СУПЕРКАР ЖЕ ӨЛҮМГӨ ЖЕТЕЛЕГЕН ЫЛДАМДЫК

Суперкар (англисчеден которгондо – суперавтоунаа) – спорттук автоунаалардын эң мыктысы. Суперкарлар жөнөкөй автоунаалардан өзгөчө жабдуулары, кыймылдаткычынын кубаттуулугу жана баасынын кымбаттыгы менен айырмаланат. Кыймылдаткычынын кубаттуулугу жүздөгөн аттын күчү менен барабар жана максималдык ылдамдыгы саатына 300 чакырымдан жогору болот. Ошондой эле массалык түрдө чыгарылбайт. Кайталангыс өзгөчөлүккө ээ бул унаалардын ар бир үлгүсүнүн саны жүзгө жетпеген даанадан гана чыгарылат.

АРТКА КЫЛЧАЙСАК
«Суперкар» термини өткөн кылымдын 20-жылдарында пайда болгон. Бирок 60-80-жылдарда базарда жөнөкөй жана спорттук автоунаалардын көбөйүшү терминдин кеңири тарашына жол ачкан. 80-90-жылдар аралыгында спорттук автоунаалар базарына ылдамдыгы саатына 320-330 чакырымды түзгөн суперкарларды «Porsche», «Jaguar», «Ferrari» жана «Lamborghini» компаниялары киргизген. Коомчулукта бул автоунааларга суроо-талап көбөйө баштагандыктан, 2000-жылдан тарта эң жогорку ылдамдыктагы автоунааларды чыгарууга белсенген жаңы фирмалар түзүлгөн. Анткени мындай кымбат баалуу мүлктөр ээсинин статусун көрсөтөт эмеспи.

ШАЙТАН АЗГЫРГАН ЫЛДАМДЫК
Суперкарга отурган айдоочунун каны кайнап турары бышык. Себеби ар бир экинчи айдоочу ылдамдыкты сүйөт. Анын үстүнө ылдамдыгы жогору автоунаада баратса, катарлаш бараткан айдоочулар «мен болгондо газды түбүнө чейин басат элем» дегендей көз караш менен карап өтүшөрү айтпаса да белгилүү. Ооба, чындыгында, адам баласы адреналинди жактырат. Бирок мунун арты өлүм менен аяктап калган учурлар жок эмес. Суперкарлар коопсуздук жагынан канчалык мыкты жабдыктар менен жабдылса да, адам өмүрүн алып кеткен учурлар бар.
Төмөнкү сүрөттө саатына 315 чакырым ылдамдыкта келатып кырсыкка учураган Ferrari Enzo суперкары.

ДҮЙНӨЛҮК РЕКОРД
Дүйнөлүк рекордду Bugatti Veyron Super Sport суперкары койгон. Ал 2010-жылы 4-июль күнү саатына 431 чакырым ылдамдыкты багынткан. Азырынча бул рекордду жаңылаганга бир да машина жетише элек.

ДУБАЙ ПОЛИЦИЯСЫ СУПЕРКАРЛАРДЫ АЙДАШАТ
2013-жылы Дубай полициясынын кызматтык унаалары Bugatti Veyron Super Sport үлгүсүндөгү суперкар менен толукталды. Дубай полициясы буга чейин Aston Martin One-77, Mercedes-Benz SLS AMG, Bentley Continental GT, Chevrolet Camaro, Lamborghini Aventador жана Ferrari FF үлгүсүндөгү суперкарларды сатып алган.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
zzz---zzz
2013-05-27 21:33:50
Кудай кааласа качан биз бул машинелерди айдап калабыз???
0
asemus
2013-05-27 22:46:30
мындай машиналарды биздин жолдорубузда айдасак бир жумада бузулат го.
+2
kuba1985
2013-06-01 21:02:38
asemus, жигули тутпойт булар кайдан
0
Shekerbek
2013-05-28 09:32:41
мындай машиналарга биздин жолдор жалко
+2
Kg.lady
2013-05-28 13:52:26
Ой,мында машина менен тоолорубузда учуп журобузбу не))))
+2
Nasyrkg
2013-05-30 19:07:02
Кыкендер алигиден соккондо жигулини феррари кылып жатабыз эгер бугатти тепсек 2ботолко ичкенде тируулой эле тиги дуйного кирип барабыз го.
+1
Nurbek88
2013-05-31 10:01:54
воооооооооо бул менин мечтамдагы машынаклар
+2
saikal.97
2013-07-15 04:29:06
Kudai buiursa bizge dele keletko...
0
№ 551, 24-май-30-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан