Баткен районундагы Самаркандек айылында Кан-и-Гут, фарс тилинен которгондо «Өлүм кени» же «Барса келбес» атка конгон кен бар.Үңкүрдүн узундугун эч бир изилдөөчү тактай албай, бирөөсү 30 чакырым десе, дагы бири 300 чакырым деп келишет. Анда жер астында бир нече кызыл түстүү көлдөрдүн бар экендиги жөнүндө айтылып жүрөт. Бул тууралуу билүү үчүн тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров менен маектештик.
– Абдинаби мырза, Кан-и-Гут үңкүрү тууралуу айтып берсеңиз...
– Айтылуу дарыгер Абу Али ибн Синанын эмгектеринде Борбордук Азиядагы эң сырдуу, легендарлуу Кан-и-Гут үңкүрү чагылдырылган. Адамдар мурдатан эле мындан күмүш, сурьма, цинк, коргошун казып алып турушкан. Канчалаган казына издөөчүлөр бул үңкүргө байлык издеп келишип, түбөлүк ушул жерде калышкан. Айрымдар миңдеген пенделерди зордоп алып келип иштетишкен. Аларды кайра чыгарышпай, өмүрүнүн аягына чейин иштетишкендиктен жана мындан качып чыгууга ачык жол болбогондуктан, ал кен Өлүм кени деп аталган.
– Табышмактуу үңкүрдүн өлбөс жана чечилбес сыры эмнеде деп ойлойсуз?
– Бир жагынан табигый үңкүрдөн мындай баалуу кендин казылышы таң калууну жаратса, экинчи жагынан кол менен жүргүзүлгөн казуу иштери ага шайкеш келип, экөөнү айырмалоо көптөгөн изилдөөчүлөрдүн башын катырган. Жергиликтүү эл үчүн бул кендин сырдуулугу – ага кирген адамдын кайра чыкпагандыгы.
– Эл арасында «үңкүр Кокон хандыгына таандык болгон» деген кептер бар...
– Бул үңкүрдүн мурдагы аталышы Заук-Кур болгон, кийинки Кан-и-Гут деп аталышы Кокон ханы Кудаяр менен байланышкан. 1850-жылы үңкүргө бир канча жумушчу менен кокондук корбашы келип, анын оозундагы түшүнүксүз тилдеги жазууну көргөн. Кийин үңкүрдүн оозу талкаланып, жазуу жок болгон. Бул мезгилдерде Кудаяр хан күнөөлүүлөрдүн жазасын ушул кенде өтүүгө мажбурлаган. Ошондуктан алар өлүмдөн аман калуу үчүн казынадагы укмуштуу байлыктарды легендага айландырып айтып келишкен.
– Учурда кендин ичине кирип чыккан изилдөөчүлөр барбы?
– Түркстан Республикасынын өкмөтү тарабынан экспедиция уюштурулган. Ошондо 20 күндүк ишинин натыйжасында үңкүрдүн башкы кирүү жолунун жана негизги аянттарынын жайгашуу планы тартылган.
Үңкүрдөгү биринчи чуңкурдун тереңдиги 43 метр, узундугу 49 метр экендиги аныкталган. Андан да таң калтырганы, экинчи чуңкурдун чыгыш жагындагы жол өтө татаал, көп фигуралуу коридорлор үңкүрлөр аркылуу жүрүп отуруп, негизги үңкүрдөн түштүк-батышка карай 600 метрден кийин сыртка алып чыгары аныкталган. Башкача айтканда, үңкүрдүн сыртка чыгуу жолу ачылган. Инженер Белов тарабынан түшүрүлгөн бул план үңкүрдүн жер астындагы системдик жайгашуусун так чагылдырган жалгыз план болуп саналат.
Кан-и-Гут өзгөчө табигый-тарыхый феномен экенине мен ал жерге барып күбө болдум. Бул объектти комплекстүү изилдөө, кенди жандандыруу боюнча мамлекеттик деңгээлде маселе көтөрүү жана аталган табигый-тарыхый комплексти эл аралык туризмдин базасына айландыруу керек. Жергиликтүү элдин айтымы боюнча, бул жерге 2009-жылдан бери туристтердин агымы токтогон. Учурда үңкүр мамлекет тарабынан эч кандай кароого алынган эмес.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg