
Механикалык тазалоо
Уна (адамдын атынан коюлган) кашыгы деп аталган атайын темир таякчанын жардамы менен безеткилер, май бездери чукулуп алынат. Бул учурда тери азыраак сезгенет жана ылдам калыбына келет.
Ультра үн аппаратынын жардамы менен тазалоо
Бул ыкмада айрымдар алдын ала бетти буулап жүрүшөт. Бирок анын ордуна атайын жибитүүчү гелди колдонгон туура. Кыргыздардын терисине эң эле жагымдуусу – ультра үн менен механикалык ыкмаларды аралаштырып колдонуу.
Вакуумдук тазалоо
Чаң соргуч сымал соруп алуучу аппараттын жардамы менен жасалат. Терини тереңден тазалай албайт. Анын үстүнө тери чоюлуп калуу коркунучу бар.
Лазердик тазалоо
Теридеги безетки же май шишик терең жайгашкан болсо, ушул ыкма колдонулат. Өтө кылдаттыкты талап кылат жана жылдын кыш мезгилинде гана жасалышы абзел. Эгер туура эмес жасалса же жасалгандан кийин туура эмес кам көрүлгөн болсо тери күйүп, так калып калышы мүмкүн.
Атравматикалык тазалоо
Беттин териси өтө жука жана назик болгон учурда косметикалык каражаттын жардамы менен тазаланат. Бул учурда тери травмага чалдыкпайт. Ал үчүн гипоаллергендик (аллергия жаратпоочу) кремдер гана колдонулуусу шарт.
Пилинг
Учурда абдан популярдуу болгон бул ыкма да терини тазалоонун бир түрү. Атайын кислота кошулган кремдердин жардамы менен тери жаңыланат. Бул да өтө этияттыкты талап кылган процесс. Пилингден кийин күнгө чыгууга болбойт жана үй шартында жасоого тыюу салынат. Туура жана мыкты деңгээлде жасалган учурда беттеги тактар, майда тырыктар жоголот.
Тазалоонун түрүн туура тандоодо бет теринин тиби эске алынат. Ал эми беттеги маселе териге гана тиешелүү болбостон, ички органдардын (ичеги, боор жана башкалар) оорусунан келип чыкса, анда доктурдун текшерүүсүнөн өтүү сунушталат. Эгер безеткилер ээкке тынымсыз чыга берсе, бул гормондордун бузулушунан кабар берет. Эндокринологдун кеңеши керектелет.
Эскертүү! Экзема, учук, тери жаралары, талма, шал, астма оорусу барларга жана кош бойлуулуктун алгачкы 3 айында бетти тазалатуу сунушталбайт!
ҮЙ ШАРТЫНДА...
Үй шартында беттеги безетки менен май шишиктерди тазалоо сунушталбайт. Бирок ага болбостон «өзүм эле тазалайм» дегендер эң алгач гигиенаны сактоону унутпашы керек.
Эскертүү!
Эч качан этил спиртин колдонбоңуз жана бетти алдын ала буулабаңыз. Тазаланган бетке бир сутка боёк же тоналдык крем сүртүүгө болбойт.
БЕТ ТУНУК БОЛУШУ ҮЧҮН...
Маалымат үчүн Бишкек шаарындагы «Виола» сулуулук салонунун врач-коcметологу Динара Касымалиевага ыраазычылык билдиребиз.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg